Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Карабеков: Тартип болбосо, кайдагы реформа?


Ички иштер министри Шамил Атахановдун кызматтан алынышы жана жаңы министрдин дайындалышына байланыштуу мурдагы депутат жана эксперт Кабай Карабеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Ички иштер министрлигинде жетекчи алмашып, Шамил Атахановдун ордуна Абдылда Суранчиев дайындалды. Бул кадрдык алмашууну кандай баалап жатасыз?

Кабай Карабеков: Бул жерде эч кандай саясий оюн жок деп ойлойм. ИИМге көп жылдан бери ушул системада иштеген генерал-майор, кесипкөй адам келди.

Кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн кабыл алды. Анда коопсуздук, тартип коргоо жагын көзөмөлгө алган дагы бир вице-премьер-министрдин орду бар. Менимче ошол орунга Шамил Атаханов барат. Бул жерде болгону кадрларды жылдыруу гана болуп жатат. Болгону Атаханов саясий жактан көбүрөөк иштеп жатат, ал эми ИИМге кесипкөй келди.

“Азаттык”: Буга чейин да "Атаханов кызматтан кетиптир, кетет экен" деген имиштер айтылып кеткен эле. ИИМдин ичинде интригалар болуп атат деген да маалыматтар айтылган. Атахановдун кызматтан кетишине ушундай интригалар себеп болушу мүмкүнбү?

Кабай Карабеков: Менимче бул жерде эч кандай интрига деле жок. Болгону Атаханов кызматынан жогорулады.

“Азаттык”: Атаханов жарандык кадр болгону үчүн гана министрликке, ушул командага батпай калды деген пикирлерге кошуласызбы?

Кабай Карабеков: Жок, кошулбайм. Жөн гана өкмөт белгилеген реформалардын шарттары деп ойлойм. ИИМде да реформа болот деп атпайбы.

Жарандык коомдон бирөө келип, бир системаны өнүктүрөт деген эреже эмес да. Мисалы, Финляндияда ал тургай аял киши армияны башкарып атат. Дагы башка айрым өлкөлөрдө ушундай мисалдар бар.

Бизге ИИМге да, УКМКга да профессионалдар керек. Бирок бизде жарандык коомдон келип эле эртең реформа жасап жиберет деген туура эмес. Азыр андайга даяр эмеспиз. Жарандык коомдон келген киши бул системаны оңдой албайт, реформага да чакыра албайт. Азыр жарандык коомдун өзүн реформалаш керек.

“Азаттык”: Атаханов да алгач бул кызматка келгенде кескин реформаларды жасаарын, министрлик өзүнчө чакан мамлекетке айланып калды дегендей пикирин билдирип, системаны оңдой турганын билдирген эле. Кызматтан кетишине ушул себеп болгон жокпу?

Кабай Карабеков: ИИМде реформа эмес, тартипти сакташ керек. ИИМдин ичинде иштегендерди тартипке чакырыш керек. Ичинде тартип болбосо, кантип реформа жасамак эле? Ишти ошондон башташ керек.

“Азаттык”: Атаханов тартипти орното алган жокпу?

Кабай Карабекеков: Бул кызматка Атаханов өтө эле интеллигенттүү.

“Азаттык”: Эми министрликке Суранчиев келди. Буга чейинки айтылган реформалар ишке ашат деп ойлойсузбу?

Кабай Карабеков: Коррупцияны жоготпосо, эч кандай реформа ишке ашпайт, Кыргызстан да өнүкпөйт. Азыр расмий түрдө өкмөттү премьер-министр башкарганы менен, айрым стратегиялык чечимдерди башка чиновниктер кабыл алып атат.
XS
SM
MD
LG