Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы аны "мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деп айыптап жатат.
Нурбек Айбашев Мамлекеттик бажы кызматында ал түзүлгөндөн бери иштеп жүргөн жана 2016-жылы кызматтан кеткен. Убагында ал өлкөдөгү эң бай бажы кызматкерлеринин бири экендиги тууралуу маалымат да чыккан.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Нурбек Айбашев 25-майда ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кармалганын, үйү тинтүүгө алынганын кабарлады. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына камалды жана ага Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен кылмыш иши козголду. Иш тергелип бүткүчө бөгөт чарасы катары камоо тандалды.
Нурбек Айбашев "Кыргызстандан Кытайга тери жөнөтүлгөндө бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз жеңилдеткен, териден жасалган буюм-тайымдар кайра өлкөгө кирген эмес" деп айыпталып жатат.
Тасмада: Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру. Ыкчам тасма.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Нурбек Айбашовдун мыйзамсыз иштеринин негизинде мамлекет 166 миллион сомдон ашык зыян тарткан:
- Тергөөдө Борбордук бажынын мурунку жетекчиси "А" аттуу жеке фирманын башчысы менен тымызын сүйлөшүп алып Кытайдан келген товарга мыйзамсыз бажы төлөмдөрүн койгон. Тактап айтканда, бул ишкана "U.Q.I.T.C.L." деген компания менен 2015-жылдын 20-августунда Кытайда бодо малдын терисин кайра иштетүү боюнча келишимге кол койгон. Андан кийин Борбордук бажынын мурунку жетекчисинин көмөгү менен, Бажы кодексин бузуп, негизсиз, туура эмес ыкма менен бажы аймагынан сырткары иштетүүгө уруксат берген.
“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”
“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”
Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.
Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Таалайбек Масабиров "бажы аймагынан сыртында кайра иштетүү" деген жол-жобону түшүндүрүп берди:
- "Бажы аймагынан сыртында кайра иштетүү" 12 режимдин бири болуп саналат. Кыргызстанга коңшу мамлекеттерден тери келиши мүмкүн. Эгер ал кайсы бир мамлекетке жөнөтүлсө, ал жактан даяр буюм болуп кайра келет. Ошол учурда бажы төлөмдөрү жеңилдетилип берилет. Эгер терини алып барып, ал жактан буюм алып келсе анда төлөмдөрдөн бошотулат. Тери ал жакка кеткенден кийин сөзсүз түрдө келиши керек. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө Борбордук аппараттан уруксат берилет, ага оңой-олтоң эле уруксат алына бербейт. "Канча тонна тери кетти, андан канча буюм-тайым жасалат?" деп баарын эсептеп туруп, ошондо гана уруксат берилет.
Нурбек Айбашовдун жакындары жана жактоочусу азырынча соңку окуя тууралуу үн ката элек.
Айбашевдин өзү тууралуу маалымат дээрлик жок. Буга чейин айрым маалымат каражаттары ал өлкөдөгү эң бай деген бажы кызматкерлеринин сап башында тураарын жазышкан. 2015-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев "өз милдетин жетиштүү аткарган эмес" деп сөгүш, эскертүү бергендердин арасында ошол учурда Борбордук бажыны жетектеп турган Айбашев да болгон.
Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, бажы кызматынын генерал-майор Салайдин Айдаров Айбашев менен чогуу иштешкен учурун эстеп айтып берди:
- Ал Мамлекеттик бажы кызматы ачылгандан бери иштейт, бул тармакка милициядан келген, ИИМде көзөмөлдөө кызматында иштеген. Тажрыйбасы өтө чоң жигит эле. Менде ушунча жыл иштегенде эч бир кемчилигин уккан эмес элем. Менин кол алдымда иштеген, жетекчи болуп жүргөн. Мен иштеп жатканда Бишкек бажысынын орун басары эле. Анын камалганын, "үйүн тинткенде 25 алтын саат табылды, миллиондогон акчаны карызга бергени тууралуу тилкат чыгыптыр" деп эле угуп жатам. "Бул мындай бала эмес эле" деп өзүм деле таң калып жатам.
Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев бажыдагы коррупцияга жол ачкан жылчыкчалар бүтөлүшү керек экенин белгиледи:
- Эгер мындай схемалар бар болсо, укук коргоо органдары так, ачык маалымат берип, ошондой жылчыктардын баарын ачыкка чыгарышы керек. Эгер кимдир-бирөөнү камап, ал эми жылчыктар бүтөлбөй калса - анда аны дагы башкалар колдонот да. Бул жерде саясий эрк керек. Бизге азыр өкмөт ошол мыйзамдагы коррупцияга жол ачкан жерлерди жабуу тууралуу мыйзам долбоорлорун алып келиши керек.
Жээнчороев Мамлекеттик бажы кызматындагы кадр маселесине да токтолду:
- Бажыда түркүн каймана атка конгон адамдар бар. Эми мен алардын баарын атабай эле коёюн. Каймана ат деген туура өлкөдө, туура мамилелер түзүлгөн жерде болбойт. Булар кылмыш чөйрөсү менен эле барабардай болуп калган. Алар көмүскө иштерге жакын болгондуктан алардын ишмердүүлүгү да, кызматтары да, ысымдары дагы уюшма кылмыш топтору өңдүү каймана ат менен атала баштаган. Ошол себептен биз күмөн туудурган адамдарды бул тармакка жолотпошубуз керек.
Ушул айда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги алмашкан. Кубанычбек Кулматов төрагалыктан өз эрки менен кеткенден кийин анын ордуна Алмаз Оңолбеков, орун басарлыгына Шамил Бердалиев дайындалган.
Тасмада: "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн бир чыгарылышы кыргыз бажысындагы коррупциялык схемаларды иликтөөгө алган.