Анда каттоосу жок жарандардын добуш берүүсүн камсыздоо деген негизде ачылган кошумча шайлоо участоктору добуш берүүчүлөрдүн “желимдей” чоюлган катарына айланып кетпейби деген тобокелчилик бар. Муну саясат талдоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоонун жана анын кесепетинен чыр-чатактын чыгуусуна түрткү берүүчү жагдай катары мүнөздөшүүдө.
Каттоосу жоктордун "кадыры" артканда
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларында 39 кошумча шайлоо участокторун ачты. Бул кошумча шайлоо участоктору аталган шаарларда убактылуу жашаган, бирок, каттоосу башка аймактардагы жарандардын добуш берүүсүн камсыздоо чарасы деген негизде түзүлүүдө. БШКнын маалыматы боюнча бул эки шаардагы ички мигранттардын саны эки жүз миңдин айланасында болушу мүмкүн. Алар шайлоого он беш күн калганга чейин жаңы конуштарда ачылган участкаларга барып, тизмеге кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева анын шарттары менен мындайча тааныштырды:
- Каттоосу жок ички мигранттардын шайлоого катышуусун камсыздоо үчүн ачылган кошумча шайлоо участокторуна алардын тизмесин киргизебиз. Бирок алар биометрикасын тапшырбаса, тизмеге кире алышпайт. Каттоосу жок жарандар мына ошол кошумча шайлоо участкасындагы тизмеге кирүү үчүн шайлоо дареги боюнча "Форма-2" тастыктамасы менен келет. Бирок анын аты-жөнү эки жактын тизмесинде тең болбойт. Кошумча участокко кирери менен негизги тизмеден чыгат.
Бирок шайлоо күнүнө бир айга чукул убакыт калганда чыгарылган бул чечим коомчулук өкүлдөрүндө күмөн саноону жаратууда. Анткени алар шайлоо мыйзамынын талабынан сырткары чыгарылган бул чечим добуш берүү күнү чыр-чатактардын чыгуусуна өбөлгө түзөт деп кооптонуп жатышкан чагы.
Желимдей чоюлган тизмелер каяктан чыгат?
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев кошумча ачылган шайлоо участокторундагы шайлоочулардын тизмеси “желимдей” чоюлуп кетиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:
- Негизи кошумча шайлоо участкасын түзүүгө шайлоо комиссиясынын укугу жок. Мыйзамда андай нерсе көрсөтүлгөн эмес. Мыйзамда шайлоо комиссиялары туруктуу негизде эки жылдык мөөнөткө түзүлөт деп турат. Ошол себептен кошумча шайлоо учаскалары жана участкалык шайлоо комиссиялары дегени мыйзамсыз. Ошол себептен бул жерде чоң чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Анткени мына ошол кошумча шайлоо участкаларында 2-3 миң шайлоочуну кабыл алууга мүмкүн болсо, анын саны 20-30 миңге чейин чыгып, шайлоо тизмеси “резинадай” чоюлуп кетиши мүмкүн. Анткени шайлоочуну башка жерден добуш бер деп эч кимибиз айта албайбыз.
Партиялар кооптонууда
Мындай жагдай добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого шарт түзүп, шайлоо жараянына катышкан тараптардын ортосундагы чатактын чыгуусуна негизи бериши мүмкүн экени белгиленүүдө. Анткени кошумча шайлоо участокторунда мына ошол жаңы конуштардан сырткары аталган эки шаарда каттоосу жок жашаган жарандар добуш берүүгө укугу бар. Алардын каттоосунун кайсыл жерде экенин текшерүү машакаты жарандардын бир нече курдай добуш берүүсүнө шарт түзүшү мүмкүн деген тынчсыздануу бар. “Бир бол” саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев бул жагдай туурасында мындай дейт:
- Шайлоого бир ай калган учурда мына ушудай демилгенин шашылыш көтөрүлүп жатышы кооптонууга негиз берет. Эгерде каттоосу жок ички мигранттардын добуш берүүсүн камсыздоо керек болсо, анын мыйзамдуу жана так механизмдерин мурда эле иштеп чыгып, киргизсе болмок. Ошондуктан азыр бизде бул иш мыйзамдын чегинде болобу же болбойбу деген күмөн саноо жаралууда.
Ошол эле кезде Борбордук шайлоо комиссиясы 39 участкадагы мобилдик жабдуу аркылуу шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүүнү көзөмөлдөөгө болот деп ишендирүүдө. Анткени ыңгайсыздыктарды жөнгө салуу үчүн кошумча шайлоо участкаларындагы жабдуулар борбордук серверге кошула турганы айтылды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.