Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

Социал-демократтар: Элге барабыз


Парламенттик шайлоо алдында тартылган сүрөт, Ош, 11-октябрь, 2010-жыл
Парламенттик шайлоо алдында тартылган сүрөт, Ош, 11-октябрь, 2010-жыл

Социал-демократтар партиясы аймактарда ишин күчөтөт. Бул тууралуу 8-ноябрда Бишкекте аталган партиянын 13-курултайында айтылды.

Ага делегаттардан сырткары Орусия, Казакстан, Кытай жана Түркиядагы башкаруучу партиянын өкүлдөрү катышты.

Учурда бийликте турган бул партияга быйыл 20 жыл толду. Оппозициялык күчтөр Социал-демократтарды бийликтин бир колго топтолушуна жардамдашып жатат деп айыптап келет.

Курултайда Социал-демократтар саясий атаандаштарына бир катар айыптар боюнча жооп кайтарды. Партиянын төрага орун басары, Жогорку Кеңештеги фракция лидери Чыныбай Турсунбеков бийликтин бир колго топтолушу жөнүндө дооматтарды жокко чыгарды:

- Бизди кимдерге гана салыштырбай жатат. “Бийликти Атамбаев менен КСДП узурпациялап алды, Бакиевдерден айырмаланбай калды, “Ак жол” болуп калды” деген айыптар бардык жерде жаңырып атат. Биз бийликтин эмес, президенттин партиясыбыз. Бийликтин партиясы болуш үчүн дагы көп иштеп, аракет кылыш керек. Парламентте эч кандай узурпация жок. Өкмөткө келсек, ал жерде деле узурпация жок, эгер биз бийликти бир колго топтоп ала турган болсок, ал жерде жалаң биздин өкүлдөр отурмак. Азыр өкмөттө коалицияга кирбеген партиялардын да өкүлдөрү бар.

8-декабрь, 2011-жыл
8-декабрь, 2011-жыл
Турсунбеков партия жоопкерчилигин алган тармактарда жылыш бар деп айтты. Мисалы, бажыдан түшкөн киреше бир канча эсеге өскөнүн, тышкы саясат үзүрүн берип жатканын белгиледи. "Ага ылайык, миллиарддаган доллар инвестиция келип жатат, Орусия менен Түркия карызынан кечти, стратегиялык объекттер курула баштады", - дейт Турсунбеков. Ал алдыдагы милдет катары жер-жерлерде партиянын ишин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Антсе да “Азаттык” сөзгө тарткан партиянын айрым мүчөлөрү бийликтеги кемчиликтерге да токтолуп жатты. Эсенбек Сатылганов – Социал-демократтар партиясынын Ысык-Көлдөгү мүчөсү. Анын баамында, коалициялык өкмөттө кадр саясатында калпыстыктар бар:

- Партияга эмес, ишине, жөндөмүнө карап алса жакшы болот эле. Азыр эми ар ким ар кайсы жакка тартып жатпайбы. Мамлекет башына жөндөмдүү, иш билги адамдар келсе жакшы болмок. Жаштарды тартышыбыз керек. Азыр акыл-эстүү жаштар толуп жатат.

Ат-Башыдан келген Кубанычбек Айдаралиев реформа тууралуу сөз кылды:

- Реформа жакшы жүрбөй жатат. Энергетика, билим берүү, кыскасы бардык эле тармакта жакшы жылыш болбой жатат. Ушундан улам эл арасында көп нааразылык болуп, бийлик башында КСДП турат деп биздин дарекке көп сөз айтылып жатат. Реформанын жүрбөй жатканы бийликтин эле күнөөсү. Реформа жасай албай жатат, кээде оппозиция бут тосуп жатат.

Оштон келген социал-демократчы Рысбек Юсупов аталган партияны каралоо көбөйгөнүнө токтолду:

- Башка партиялар бизди көп жамандап атат. Президенттин, биздин партиянын аткарган иштерин оппозиция көрө албайт. Ушул тушта түштүктө биздин партияны жаманатты кылып жатышат.

Социал-демократтардын курултайына коалициялык көпчүлүккө кирген партиянын лидерлери катышты. Алардын бири, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өлкөнүн саясий тарыхында социал-демократтардын ордун белгиледи:

- Социалдык адилеттүүлүк, теңчилик, эркиндик идеаларын туу туткан партия. Социал-демократтар башка бизге окшогон партиялар менен бирге ушул идеялар үчүн үй-бүлөлүк диктатура менен күрөшүп келди. Көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү.

Социал-демократтар партиясынын 13-курултайына Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан башкаруучу партия өкүлдөрү катышып, куттуктады. Бул курултай партиянын 20 жылдык мааракесине туш болду.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийинки эки президент - Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев аталган партиядан чыккан. Роза Отунбаеванын Саясаттагы негизги жетишкендиктери катары бийликти тынч, шайлоо жолу менен өткөрүп берүү салтынын калыптануусуна кошкон салымын белгилешет.

XS
SM
MD
LG