Өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында былтыр бул программанын негизинде берилген акчанын 70 пайызы гана өздөштүрүлгөнү маалым болду.
Кыргызстанда кийинки убакта өкмөттөгү кадр саясаты тууралуу дооматтар көбөйдү.
Өкмөттүн 22-февралдагы кеңешмесинин чечими менен экономика министри Артем Новиковго, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге, айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге катуу сөгүш берилди.
Акаев: Бизде ишкерди иштетишпейт
Акаев: Бизде ишкерди иштетишпейт
Каржы министри Адылбек Касмалиев болсо эскертүү алды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу жагына жооп берген төраганын орун басарын жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.
Өкмөт башчы Сапар Исаков эгерде аты аталган аткаминерлер мамлекеттик инвестиция тартууну оң жолго койбосо кызматтан алынарын эскертти:
- Мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында биздин донорлор тигил же бул долбоорлорду ишке ашырууга акча-тыйын берет. Айрым министрликтер ошол акчаны жакшы өздөштүрө албай жатышат. Ачыгын айтканда, колунан келбей жатат. Анын себептери ар кандай. Кээ бирлери "кете берет" деп колун шилтеп койгон. Кээ бирлери муну кантип ишке ашыруу керектигин билбейт. Айрымдары "мамлекеттин ичиндеги жол-жоболор" деп парламентте жүдөп жарым жыл, бир жыл, ал түгүл кээде эки жыл жүрөт. Эгер бул долбоорлордун баарын ишке ашырганда ИДӨгө жакшы таасир этмек, үч-төрт пайыз кошумча болмок. Өзүбүзгө өзүбүз душман болуп жатабыз.
Өкмөттүн маалыматына караганда былтыр мамлекеттик инвестициялар программасынын жалпы бюджети 40 миллиардга жакын сом болгон жана анын 27,8 миллиарды бөлүнүп берилген, анда 80ден ашык долбоор ишке ашырылган. Бирок берилген пландын 71 гана пайызы аткарылган, тактап айтканда, 11 миллиард сомдон ашык акча пайдаланылбай калган.
Буга чейин ишин эптей албай жаткан министрлер тууралуу Жогорку Кеңештин соңку жыйынында сөз болгон. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Айыл чарба министрлиги инвестициялар боюнча мамлекеттик программаны аткара албай калганын айтып чыккан:
- Мен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн 2017-2020-жылдарга белгиленген программасын карап чыктым. Чынын айтайын, программанын өзүнүн маңызын таба алган жокмун. Ага 9 миллиард сом керек экен. Ошол каражат табылабы? Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлиги 2017-жылы 2 миллиард сомдук мамлекеттик инвестицияны өздөштүрө алган эмес. Ушундан улам, Айыл чарба министрлиги программаны аткарууга жетишеби? Эгер ал ошол эки миллиард сомду өздөштүрө албаса, анда программанын өзү эмне болот?
Өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында мамлекеттик инвестициялар программмасы боюнча тапшырманы мыкты аткарган министрликтер да белигилүү болду. Маселен, Чукул кырдаалдар министрлиги планды 170 пайызга аткарганы маалымдалды. Ушул жерден чукул кырдаалдар министр Кубатбек Боронов бул кызматта 2011-жылдан бери иштеп келе жатканын, өкмөттүн эң тажрыйбалуу мүчөсү экенин белгилей кетели.
Өткөн айда премьер-министр Сапар Исаков Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбооруна жооптуу аткаминерлерге сөгүш берген, өкмөт аппаратынын айрым кызматкерлери иштен алынган. Анткени жыл жаңырар алдында Жогорку Кеңеш Бажы кодекси жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча президенттин каршы пикирин чукул караганга аргасыз болгон. Анда мыйзамдын күчүнө кире турган датасы туура эмес жазылып калганы ачыкка чыккан.
Ал арада иштей албай жаткан министрлерге, өкмөт өкүлдөрүнө сөгүш берилиши талкуу жаратты. Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, мындай чаралар майнапсыз:
- Сөгүш эч кандай натыйжа бербейт. Сөгүш өкмөттүн алсыздыгын эле көрсөтөт. Бул министрлердин баары жаңы, алардын баарын Сапар Исаков өзү алып келди. Ошондуктан бир команда болуп иштеп жаткандан кийин сөгүш берип, "инвестиция болбой жатат" дегенин алсыздык деп эле ойлойм. Акчаны алгандан мурун аны иштеткенди да билиш керек. Акчаны жөн эле корото бергенден пайда чыкпайт. Бул жерде стратегиялык ой жүгүртүү жок болуп жатат. Инвесторлорду чакырып, "Таза коом", ал-бул деген стратегияларды көргөзгөнү менен эгер абал оңолбосо майнап чыкпайт.
Сапар Исаков башында турган өкмөттүн азыркы курамы былтыр август айында шайланган. Ошондон бери анын кээ бир мүчөлөрү кыска убакыт аралыгында бир канча кызмат ордун алмаштырганга үлгүргөн. Кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаев кыргыз өкмөтүндө кадр саясаты аксап жатат деген ойдо:
- Жоопкерчилик акырындык менен жоголуп бараткандай сезилет. Айрыкча партиялык система кирип, шайлоо болгондон кийин жогорку мамлекеттик кызматтан баштап райондук деңгээлге чейин партиялык квоталар менен бөлүп алгандын айынан кадр системасын кыйратып салган деңгээлге жеткендей туюлат. Татыктуусу, татыксызы деле "шайлоого катышканбыз, кызмат кылып бергенбиз" деп, өз деңгээлин билбей эле министрлик кызматка чейин жетпедиби. Мамлекеттик кызматтагы ар кандай тепкичтерди басып өтпөй эле бакыйган чоң бир министрликтин башына келип калат. Кантип иштейт, элдин тагдырын кантип чечет? Анын артында канчалаган түйшүк жатат. Ушул жагынан алып караганда кадр маселеси өтө оор, жоопкерчиликтүү экенин билүү керек.
Конституциянын былтыр жыл аягында күчүнө кирген беренеси боюнча өкмөт башчынын кадр саясатын жүргүзүү укугу кеңейген. Эгер премьер-министрдин кайсы бир өкмөт мүчөсүн кызматтан алуу тууралуу өтүнүчүн президент беш күн ичинде карабаса, анда премьер-министр Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин тиешелүү өкмөт мүчөсүн өз чечими менен кызматтан алат.