Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.

Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин иштеп берүүгө макулдугун беришкен.

13:01 28.10.2020

12:51 28.10.2020

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев: - Мени спикерликтен кетирүү демилгеси көтөрүлүп жатат деген имиштерди уктум. Депутаттардан “мен кол койдум же кол койгон жокмун” деген сөздү уккан жокмун. Эмне үчүн мындай демилге көтөргөнүн өздөрүнөн сурап, жообун чогуу угалы.

12:46 28.10.2020

12:44 28.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG