Отуздан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүн. Мунун алдында парламенттин 12 депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен жолуккан. Алар укук коргоо органдарынын жетекчилерин, ишти караган судьяларды жоопко тартууну талап кылышкан. Буга байланыштуу саясат талдоочу, журналист Турат Акимовду “Азаттык" кепке тартты.
“Азаттык”: Турат мырза, “Парламентаризм үчүн” депутаттык клубунун соңку отурумунда Кыргызстанда 30дан ашык кишиге "саясий негизде" кылмыш иши козголгону айтылып, алардын иштерин сотто кайра кароо тууралуу сунуштары айтылды. Бул иштерди тергөөнү кайра жандантуу канчалык деңгээлде мүмкүн? Негизи эле соңку саясий жагдайдан улам аларды абактан бошотуу аракеттери башталдыбы?
Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм
Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм
Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аёосуз жүрөөрүн эскертти.
Турат Акимов: Биринчиден, "биз мыйзамдуу, укуктук мамлекетпизби же жокпу" деген маселени чечип алышыбыз керек. Эгерде Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен тирешсе, анда мисалы, "Жеңиш майрамы – 9-майга карата" деп туруп, мунапыс жарыялап камалгандардын баарын боштондукка чыгарып жибериши мүмкүн. Алар болсо Атамбаевден өчүн алып жүрө беришет. Бул жагынан алганда азыркы мамлекет башчы “Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевди туурап, саясий куугунтук болуп камалгандарды бошотом” десе, ошондой кылса болот.
Экинчиден, эгерде "мыйзамдуу мамлекет болобуз, маселени мыйзамдуу чечебиз" десе - анда президент алгач өзү ишенген жаңы башкы прокурорду дайындашы керек. Ага кайра тапшырма берип, козголгон кылмыш иштеринин баарын аудиттен, юридикалык экспертизадан өткөрүш керек. Анан ошол жерден кайсы маселе боюнча ким камалган, кайсы кишиники саясий куугунтук болгон, ал эми кайсы киши куугунтукка жамынып адилеттүү эле кесилди - ошону аныкташ керек. Президент өзү көзөмөл кылып, ошонун баарын акыйкат ылгап, тергеп чыгыш керек. Анан жыйынтыгына карап тиешелүү кишилерге керектүү чара көрсө болот.
Эгерде ушул экинчи жол менен кетсе, анда биз мыйзамдуу мамлекет катары кетебиз. Анан “жок, мен Атамбаев менен катуу кырылышып калдым эле, аны жөн отургузбашым керек” десе - анда биринчи ыкма менен эле “иш” жасап койсо болот.
Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”
Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”
Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.
Кечээ Өмүрбек Текебаевди ооруканага чыгарып, ошол жерде карап, кайра киргизгенине караганда Жээнбековдун тегерегиндеги күчтөр Атамбаевге белги берип жатат. Бул “Алмаз Шаршенович, сиз тынч отурбасаңыз, биз Текебаевди жарандык ооруканага чыгарып коёбуз, ал бейтапканадан сизди шыбап жата берет” дегендей тариздеги эскертүү. Анткени тоскоолдук болбосо Текебаев Фидель Кастрого окшоп бейтапкананын терезесин ачып алып, өзүнүн тарапкерлерине жана журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, Атамбаевден өчүн алып жата бериши мүмкүн.
“Азаттык”: Демек сиз коомчулуктагы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "жакын арада бошотулушу мүмкүн” деген сөздөрдүн чындыгы бар деп эсептейсизби?
Турат Акимов: Биздин мамлекеттеги мыйзамдык башаламандыкты эске алганда мындай кадамды күтүүгө болот. Анткени саясатчыларды абактан мындай жол менен бошотуп жиберүү практикасы башка өлкөлөрдү албайлы, биздин эле жакынкы тарыхта бар. Мисалы, 2005-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаев качкандан кийин түрмөдө отурган Феликс Куловду мунапыс менен чыгарып жиберишкенин билесиңер. Анан соттолгон киши абактан чыгып, УКМКны башкарып, Бишкек шаарында комендант болуп калган. Ошондуктан азыр деле бийлик кааласа, ушинтип мыйзамдык талаадан чыгып, бир нерселерди себеп кылып кээ бир саясатчыларды абактан бошотушу мүмкүн.
КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?
КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?
Президент Сооронбай Жээнбековдун тегерегиндеги күчтөр Текебаев аркылуу демарш жасап, экс-президент Алмазбек Атамбаевге тап берип жатат. Бул алардын “саясатыбызга кийлигишсеңиз, Текебаевди чыгарабыз” деген позициясы. Менин оюмча Атамбаев жана анын айланасындагылар да Сооронбай Жээнбековдун айланасындагы күчтөр Текебаевди чыгарып жибериши мүмкүн экенин түшүндү.
Башкача айтканда мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы келишпестиктерди Жээнбековдун командасы камакта отургандарды бошотуп жиберүү менен чечиши мүмкүн. Бирок мыйзамдуу мамлекетте мындай кылуу туура эмес.
“Азаттык”: Учурда түрмөдө жаткан ошол эле Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов баштаган бир топ саясатчылар түрмөгө камалышын өздөрү да, жакындары да “саясий куугунтук” деп атап келишет. Эгер сиз айткан сценарийлер менен алар кайра абактан бошотулса, бул процесстин өзүнө кайра “саясий буйруктун негизинде камактан бошотулду” деген баа берилип калбайбы?
Турат Акимов: Ооба, ошондой бааланып калышы мүмкүн. Бирок так ошентип бааланып калуудан качып, президент муну "эч кандай саясат кылбагыла, 30 кишинин ишин жөн эле тергеп чыккыла” деп коюшу мүмкүн. Маселен Дастан Сарыгуловдун ишин кайра кароодо, “ал мурдагы чоң даражалуу коомдук ишмер, азыр өтө картайып калыптыр, аны кармаганга болбойт экен, кыйналып калыптыр, тиги дүйнөгө кетип калышы мүмкүн” деп жыйынтык чыгарышат. Ортодон абактагы кээ бир саясатчылар ооруп-сыркап калгандары болот, аларды ошого шылтоолойт.
Балким сиз айткандай жөн эле саясий чечим менен деле камалгандарды абактан чыгарып коюшу мүмкүн. Маселен ошол эле Атамбаевди тыйыш үчүн авантюрага бара ала турган бир-экөөнү бошотуп коюшат. Алар барып Арашанда тополоң кыла беришет, “экс-президенттин өзүн камайбыз” деп митинг кылышат. Бирок Сооронбай Жээнбековго азыр митинг жана башка башаламандыктын кереги жок.