Буга байланыштуу бир катар партиялар тизмеде өзгөртүүлөрдү киргизе баштаганы маалым болду. Борбордук шайлоо комиссиясы кылмыш иши козголгон жана издөөдө жүргөн адамдар талапкер катары катталууга мыйзам уруксат берерин ырастап, учурда дагы деле болсо талапкерлерди текшерүү процесси жүрүп жатканын кабарлады.
Шайлоого катышып жаткан 14 партиянын тизмесин БШК тыкыр текшерүүгө алып жатканы, ага ИИМ жана Каттоо кызматы көмөктөшөрү маалым болду. Талапкерлердин кош жарандуулугу бар-жогун, биометрикалык маалыматын тапшырганын Каттоо кызматы текшерсе, ИИМ талапкерлердин уюшма кылмыштуу топтун мүчөлүгүнө тиешесин жана кылмыш иши козголгондугун аныктап бермекчи.
Ушул тапта ИИМ шайлоого барчу партиялардын тизмесиндеги бардык талапкерди текшерип бүттү. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бардыгы болуп 2210 талапкер текшерүүгө алынды. Алардын ичинен 234 адамга мурда-кийин кылмыш иши козголгону аныкталды.
- Биздин башкы башкармалыкта маалымат борбору бар. Биз бардык талапкерди текшерип, БШКга жөнөттүк. 2210 талапкердин өздүк тарыхын иликтей келгенде, бардыгы болуп 234 адамга мурда-кийин ар кандай иш боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды. Анын ичинде 53 адамга сот эч кандай чечим кабыл албаптыр. Буга кошумча үч адамга издөө жарыяланган экен.
Курсан Асанов кошумчалагандай, талапкерлердин арасында 15 адамга каршы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бул арада бир катар партиялар тизмесинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө киришти. Алардын ичинде “Кыргызстан элдеринин конгресси”, “Бир Бол” жана "Ар-намыс”, “Ата Мекен”, “Замандаш” партиялары бар.
БШК партиялардын акыркы тизмеси 3-сентябрда жарыяланарын ырастады. Боршайкомдун мүчөсү Канатбек Азиздин белгилөөсүндө, кылмыш иши козголгон же издөөдө жүргөндөрдү шайлоого талапкер катары катыштырууга мыйзам жол берет.
- Талапкерге кылмыш иши козголгон болсо дагы, издөөдө жүрсө дагы шайлоого катыша алат. Мыйзам аларды саясий оюндардан коргоо үчүн ушундай жазылган. Көпчүлүк партиялар азыр тизмесинен талапкерлерди дагы чакыртып жатат, ага дагы мыйзам жол берет, кеткен талапкердин ордуна үстүңкү тизмедегиси келе берет.
Талапкерлердин айрымдарына кылмыш ишинин козголгонуна коопсуздук боюнча эксперт Марат Иманкулов түз көз карашта. Анын белгилөөсүндө, кылмыш иши ар кандай беренеде болушу мүмкүн жана көпчүлүк талапкерлер акталып чыгышкан. Кээ бир кылмыш иши саясий чечим менен маалында козголуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбоо керектигин белгилеген Иманкулов кандай болгон күндө кылмыш иши козголгон талапкерлерди партия лидерлери тизмеге алуудан алысыраак болушу керек болчу, - деген пикирде.
- Кылмыш ишинин ар кандай түрү бар да. Атайын же кокустан жасалган кылмыш иштер да болот. Арасында көпчүлүгү акталып, кылмыш иши кыскарып кеткендер да бар. Бул жерден көп деле коркунуч жок. Ошентсе да мурда кылмыш иши козголгон талапкерлер партияга абийир алып келбейт. Лидерлер көпчүлүк талапкерлердин тарыхын караган деле жок, эми билип атышат.
БШК маалыматына караганда тизме тапшырылгандан баштап жалпысынан 61 адам тизмеден чыккан. Партиялар 3-сентябрга чейин тизмедеги каалаган талапкерлерди чакыртып алууга убактысы бар.
Буга чейин КСДП Дилмурат Акпаралиевди, “Ата Мекен” Эстуйбасов болуп фамилиясын өзгөрткөн Калыбек Саляновду тизмеден чыгарган. Дилмурат Акпаралиев кримчөйрөдө “Дики” деген каймана ат менен белгилүү экенин,“зордуктоо” жана “карактоо” боюнча айыпталганы маалымдалган. Ал эми Калыбек Салянов былтыр жазында табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаевага байланыштуу кылмыш иште көрсөтмө бергендердин арасында болчу.