Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Бабановдун каяшасы, саясаттын тиешеси...


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө карата "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген негиздеги кылмыш ишинин тергелип жатканын айыптап чыкты.

Мунун алдында атайын кызмат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген берене менен былтыр козголгон кылмыш ишинен Бабановго тиешелүү материалдарды өзүнчө бөлүп алып тергеп жатканы маалым болгон.

Бабановго алгачкы кылмыш иши "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырган", "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен былтыр козголгон. Соңку президенттик шайлоодо экинчи болуп келген, таасирлүү саясатчылардын бири Бабановго экинчи кылмыш ишинин ачылганы ар кандай талданып жатат.

Өмүрбек Бабанов аты аталган соңку кылмыш иши тууралуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында пикирин билдирди. Анда ал өзүнүн жана саясаттагы таламдаш-санаалаштарынын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди кылуу ниети эч качан болбогонун жазды:

Бабановдун "Фейсбуктагы" каты.
Бабановдун "Фейсбуктагы" каты.

"Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз! Элим өзү күбө болгондой, шайлоо бүткөндөн кийин биз бийликти басып алуу аракети тургай митинг өткөргөн жокпуз.

Тескерисинче, жыйынтыктарга макул болбой аймактарда көчөгө чыккан элди дал менин жакын адамдарым токтотуп жүрүштү. Анан дагы, шайлоонун өткөндүгүн, анда элибиз жаңы президентти тандаганын мен шайлоо бүткөндөн кийин эле пресс-конференцияда жарыялагам. Кайсы бир талапкерге же партияны тандагандыктары үчүн элибизди бөлбөш керектигин, бири-бирибизди жөндөн-жөн айыптап, кылмыш иштерин козгобош керектигин айткам. Расмий түрдө дагы бир жолу билдиргим келет: кайсы бир мыйзамсыз кадамдарды пландаган деген адамдар менен мен бир да жолу жолуккан эмесмин, аларды тааныбайм. УКМК ушул маселеге чекит коет деп ишенем. Мыйзамдын күчүнө, укук коргоо структураларынын абийирине жана УКМКнын бул маселеге чекит коеруна ишенем. Бардык ойдон чыгарылган шектер жокко чыгарылат деп ишенем".

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр шайлоо маалында "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен камакка алынган парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев баштаган адамдардын кылмыш иши тергелип бүткөнүн маалымдаган.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов анда Өмүрбек Бабановго байланыштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алып тергеле баштаганын кабарлаган:

- Канатбек Исаев менен кошо кармалган үч адам президенттикке талапкерлигин койгон Бабановдун тарапкерлери менен кошо бийликти күч менен басып алууга даярданышкан. Учурда Өмүрбек Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык башаламандык уюштуруу" фактысы боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова Бабановго каршы козголгон кылмыш иштериндеги материалдардын саясий өңүтү бар деп эсептейт:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

- Бизде "кылмыш иши козголду" деген маалымат жок. "Өзүнчө бир өндүрүшкө бөлүндү" деп айтылып жатат. "Кылмыш иши козголду" деп так айта албайбыз. Биз да муну тактайбыз. Кандайдыр маалымат болсо, албетте, бөлүшөбүз. Бул жерде балким бирөөнүн сөзүнөн же дагы башка себептер менен суроолорду берип, анан далил болсо кылмыш иши козголушу мүмкүн. Муну деле саясий каршылаштар менен күрөш уланууда деп бааласа болот. Бул жерде албетте, саясат бар. Мен муну башынан эле айтып келгем. Оштогу Он-Адырдагы кылмыш ишинде да, албетте, саясат бар. Азыркысы болсо ошонун уландысы деп баалайм.

Өмүрбек Бабановдун экинчи кылмыш иши тууралуу "Азаттык" КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркуловдун пикирин сурады. Ал "саясат" деп бир өңчөй бүтүм чыгаруу эрте деген пикирин билдирди:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Баарын тергөө көрсөтөт. Бул жерде саясат бөлөк. Жанагындай доомат коюлуп жаткан болсо - ал доомат текшерилиши керек. Ал тастыкталып ачык айтылгандан кийин гана "мунун саясий өңүтү бар" же "чын эле ошондой болгон" деп баа берсе болот. Ошондуктан алдын-ала бир нерсе айтыш туура эмес. Укук коргоо органдары иштеп жатат. Башында улут аралык кастык боюнча кылмыш иши козголгонун билем, экинчиси тууралуу азырынча маалымат жок.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов "камакта жаткандар Өмүрбек Бабанов тууралуу басым-кысымдын алдында жалган көрсөтмө бериши ыктымал" деген жоромолдорду жокко чыгарды.

- Кармалган башка адамдардын көрсөтмөсү боюнча ага бул иш козголушу мүмкүн. Бул оор берене. Азыр өлкөдө мурдагыдай ур-токмокко алып, башына жылтырак кийгизип кыйнап көрсөтмө алуу мүмкүн эмес. Ачыгын айтыш керек, Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзүн көрсөттү. Эми ал жерде талапкер антип сүйлөбөшү керек эле. Бирок ошону да "бул монтаж, жасалма" деп айтып чыгышпадыбы. Менде ошондон кийин актанган тарапка да күмөн пайда болду. Эми ал факт. Жигитче "иттик менден кетти" деп мойнуна алышы керек эле. Аны да албай жатышат. Ошол жерде бир эмес, бир топ камера тартып турду да.

Деген менен Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бабановго коюлган "бийликти күч менен басып алуу" тууралуу айып негизсиз деген ойдо:

Мамлекеттик төңкөрүшкө Бабанов даап да бара албайт. Ал чукул, радикалдык кадамдарга бара турган саясатчы эмес.

- Өмүрбек Бабанов - кандай болгон күндө да Кыргызстандын 600 миңден ашуун жаранынын добушун алган саясатчы. Ал шайлоодо азыркы президенттин негизги атаандашы болгон. Ага мындай мамиле жасалганы туура эмес. Бабановду мен тааныйм. Анын мамлекеттик төңкөрүш жасоо ниетин эч качан байкаган эмесмин. Мен аны менен бир канча жолу жолуккам. Мамлекеттик төңкөрүшкө Бабанов даап да бара албайт. Ал чукул, радикалдык кадамдарга бара турган саясатчы эмес. Ал шайлоодон кийин жаңы президенттин жеңишин тааныды.

Жанар Акаев Бабановдун экинчи кылмыш ишинин тергелип жатканын саясаттагы каршылаш күчтөрдүн кармашы менен байланыштырды:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Мына, парламентте тарап-тарап болуп бөлүнүп, саясий тирешүүнүн айынан парламент эки жаат болуп жаткан чакта "Республика - Ата-Журт" фракциясынын 28 добушу керек болуп калып, тирешип жаткан күчтөрдүн бири-бирине берген жообу болду окшойт. "Мына, сен Бабановду фракциясы менен өзүмө алам деп жатасың, мен буга керек болсо кылмыш ишин козготом" деп жатышы мүмкүн. Бул да ошол саясаттын курмандыгы болуп калды. Анткени мына, алдыда парламентте премьер-министрди кызматтан кетирүү боюнча, кийинки премьер ким болот деген маселе турат. "Балким Атамбаев өзү премьерликке келет" деген сөздөр бар. Ошондуктан "Республика" 28 добушу менен парламентте негизги фракциялардын бири болуп калды. Булардын фракциясы азыр талашка түшүп жатат. Ушундай учурда Бабановго "жөн отур, соодалашпа" деген ишарат болушу мүмкүн.

Бабанов ушул жыл жаңырар алдында саясаттан биротоло кеткенин күтүүсүз жарыялап, депутаттык мандатын тапшырган жана муну "азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим" деп атаган. Ал былтыр күзүндөгү президенттик шайлоо өткөндөн кийин эле чет өлкөгө чыгып кеткен болчу. Башкы прокуратура аны шайлоодо "үгүт учурунда сүйлөгөн сөзүндө конституциялык түзүлүштү бузууга чакырган жана улут аралык кастыкты козуткан" деп айыптаган жана кылмыш ишин козгогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG