Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

Тактоону талап кылган жагдайлар


Күч кызматерлери саясатчы Равшан Жээнбековду алып баратат.
Күч кызматерлери саясатчы Равшан Жээнбековду алып баратат.

Кой-Таш окуясына байланыштуу саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камалып, иш боюнча суралган айрым күбөлөр айыпталуучуга айлана баштады.

Парламентте болсо ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жардамчысы кармалып, бирок ал өзү эмнеге камалбай жатканы боюнча маселе көтөрүлдү.

Суракка чакыруунун соңку жыйынтыгы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 16-декабрда сурак берип чыкты.

Кундуз Жолдубаева түштө сурак берип чыккандан кийин тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкат бергендиктен, аталган сурак протоколунун мазмуну тууралуу эч нерсе айта албастыгын билдирген.

- Мен тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкат берип чыктым. Ошондуктан иш боюнча мени кимдер менен беттештиргени, тергөө амалдарынын жүрүшү жана сурактын мазмуну тууралуу эч нерсе айта албайм. Ал тууралуу айтсам, жоопко тартыла тургандыгым боюнча тергөөчү эскертүү берди. Азыр тыныгууга чыктык. Түштөн кийин сурак кайрадан улантылат. Суроолор абдан көп дешти.

Өткөн аптанын аягында Кой-Таш окуясы боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, сот аны тергөө бүткөнгө чейин эки айга камоо чечимин чыгарды.

Равшан Жээнбеков анын бөгөт чарасын кароонун астында муну бийликтин саясий басым көрсөтүү аракети катары кабыл алды:

- Бийлик азыр элди алаксытуу үчүн Атамбаевдин шылтоосу менен ал окуяга эч кандай тиешеси жок - мага окшогон саясатчыларды жана жарандык активисттерди кармап, камоого өтүп жатат. Мени бул иште "бирөөнүн берген көрсөтмөсү боюнча" деген негиздеме боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алышты. Айыптоо токтомунда кандайдыр бир конкреттүү факты жок. Менин бирөөлөргө акча бергеним, барымтага алууну жана башаламандык уюштурууну даярдоо боюнча бир дагы түздөн-түз далил же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок. Ошондуктан "бирөөнүн айтканы боюнча" деген негиздеме менен кармап, камакка алганы жатышат.

Равшан Жээнбеков эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

Буга чейин Равшан Жээнбеков Кыяс Ысмаилов деген жаран менен беттештирилип, анын көрсөтмөсү боюнча кармалганы жарыяланган болчу.

Ошол эле кезде мурдагы президент Атамбаевдин жана Кой-Таш окуясы боюнча жоопко тартылып жаткан башка адамдарды коргогон адвокат Замир Жоошев эми анын өзүнө дагы Аскер прокуратурасынан суракка чакыруу келгенин билдирди:

- Суракка чакырууда мени тергөөгө күбөбү же кылмышка шектүүбү, иши кылып ким катары чакыртып жатканы дагы түшүнүксүз. Кайсы иш боюнча жана кандай макамда чакыртылып жатканым тергөөнүн чакыруу катында көрсөтүлгөн эмес. Анан калса, чакыруу аябай чукул жиберилген. Биринчиден, убактым болбогондуктан, экинчиден, чакыруу туура эмес толтурулган үчүн мен ал күнү Аскер прокуратурасына бара алган жокмун. Эгерде аны туура толтуруп, чакырышса, адвокат экениме карабастан тергөөгө барып, сурак бермекмин. Бирок мыйзам боюнча мен өзүм коргоп жаткан адамдар кылмышка шектелип жаткан болсо, аларга карата көрсөтмө берүүгө акым жок.

Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов 14-декабрь күнү таңга маал анын айдоочусуна карата коркутуп-үркүтүү болгонун айтып, муну ал өзүнө карата басым катары баалады.

