Улуттук коопсуздук кызматы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьерликти аркалаган Дүйшөнбек Зилалиевди "мамлекеттик жогорку кызматтарда турганда мыйзамсыз байыган" деген кине менен 9-декабрда эки айга камакка алды.
45 жаштагы Зилалиев 2013-2017-жылдары өлкөнүн геология жана тоо-кен тармагын башкарган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири катары таанылган жана кызматтан кызматка көтөрүлүп жүргөн. Бир жыл мурун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын кызматынан "бомба" чуусуна байланыштуу кеткен эле.
Улуттук коопсуздук комитети экс-вице-премьердин камалышы тууралуу расмий түшүндүрмөнү 10-декабрда таратты. Анда мурунку аткаминердин 2011-2016-жылдардагы декларациясы текшерилип, 2,5 миллион сом киреше тапканы, жубайыныкы болсо 408 миң сом болгону көрсөтүлган. Бирок текшерүүдө анын кирешесинен алда канча көп байлыгы бар экени аныкталган. Тактап айканда, быйыл сентябрь айына чейин жергиликтүү коммерциялык банктардын биринде 1 миллионго чукул доллар табылган.
Мекеменин басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов мурдагы аткаминерге "мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун бышыктады. "Экс-вице-премьер-министр жалаң мамлекеттик кызматтарда иштеген, бирок анын эсебинде бир катар кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, алтын, акиташ жана башка кендерге лицензиялары болгон" - деди атайын кызматтын өкүлү.
Мындан сырткары Зилалиевдин киреше-чыгаша декларацияларында көрсөтүлбөгөн, туугандарына жана башка адамдарга катталган үйлөрү, батирлери, жер тилкелери чыккан. Былтыр тууганына Бишкектин борборундагы жалпы баасы 34 миллион сомдон ашкан эки кеңсени каттаткан. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти жетектеп турганда ишсиз тууганына алтын жана башка кен байлыктарды иштетүү боюнча лицензияларды жаздырып койгону маалым болду.
11-декабрда Улуттук коопсуздук комитети Зилалиевге тиешелүү Бишкектеги коммерциялык банктын биринин уячасынан 889 900 доллар чыкканын көрсөткөн видеону таратты. Маалыматка караганда, ал банктагы мынчалык ири сумманын булагын өз декларациясында көрсөткөн эмес.
Адвокат Учкун Каримов табылган мүлктү аткаминердин үй-бүлөсү чогулткан байлык деп түшүндүрдү. "Зилалиев “атамдын малы бар болчу” дейт. “Бул ошол үй-бүлөмдүн чогулткан акчасы” деп айтып жүргөн. Алардын малы, үйлөрү, машинеси болгон. Эми кыргыздарда ошол да, үй сатат, мал сатат" - деген адвокат мынча мүлктүн кайдан келгенин бышыктоочу “документтер бардыгын” кошумчалады.
Анын алдында Улуттук коопсуздук комитети Зилалиевдин Бишкектеги үйүн тинткендеги беш мүнөттүк видеону жарыялаган. Анда мурдагы вице-премьердин батиринен 2 млн. 900 миң сом жана 100 миң доллар табылганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле шаардагы бир катар мүлкү, 400 миң долларга бааланган курулушу бүтө элек үйү көрсөтүлгөн.
9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралгандан кийин Зилалиев "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.
Экс-вице-премьерге чейин Кылмыш-жаза кодексине 2011-жылы киргизилген “мыйзамсыз баюу” беренеси менен эч ким айыпталган эмес. Андыктан бул Атамбаевдин командасындагы аткаминерге “атайылап жасалган” иш деп да баалагандар бар. Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова жети жылдан бери “жансыз” турган берене - коррупцияга каршы күрөштө негизги укуктук курал болушу керек деп эсептейт. "Декларацияларды текшерсе бир топ жооптуу адамдардын киреше-чыгашасынан айырма чыгат. Бул тандалма ыкма болбошу керек" - деди юрист.
Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максат Эсенбаев “Азаттыктын” талкуусуна катышканда, коомчулуктун көңүл чордонундагы иштер аягына чыгат деп ишендирди. "Кылмыш-жаза кодексинин бул беренеси чындыгында эле иштебей турган берене болчу. Соңку окуяны эл да көрүп турат. Тергөө амалдары бүткөндөн кийин бардык маалымат берилет" - деди УКМКнын башкы адиси.
Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясына ылайык, “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылгандардын күнөөсү аныкталса, үч жылдан беш жылга чейин, эгер ири өлчөмдө же жооптуу кызматты ээлеген адам болсо алты жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
2017-жыл үчүн 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.
14-декабрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жол министринин орун басарынын ишине токтолуп, “500 миң доллар пара алат” деп дүйнөгө шерменде болдук" деп ачууланды. "500 миң доллар эмне деген пара? Бул боюнча баарын жоопко тартыш керек!" - деп өкмөт башчыга тапшырма берди.
Соңку апталарда коррупцияга шектелген кызматтагы жана мурунку аткаминерлерге иш козголуп, коомчулуктун жандуу талкуусун жаратты. Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалып, жаңы “рекорд” койду. “Коррупциялык схема түзгөн” деген кине коюлуп, издөөдө жүргөн Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Баку шаарында кармалды.
Кол тийбестик: салмагы менен саясаты
13-декабрда Жогорку Кеңеш “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү ченемдерин караган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Долбоордун авторлору мыйзам кабыл алынса, экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу жоюларын жана Конституциянын “бардык жарандар тең укуктуу” деген принциби калыбына келерин белгилешти.
2003-жылы киргизилген экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу ченем 2007-жылы Конституциядан алып салынган болчу. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев мыйзам кабыл алынса, бийлик мөөнөтү бүткөн жана келечектеги “экс-президенттерге” бирдей тиешелүү экенин түшүндүрдү.
"Мындан ары мыйзамды шайкеш келтирүү аркылуу экс-президент кол тийбестик укугунан ажыратылат жана ал Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарган учурдагы жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн" - деп парламентте туруп чечмеледи.
Мыйзамдык нормаларды шайкеш келтирүүнү сунуш кылган депутаттар азыркы Баш мыйзам экс-президентти жоопко тартууга укуктук жактан толук жол бере тургандыгын, анткени анда 2007-жылдан бери кол тийбестик кепилдигин берген ченемдер жок экенин эскертти.
Кыргызстанда “экс-президент макамы” Роза Отунбаевага жана Алмазбек Атамбаевге берилген. Ал эми мамлекеттин мурунку башчылары Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев андай макамдан ажыратылган.
Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экс-президенттен кол тийбестикти алып салуу - кийинки бийликке курал болуп, саясий куугунтук жаратпайбы деген маселени көтөрдү.
Коомчулукта экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселенин саясий өңүтүн көргөндөр да арбын. 2017-жылы Алмазбек Атамбаев бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп бергенде авторитардык режимдер өкүм сүргөн Борбор Азияда - демократиялык чоң саамалык деп бааланган.
Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун демократиялык жараянга: президенттик шайлоого, бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө таасири кандай болот? Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановго ушул суроону узаттык:
Борбор Азиядагы мамлекет башчылардын кол тийбестик макамына да кайрыла кетсек. Коңшу өлкөлөрдө бийликтеги президенттер келечектеги ыктымал тобокелдикти эске алуу менен иммунитетти бекемдешкен.
Казакстанда Нурсултан Назарбаевге 2010-жылы “улут көсөмү” деген да макам ыйгарылган. “Элбашынын” өмүрүнө коркунуч келтирүү - коңшу өлкөдө террористтик кылмышка барабар деп саналат. Кол тийбестик биринчи президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө да жайылтылат.
Эмомали Рахмон - “Тажикстандын Жогорку кеңешинин төрагасы, Тажикстандын президенти, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудагы аракеттери үчүн” жоопкерчиликке тартылбайт. Тажик лидеринин үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен кол тийбестик макамына ээ.
Өзбекстанда “экс-президент кол тийбестикке өмүр бою” ээ болот. Президент катары ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттери үчүн кылмыш же башка жоопкерчиликке тартылбайт.
Жаңырган аптанын окуялары:
Кыргызстандын мыйзам чыгаруучу органы - Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленет. Өлкөдөгү парламентаризмдин өнүгүүсүнө арналган жыйын жана илимий-практикалык конференция өтөт.
Парламенттин вице-спикери шайланат. Коалициялык көпчүлүк бул кызматка депутат Аида Касмалиеванын талапкерлигин көрсөттү. 14-декабрда Социал-демократтар фракциясы Асел Кодуранованы вице-спикерликтен алды.
18-декабрда дүйнөдө Мигранттардын эл аралык күнү белгиленет. Соңку 30 жылда жер жүзүндөгү мигранттардын саны 75 миллиондон 200 миллионго жетти.
Евробиримдиктин жетечилиги Брекзит келишими боюнча билдирүү жарыялайт. Брюссел келишимди кайра карап чыгуу тууралуу Лондондун өтүнүчүн кескин түрдө четке каккан.
20-декабрда Эл аралык тилектештик күнү белгиленет. Бул күнү жакырчылыкты азайтуу үчүн дүйнө калкынын тилектештиги жана биримдигине көңүл бурулат.