Жогорку Сот 5-ноябрда “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесиндеги Саматовго мандат бербөө тууралуу БШК чечимин жокко чыгарды. Андан мурдараак аталган партиянын Саматов баштаган онго жакын талапкерлери тизмеден чыгарылганына байланыштуу сотко кайрылып, утуп алган болчу.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматовду так мандат алар алдында тизмеден чыгарып салган. Анда талапкер орус жарандыгын алганы аныкталды деген жүйө келтирген. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын билдиришинче, жогорку инстанция Саматовдун БШК чечимине каршы арызын канааттандырды:
- БШКнын 29-октябрдагы токтому тууралуу Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарышты. Райондук сот ал Орусиянын жараны деп тизмеден чыгарган. Ошол чечимди 5-ноябрда Жогорку Соттун коллегиясы карап ал чечимди жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алышты. Ага ылайык, Жыргалбек Саматовдун көзөмөл арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Эми кайра эле тизмеге кирет.
Борбордук шайлоо комиссия Саматовго байланыштуу качан жыйын өткөрөрү азырынча белгисиз. Боршайкомдун мүчөсү БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров сот чечимине байланыштуу төмөнкүчө түшүндүрмө берди:
- Бул Жыргалбек Саматовдун маселесин Борбордук шайлоо комиссиясы кайра карайт деген сөз. Жогорку Сот өз токтомунун толук текстин бергенден кийин карайбыз.
Жыргалбек Саматов “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинде 17-орунда турган. Шайлоодо аталган партияда 28 орун тийген. Ушул тушта Жыргалбек Саматов мандат алам деген ниетте турат. Саматов анын депутат болуп келишине эң ириде “Республика Ата-Журттун” лидерлеринин арасында каршы болгондор бар экенин кыйытты:
- Биринчи мыйзамсыз тизмеден чыгарып салышкан. Соттошуп жатып тизмеге кайра киргизген. Киргизгенден кийин 6-чакырылыштагы депутаттан мандатын берген жок. Анан сотко кайрылып, мыйзамдуулукту орнотуп, сот менин пайдама чечип берди. Эми БШК качан жыйынга чогулуп, мени качан чакырарын билбейм. Өзүңөр деле көрүп атасыңар го, туруп-туруп эле оюндар болуп кетип жатат. Көп нерселер өйдө жактан болуп жатат. Кечээ сот отурумунда да айтылды.
Жыргалбек Саматовго байланыштуу “Республика Ата-Журт” партиясынын жетекчилеринин пикирин билүү мүмкүн болгон жок. Партиянын юристи Назгүл Сатаркулова да чоңдору жооп берерин айтуу менен чектелди:
- Жетекчилердин ою жок эч нерсе айта албайм. Юрист катары өзүмдүн пикирим бар, бирок азыр унчукпай эле турайын. Жетекчилер чечкенден кийин гана айтылат. Негизи мыйзам боюнча БШК чечет. Мандат берилиши керек дегенге партиянын көз карашын айта албайм. Алгач макулдашуубуз керек. Эгер сот буга чейинки чечимдердин баарын жокко чыгарып жаткандан кийин демек, баары баштапкы абалга келиши керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев Саматовдун жарандыгына, анын тизмеден чыгарууга байланыштуу айрым жагдайларга токтолду:
- Саматовдун жарандыгы боюнча маселе 2010-жылы деле көтөрүлгөн. Биз кеткенден кийин материалдар БШКда калган. Ошондон бери бул маселе бир ыктай болуп эбак чечилиши керек эле. Айтпай келип, анан так мандат берилер күнү тизмеден чыгаруу оюн болуп калды окшойт. Мен БШК жүйө, негизи кылып чечим чыгарган кагаздарды деле интернеттен көргөм. Эми ал чынында түшүнүксүз документ. Кимге, кандайча жазылганы, ким алып келгени белгисиз кагаз болчу. Саматовдун аты да туура эмес жазылып жүргөн. Ошол шектүү кагаздын негизинде чечим кабыл алуунун өзү мыйзамсыз.
Парламенттик шайлоодо “Республика Ата-Журт” партиясы тизмесиндеги талапкерлерди эгер жетиштүү добуш албай калса, мандатын тапшыруу тууралуу кудайды, баласын айтып ант бердиртишкен болчу. Шайлоодон кийин мандатын тапшырбай чырдагандардын дээрлик баары ушул партиянын өкүлдөрү болду.