Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.

Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин иштеп берүүгө макулдугун беришкен.

12:16 28.10.2020

Өкмөттүк аппараттын башчысы Бакыт Аманбаев: - Улукбек Кочкоров башка кызматка которулат. Аида Исмаилова бул тармакты билет деп, Социалдык өнүктүрүү министрлигине тандалды.

12:21 28.10.2020

Депутат Талант Мамытов: - Депутаттардын мени спикерликке көрсөтүү демилгесинен көп жакшы кабардар эмесмин. Бул бир эмес, бир нече депутаттын демилгеси болсо керек. Мага расмий айтылган эмес. Өлкөнү убактылуу башкаруу сунушу түшсө, ойлонуп, чечим кабыл алам. Эгерде ушундай чечим кабыл алынса, анда ойлоном, бирок расмий сунуш түшкөн жок. Түшсө кошумча маалымат берем. Медиа каражаттарында ушундай сөз болуп жатат.

12:44 28.10.2020

12:46 28.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG