"Арай көз чарай" талкуусуна Мамлекеттик кадрлар кызматынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана эксперт Азамат Акелеев катышты.
“Азаттык”: Нурханбек мырза, өлкөнү өнүктүрүү үчүн кадрлардын деңгээлин көтөрүү зарылчылыгын айтып чыктыңыз. Мамлекеттик кызматкерлердин деңгээлин көтөрүү үчүн кандай кадамдар зарыл?
Момуналиев: Азыркы убакта мамлекеттик кызматкерлердин дарегине көп сөздөр айтылып жатат. Оң баалар да, терс баалар да берилүүдө. Мен өзүм көп жылдардан бери мамлекеттик кызматта иштеп келатам, менин кесиптештеримдин арасында мекенчил, элге кызмат кылууну көздөгөндөрү да жок эмес.
Бүгүнкү күнү кызматкерлердин билим деңгээли, кесипкөйлүгү жогору болгону менен элге мамиле кылууну билбейт деген сын пикирлер арбын. Ошондуктан кызматкерлерди эл менен иштешүүгө үйрөтүү зарылчылыгы бар. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койбой иштешин талап кылыш керек.
Акелеев: Менимче бүгүнкү күндө 20 жылдан бери калыптанып калган система көп деле өзгөргөн жок. Мисалы, жакында эле райондук милициянын башчысы унаасы менен кишини коюп кеткен, бирок кийин аны өзүнүн кесиптештери бошотуп алышты. Системанын өзөгү өзгөргөн жок, президент менен премьер-министрдин буйруктары ортодогу аткаминерлер аркылуу ишке ашырылбай жатат. Мамлекеттик кызматтын даражасын көтөрүү үчүн саясий эрк керек, алардын айлык акыларын көбөйтүү зарыл.
“Азаттык”: Мамлекеттик кызматка орношуу үчүн мыкты билимден башка дагы эмне талап кылынат? Өң-тааныштык, жердешчилик же белек-бечкек...
Момуналиев: Менимче, Кыргызстанда курулуп жаткан системалардын баарынын эле ой-максаты ак, бирок аткарылышы ойдогудай болбой жатат.
Биз кадр тарбиялоо жагында өтө кылдаттык менен мамиле жасабасак, ар бир кадрды эң төмөнкү кызматтан тартып тарбиялап отуруп, чоң кызматка жеткирүү маселеси да көйгөйлүү болуп калды.
Акелеев: Сырт жактан мамлекеттик кызматка келип иштеп жаткандар тууралуу бир жактуу баа берип, сындоо туура эмес. Сырттан келип деле өз билгенин тармактын өнүгүшүнө сарптап, өзү иштеген тармакты көтөрүүгө жетишкендер бар. Ошентсе да аларды иштете койбой, күнөө тагып, үстүнөн иш козголуп жаткандары да бар. Ошол эле учурда көптөгөн жылдардан бери тармакта жеп-ичип келгендер кылы кыйшайбай эле иштеп жүрүшөт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: