Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны


Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.
Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.

Коопсуздук кеңеши Кой-Таш айылындагы мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны кармоого каршылык көрсөткөн кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Анда коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү чара көрүү тапшырылды. 7-августта Алмазбек Атамбаевди күч менен суракка алып келүү операциясы ишке ашпай калып, кагылышуунун кесепетинен эки тараптан жалпысынан сексендей киши жабыркап, атайын кызматтын бир аскер адамы окко учкан. Коомчулукта жана парламентте Алмазбек Атамбаевди биринчи жолу кармоо аракети ишке ашпай калганы сынга алынды.

Экинчи аракет: чечкиндүү кадам

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин чукул чакырылган жыйыны журналисттерден жабык өтүп, башында анда кандай конкреттүү чечим кабыл алынганы тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмү жыйындын соңунда Коопсуздук кеңеши Кой-Таш айылындагы коопсуздукту камсыз кылып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чечим кабыл алынганын жарыялады. Бирок анда кандай чара көрүлө турганы айтылган жок.

Кийин парламенттин чукул жыйынына келген президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, өзүн мыйзамдан жогору койгонун билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«“Бийлик алсыздыгын көрсөттү” деген ачык сынга карабастан, Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулуп, каршылык болгонуна карабастан, күч түзүмдөрү аягына чейин ок атуучу курал колдонушкан жок. Кан төгүлүп, бөөдө өлүм болбосун деп болгону желим ок атып, коргонуп турушкан. Биз бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да мекендештердин каны төгүлбөсүн дедик. Бирок Атамбаев тараптан атылган октон атайын кызматтын офицери каза тапты. Атамбаев кечээ күнгө чейин тергөөгө күбө катары чакырылса, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кой-Таш айылындагы түзүлгөн кырдаал боюнча чечим кабыл алынды. Эми ыкчам чаралар көрүлөт».

Мамлекет башчы жетектеген Коопсуздук кеңешинин курамына бардык күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын башчылары, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн тиешелүү жетекчилери кирет. Коопсуздук кеңеши “2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселесин талкуулады.

Үзгүлтүккө учураган биринчи «операция»

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Атамбаевди кармоо операциясын үзгүлтүккө учуратканы үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан кетүүгө үндөдү:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Атамбаев буга чейин эле «атайын бөлүк кармаганы келсе, куралым бар, атышам» деп ачык айтпады беле? Аны силер билгенсиңер. Керек болсо, анын үйүнүн ичинде атайын даярдалган, азыр силер айтып жаткан «бункер» бар экенин да билишиңер керек болчу. Атайын кызмат ошол үчүн атайын кызмат. Кечээ кечинде ал тарапташтарына чыгып, селфи жасап жатканда, анын жанында силердин атайын, алдын-ала ал жакка «киргизилген» адамдарыңар болушу керек эле. Мына ошондо аны ыкчамдык менен тез арада качырбай кармашыңар керек болчу. Бул эми ишке ашпай калган иш-аракет. Ошонун кесепетинен жарандар менен аскер адамдарынын ортосунда кагылышуу болду. Мына ошондой кагылышты болтурбай, кармоо жүргүзүлүшү керек болчу. Жыйынтыгы, бирөөнүн алмончоктой болгон уулу, бирөөнүн жубайы, бирөөнүн атасы болгон атайын даярдыктагы аскер адамы окко учту. Мына ушундай калпыстыкка жол бергени үчүн бул иш-чараны уюштуруп, аны башкарып турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматтан кетиши зарыл».

Атамбаевдин жообу

Буга чейин мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн короосунда тарапташтары менен жолугушуу учурунда 7-августтагы куралдуу кагылышуунун кесепеттери үчүн бийликти айыптады. Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаев өзүн коргоого алган тарапташтарында айып жок экенин айтып, аны кармоого аракет болгондо ал өзү курал менен коргонгонун айтты:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Бир канча жолу аттым. Туурага, жогоруга. Караңгы болчу. Мүмкүн, ок рикошет менен тийдиби же тийген жокбу, аны билбейм. Мен балдарга карай ок атып, аларга тийгизбегенге аракет кылдым. Бирок кимдир-бирөө улам аларды алдыга карай жылганга чакырып жатты. Мен башында эле каршылык көрсөтө турганымды айткамын. Анткени мен Сооронбай Жээнбеков тамагынан мууздай турган кой эмесмин. Ал эми кечээги болгон окуя үчүн, элге жана атайын бөлүккө жасалган зомбулук үчүн жоопкерчиликтин бардыгы Сооронбай Жээнбеков баштаган азыркы бийликте болот. Анткени бийлик».

Кармоо ыкмасындагы калпыстык

Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев 7-августагы Атамбаевди кармоо иш-чарасынын жыйынтыгын алдын-ала иштелип чыгып, ойлонулбаган аракет катары баалады:

«Ал жакта кырдаал башкача болгондуктан бул иш-чараны өзгөчө пландаштырып, уюштуруш керек эле. Мен бул жерде мындай операция кечинде же түнкүсүн болбой турганын айтаар элем. Мындай иш-чаралар адатта күндүзү же таңга маал жүргүзүлөт. Анан эми кечкисин же түн ичинде балдарды ал жакка жиберип, кагылышып, атышкандын кереги жок. Мына ошонун кесепетинен канча адам жабыркады? Алардын арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да болуп жатат. Бул жерде ким ошондой кемчилик кетирсе, ким ошол иш-чараны уюштуруунун башында турган болсо, ошол жетекчилер эми жооп беришет да».

Ошол эле кезде мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Кой-Таштагы кырдаалдын курчуп кетишине карата күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен катар эле мурдагы президент Атамбаевдин жоопкерчилиги да чоң экенин белгиледи:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

«Атайын кызматтар Атамбаевдин айланасында кимдер жүргөнүн алдын-ала билиши керек болчу. Анткени ошол адамдардын арасынан белгисиз бирөөлөрү куралданган болушу мүмкүн деген маалыматтар чыкты. Ошол жактан ок атылганы белгиленди. Андыктан бул иш-чараны жакшы пландаштырып, даярдабай туруп ишке ашырганы үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жооп бериши керек. Ошондой эле Атамбаев акылга келип, суракка барууга макулдук бериши зарыл. Анан Атамбаевдин үйүндө жүрөт деген жанагы куралчан адамдардын ким экени аныкталып, алар тез арада зыянсыздандырылып, анан жоопко тартылышы зарыл».

Ошондой эле 8-август күнү түштөн кечке жуук, Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция башталганы белгилүү болду. Кой-Таш айылына барган жол жабылып, айылдагы Атамбаевдин үйүнүн айланасында милиция кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, андан соң, милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алганы жарыяланган. Андан соң милиция Атамбаевдин тарапташтарын үйдүн сыртына сүрүп чыгарган. Үйдүн дарбазасын чопкутталган машине сүзүп кирип, узакка созулган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев колго түшүп бергени ырасталды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG