Бир катар депутаттарды Жогорку Кеңештин күн тартибине 2019-жылдын бюджетинин долбоору боюнча мыйзам менен кошо 2017-2018-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетунун кирип калганы таң калтырды. "Бул үч татаал маселени үч башка кароо керек" деп демилге көтөргөн депутаттардын сунушу өткөн жок.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өткөн жылдардын каржылык отчеттору менен бирге жаңы жылдын бюджет долбоорун кошо кароо парламенттин көзүн будамайлоого алып келет деп эскертти:
- Мен бүгүн эртең менен эле "2019-жылдын бюджетин кароо өтө маанилүү иш, аны өзүнчө, башка күнү карайлы" деген болчумун. Жаңы жылга чейин жетишебиз. Бирок өкмөт 2017-2018-жылдардын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетторун кошуп алып келипсиңер. Биз өкмөттүн отчетун алганбыз. Бирок бюджет кандайча аткарылганын жана анын жоопкерчилигин карай элекпиз. Азыр 2017-жылы иштеген өкмөт мүчөлөрү отурушат. 150 миллиард сомдун тегерегинде бекитилген 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышын кенен-кесири карагандан эмнеге качып жатабыз? Ошондуктан ары маанилүү, ары татаал үч бирдей маселени бир учурда карабашыбыз керек.
Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков күн тартибинде бекитилген бюджет жана каржылык отчеттор боюнча өз ара бири-бирине байланыштуу үч татаал маселени бир күндө кароодон чатак чыгаруунун кереги жок деп эсептейт.
Бакирдин Субанбеков депутаттарды мурдагы жылдардын каржылык отчетторун угуп коюп, жаңы жылдын бюджет долбоорун кароого өтө берүүгө чакырды:
- 2017-2018-2019-жылдардын бюджеттери баары бир мындай караганда бири-бири менен байланышта болуп турат да. Ошондуктан алардын баарын бириктирип туруп эле карай бергенибиз жакшы го. Маалыматтарын угуп койсок, анан суроолорубуз болсо берип, жаңы жылдын бюджетин талкуулоого өтө бергенибиз туура эле го. Анан калса 2-декабрга чейин бюджетти бекитип беришибиз керек экен.
Парламенттин башка бир депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт каржыга байланыштуу бул үч татаал маселени бир күндө үстүртөн гана каратып, парламенттен алып өтүп кетүүгө кызыкдар экенин кыйытты. Ал буга парламенттин көпчүлүк депутаттарынын "күнкарамалыгы" өбөлгө түзүп жатканын айтты:
- Эл бизди ким деп жатат? Соңку жумаларда аны жакшы эле уктуңар да. Мыйзам жазганды билбеген "базарчылар", "принциби жок "ылдый баштар" парламентте отурушат" дешти. Анткени биз өкмөттөн алкыш алып, бирок карапайым элден каргыш угуп жатабыз. Биз болсо кыйкырып-кыйкырып кала беребиз. Анткени түштөн кийин "дүжүр депутаттар" "эми талкууну кыскартып, ар бир фракциядан үчтөн эле депутат сүйлөсүн" деп дагы чыгышат. Себеби өкмөт буга чейин эле айрым депутаттар менен "иштеп" койгон. Ошондуктан кээ бир министрлер эки күндөн бери парламенттен чыкпай жүрүшпөйбү.
Каржылык отчетторду алып өтүүнүн амалы
Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт эмне себептен өткөн жылдардын бюджетинин аткарылышы боюнча парламентте кеңири отчет берүүдөн жалтайлап жаткандын сырын ачты:
- Биз бул ар бир маселени ар башка карабай, баарын дүңүнөн кароого макулдук берип, туура эмес чечим кабыл алдык. Анткени 2017-жыл өзгөчө жыл болчу. Элдин баары шайлоого чуркап кетип, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы калып калган. Буга байланыштуу Эсептөө палатасынын бир топ маалыматтары турат. "Кумтөрдөн" ошол жылы 600 миллион сом түшпөй калган экен. Эмнеге? Себеби айтыла элек. Ошолордун себептерин сурап, угушубуз керек эле.
Бирок өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон аткаруу бийлигинин өкүлдөрү дооматка эч кандай жооп кайтарган жок. "Бир бол" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов бир күндө үч маселени кароого коюунун өзү туура эмес болгонун айтып, парламент спикери Дастан Жумабеков менен кайым айтышты:
- Төрага, мындар ары бардык ушундай маселелерди чогуу кароого алдыртпай жүрүңүз. Сиз жол бердиргиңиз келгенден кийин албетте мыйзам жол берип калат да. Бул үч татаал маселенин ар бирин ар башкача алып келүүнү өкмөттөн талап кылышыңыз керек болчу. Сиз ошондуктан биздин парламентте төрага болуп отурасыз. Же болбосо өкмөткө адвокат болуп алдыңызбы? Сиз бул жерде күн тартибин туура эмес жасадыңыз. Бардыгы сизден кетти.
Мына ушундай талаштан соң парламент бекиген күн тартиби боюнча үч маселени тең бир күндө угуп, аларды чогуу талкуулоого киришти. Бюджет таңкыстыгы 2019-жылдын бюджетинде 10 млрд .150 млн. 752 миң сомду түздү. Муну менен бюджет таңкыстыгы мурдагы жылдардын бюджетине караганда бир топ кыскарганы белгилүү болду. Муну Финансы министрлиги жаңы жылдын бюджетинде чыгашаларды кескин азайтуу чарасы менен түшүндүрдү. Билим берүү тармагынын чыгымдары өзгөртүүсүз калса, социалдык тармактын чыгашалары 33,1 млрд. сомдон 15,9 млрд. сомго чейин кыскарган.
Бирок парламент депутаты Дастан Бекешов жаңы жылдын бюджетинен олуттуу өзгөрүү күткөнүн айтып, өкмөттү тышкы карызды төлөөгө кам көрүүгө чакырды:
- Албетте, бул жолку бюджеттин долбоорунда бир топ жылыш бар. Бюджеттин таңкыстыктары кыскарып жатат. Бирок ошол эле кезде коомчулук күткөн чоң өзгөрүүлөрдү көрө алган жокмун. Канчалык оор болбосун ар жылы бюджетти бекитип жатканда 10 пайызын өнүгүүгө деп, дагы 10 пайызын тышкы карыздарды төлөөгө деп сактап, бюджеттин резервдик фондун түзсөк эмнеге болбосун? Ошондо беш-алты жыл өткөндөн кийин бизде тышкы карызды төлөгөнгө кошумча каражат топтолуп калат эле. Мына ошондо бизде өнүгүүгө инвестиция кыла тургандай каражат чогулат эле.
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт тышкы карыздын өз убагында төлөнүшүн камсыздоого жана өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө милдеттүү экенин айтты. Бул үчүн ал көмүскө экономиканы сыртка чыгарып, салык базасын көбөйтүүгө аракет жасоого убада кылды:
- Сиздер бюджетти кабыл алып берсеңиздер, 2019-жылдын алгачкы айларынан баштап резервдик фондду түзүү боюнча кадамдарды жасайбыз. Бул үчүн биз салык базасын өстүрүп, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартып, аны көлөкөдөн ачыкка алып чыгышыбыз абзел. Биз жаңы жылдан тарта жаңы фискалдык саясатты иштеп чыгып, буга чейин салыктарды туура эмес төлөп келген же такыр эле төлөбөй жүргөн тараптарга каршы чаралар аркылуу иш алып барабыз. Бул чаралар биздеги салык базасын өстүрүп, биздин бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деген ишенимдемин.
2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151 млрд. 762,4 миллион сомду түзүп, анын чыгашасы 161 млрд. 913 миллион сомго барабар болду. Парламент 2017-2018-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетун угуп, аны бир катар сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп тапты.