Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Декларацияны сактоо мөөнөтүн узартуу сунушу


Президент Алмазбек Атамбаев аткаминерлердин жылдык кирешелери тууралуу толтурган декларациясын сактоо мөөнөтүн узартуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Алмаз Үсөнов кабарлады.

Демилгени мамлекеттик кызматтарда, саясатта узак жүргөн жарандардын байлыгын көзөмөлдөөчү инструмент катары карагандар да, майнапсыз аракет катары сындагандар да болууда.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кызматтарда иштеген жетекчилердин жылдык кирешелери тууралуу толтурган декларациясын азыркыдай алты жыл эмес, 25-30 жыл жок кылбай сактап коюш керек деп эсептейт. Маселенин көтөрүлүшүнө мамлекеттик таасирдүү саясатчылардын байлыгына байланышкан талаш-тартыштар негиз берди дейт президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов:

- Учурда коом чиновниктердин иштеринин гана эмес, алардын киреше булактарынын да ачыктыгын талап кылып жатканын эске алуу менен, декларацияны сактоо мөөнөтүн узартууну колдоп жатат. Мамлекет башчы өз байлыгын жашырбаган айрым саясатчылардын кыска мөөнөттө кандайча байып кеткенине негиздүү түрдө кызыккан адамдарды колдойт. Анан Алмазбек Атамбаев кызмат адамдарынын кирешелеринин ачык-айкындыгы тутумунун натыйжалуу ишине алардын коом алдында отчеттуулугуна жетишүү керек деп эсептейт.

Алмаз Усенов өкмөт Жогорку Кеңешке ушул багыттагы долбоорду сунуштаса болорун кошумчалады.

"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"

​"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет.

Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жылына мал-мүлкү тууралуу декларация толтурат. Коомчулукта "аткаминерлердин баары эле байлыгын жашырып, чыныгы мал-мүлкүн көрсөтпөйт" деген дооматтар айтылып келет. Алмазбек Атамбаев өзү болсо убагында Кыргызстандагы эң ийгиликтүү бизнесмендерден болгонун, байлыгы жетиштүү жана ачык-айкын экенин такай айтып жүрөт.

Ал эми Кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаев бул демилгени мүлкүн жашырган же декларацияны туура эмес толтурган мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш жообуна тартууга карай ташталган дагы бир кадам катары баалайт:

- Бүгүнкү тарых үчүн, глобалдык мезгилдеги убакыттын ылдам өтүп жатканына байланыштуу келечекте сактоо мөөнөтүн бир канча жылга узартыш керек. Саясатчылар 5-10 жыл тыныгуу алып, кайрадан эле келип жатышпайбы. Ушундай учурда тапкан кирешесин ачыкка чыгаруу туура болот. Архивден көтөрүп чыгып, саясий чоң кызматкерлер, атайын кызмат, сот, прокуратура жана башкалардын тапкан кирешесин ачык-көрсөтүш үчүн бул жакшы маселе.

"Система даяр эмес"

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин өкүлү Исхак Масалиев декларация толтурулган документтерди сактоого атайын мөөнөт белгилөө туура эместигин айтууда:

- Декларация болобу же башкабы, документтерди сактоонун жалпы принциби бар. Эреже боюнча, кайсы бир органда сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин архивге өткөрүлөт, ал жакта дайыма болот. Мен алты жыл өткөндөн кийин документ жокко чыгарылары жөнүндө мурда такыр укпаптырмын. Азыр декларацияны Мамлекеттик кадр кызматына тапшырып жатабыз. Эми жаңы мыйзам долбоору боюнча Салык кызматына өткөрүү каралып жатат.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Мурда салык кызматын жетектеп, декларация толтуруунун алгачкы эрежелерин иштеп чыгууга да катышкан Исхак Масалиев Кыргызстанда декларация тапшыруу жана зарыл учурда аны текшерүү механизми азырынча толук кандуу калыпка түшө электигин белгилейт:

- Ал үчүн нормативдик актылар жана Салык кызматында мүмкүнчүлүк жок. Президент көтөргөн маселе орундуу. Бирок система бир аз даяр эмес.

Кыргызстандын мыйзамдары мамлекеттик кызматкерлерге бизнес менен алектенүүгө тыюу салат. Аткаминерлер мүлкүн, бизнесин жубайларына, жакын адамдарына каттатып койгону менен, өздөрү бул чөйрөдөн алыстабай, бизнестерин өздөрү эле көзөмөлдөй турганы коомчулукта көп айтылып келет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов декларация толтуруунун мааниси жоголду деп эсептегендердин бири:

- Декларацияга эч ким болгонун болгондой жазбайт. Мисалы, мен депутаттык комиссиянын төрагасы болгон кезде Өмүрбек Бабановдун ишин карап жатканда анын декларациясын окугам. Эки бөлмөлүү үйү, жаман машинеси бар экен. Башкаларга жаздыра берет. Ошондуктан бул таптакыр болбогон, авторитардык бийликтин гана ойлоп тапканы. Демократиялык бийлик кура турган болсок мунун баары өзүнөн өзү жок болмок. Коррупция демократиялык өлкөлөрдө, мисалы, Финляндияда, Норвегияда жок. Элүү мамлекеттин баары демократия курат. Бизге окшогон авторитардык мамлекеттер 120-орундан кийин турушат.

Аялына бизнесин берген аткаминерлер

Аялына бизнесин берген аткаминерлер

Кыргызстанда айрым саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин жубайлары жылына миллиондогон сом киреше табары, ири ишкер экени белгилүү.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиеванын баамында, жаңы жобо кабыл алууга караганда азыр иштеп жаткан мыйзамдарды аткарууга көзөмөлдү күчөтүү алда канча натыйжалуу болмок:

- Декларация толтурган менен кайра аны карап чыгуу же аны текшерүү механизми жок болуп жатат. Толтуруп тапшырып койсо эмне болуптур? Дүйнө жүзүндөгүдөй коррупцияны алдын алуу же коррупциялашып кеткен жокпу деп жарандык коом тарабынан көзөмөл жүргүзүүгө да жолдору жок. Азыр андай функцияны аткарган жок да. Мен туура көрсөттүмбү, жокпу - муну эч ким текшерген жок. Жоопкерчилик жок болгондон кийин каалашымча көрсөтүп коюп жатпайынбы. Кеп мөөнөттө эмес, механизм иштеш керек.

Кыргызстанда жалпысынан жогорку тепкичтеги 1600дөн ашуун мамлекеттик кызматкер болсо, анын 98 пайыздан ашыгы өзүнүн жана туугандарынын мүлкү тууралуу маалымат берген. Декларация тапшырбагандарга "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзам боюнча административдик жазалар каралган. Эң жогорку жаза - кызматтан четтетүү жана аткаминерлердин жаңы түзүлгөн “кара тизмесине” киргизүү. Бирок бул үчүн уяткарган же кызматтан четтетилген учур каттала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG