Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.
Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамы: (солдон оңго) Элвира Сурабалдиева, Артем Новиков, Садыр Жапаров, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов. «Азаттыктын» коллажы.

Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Кыргызстандын 29 жылдык эгемен тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин иштеп берүүгө макулдугун беришкен.

10:34 28.10.2020

10:26 28.10.2020

Социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Элвира Сурабалдиева, ал эми буга чейин бул кызматты аркалап келген Аида Исмаилова Социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчиликке сунуш кылынууда. Экөөнүн тең талапкерлиги 28-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде колдоого ээ болгонун “Азаттык” радиосуна парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сурабалдиева мандатын тапшырганы 27-октябрда белгилүү болгон. Исмаилова өкмөт башчынын орун басарлыгына быйыл 1-апрелде дайындалган.

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген кызматынан 27-октябрда алынган.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы талапкерлер тууралуу маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын талкуусуна коюлат.

XS
SM
MD
LG