Нурбек Токтакунов эки күн мурун милицияга берилген арыз өз учурунда каралбай жатканын белгиледи:

- Менин айдоочума эртең менен эрте саат алтыларда белгисиз бирөө кол салган. Ошол боюнча арыз жазсак, аталган арыз каттоого алынбай калыптыр. Окуядан эки күн өткөн соң гана каттоого алынарын айтышты. Бирок эмнеге өз учурунда арызды каттап, кылмышты иликтеп, ага катышы бар адамды кармап, жоопко тартышкан эмес. Ошол жерде маселе болуп жатат. Бизге тымызын коркутуп-үркүтүү аркылуу басым жасоо аракети жүрүп жатат.

Тактоону талап кылган жагдайлар

Анткен менен Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Исмаил Исаков барымтага алуу жана башаламандык уюштуруу фактысын тергөөнүн алкагында айрымдары камалып, кээ бирөөлөр суракка чакыртылып жаткан жагдайды саясий куугунтук катары карабайт. Анын айтымында, бул иште тактоону талап кылган учурлар бар:

- Мурдагы бийлик режимдеринин тушунда өзүнө каршы сын-пикир айткан адамдардын оозун жабуу үчүн кармап, камаган учурлар болгон. Бирок азыр андай эмес. Курсан Асанов менен Равшан Жээнбековдун деле өзүнүн коомдо орду бар адамдар. Анан азыр аларга куугунтук жасап, баса калып эле камакка ала турган учур эмес. Кой-Таш окуясында анча-мынча жагдайлар бар экен. Ошолорду тактап, аныктап туруп ал жагдайлардын чын-бышыгына чыгалы деген эле аракеттер бар. Анткени ал жакта адам өлүмү болду, аскер кызматкерлери барымтага алынды. Мына ошондо Равшан Жээнбеков алар менен биргеликте ал жакта чогуу жүрүштү да. Курсан Асанов болсо өзүнүн жетекчиси министрдин уруксаты жок, өзүмбилемдик менен сүйлөшүүгө барганын өзү ырастап, айтып берди. Анан дагы ал тартылып алынган курал-жарактарды колуна алып, окторун чыгарып, андагы манжа издери жок кылынганы белгилүү. Анан "Эмнеге мындай кылдың" деген суроо берсек, "Бирөө жарымына ок чыгып кетпесин" дедим дейт. "Мени да бирөө-жарым атып жибериши мүмкүн эле" деген ынанымсыз жообун берген. Биз андан "Эмнеге ал жакка кирип бардың, баштыкты эмнеге алдың" деген сыяктуу суроолорго так жооп ала алган жокпуз. Мына ошонун бардыгын эми тергөө аныктап чыгышы керек.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Урмат Самаев парламентте мурдагы президент Атамбаев менен Кой-Ташта өз алдынча сүйлөшүү жүргүзүп, анын колунан баштык алган жана үйдө куралдардын окторун чыгарган министрдин орун басары Курсан Асанов камалбай, бул үчүн анын жардамчысы түрмөдө отурган жагдайга кызыкты:

- Эмне себептен 22 жаштагы спецназдын кызматкери Пайзылда уулун ушул күнгө чейин камакта кармап турасыңар? Ошол эле кезде ага буйрук берген, баштыкты алып чыгып кетүүгө тапшырга берген министрдин орун басары Курсан Асанов боштондукта жүрөт. Аны деле үй камагына чыгарып алып эле сурай берсеңер болбойт беле?

Аскер прокурору Нуркамал Набиев Курсан Асановдун жардамчысы камалып, бирок ага буйрук берген министрдин орун басары эмнеге боштондукта калганын кыскача гана түшүндүрдү:

- Бул иш боюнча Пайзылда уулу тоскоолдук жасап, тергөөдөн качып кетүү тобокелчилиги болгон эле. Ошондуктан тергөө аны камоо тууралуу сотко өтүнүч келтирген. Ал эми курсан Асановго карата, анын тергөөдөн качып кетиши мүмкүн деген негиздеме болгон жок. Ошондуктан ал азырынча боштондукта жүрөт.


Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча парламенттин депутаттары Асел Кодураңова менен Ирина Карамушкина дагы суракка чакыртылган. Андагы барымтага алуу жана башаламандык боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов баш болгон бир нече адам кармалып, камакк алынган. Алардын арасынан Алга Кылычев тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG