Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду директорлор кеңешинин жаңы курамына кирүү үчүн сынактан өткөн 68 талапкердин тизмесин жарыялады. Алардын арасында президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев менен өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин бир тууган инилери бар. Коомчулукта бийликтеги туугандар өлкөнүн кирешелүү тармактарын "мыкчып" алган көрүнүш жоюлбай келатканы сынга алынууда.
“Май токочко” кимдер чуркады?
“Электр станциялары”, “Улуттук электр тармактары”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалал-Абад электр”, “Кыргызтелеком”, “Манас аба майданы”, “Кыргыз темир жолу” жана “Кыргызмунайгаз” сыяктуу мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын директорлор кеңешинин резервдик курамы тандалды.
Сынактан өткөндөрдүн тизмесинен президенттин иш башкармалыгынын башчысынын иниси Кылычбек Коёналиев, өкмөттүн аппарат жетекчисинин иниси Уланбек Момуналиев, Казакстандагы элчинин уулу Канатбек Өмүралиев көзгө урунат. Башкаруу органдарынын кадрдык резерви боюнча мекемелер аралык комиссиянын өкүлү Токтайым Үмөталиева жогорку кызматтагылардын жакын туугандарынын директорлор кеңешине кирүүсүн мындайча мүнөздөдү:
- Мындай көрүнүш менен күрөшүү абдан оор. Нурханбек Момуналиев менен Туруспек Коёналиев инилерине директорлор кеңешине барбагыла деп өздөрү айтыш керек болчу. Бул - бийликтеги адамдардын жоопкерчилиги. Бирок бул нерсе эми кезинде Бакиев “менин туугандарым акылдуу болсо эмне кылайын” деп айткандай болуп жатат. Бул эми маселенин этикалык жагы. Бирок мыйзамда бийликтегилердин жакындары директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө барууга болбойт деген тыюу жок. Анан эми ысымдары аталган адамдар тесттен ийгиликтүү өтүштү. Талап кылынган мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Ошондуктан биз добуш бердик. Аларды өткөрбөгөнгө мыйзамдык жактан мүмкүн эмес болчу.
“Запастык аэродромго” айланган жай...
Ошол эле кезде директорлор кеңешине умтулгандардын арасында 2010-жылдан бери “Кыргыз темир жолу” компаниясын жетектеп келаткан Аргынбек Малабаев да бар. Ал жетекчи өз талапкерлигин ал жакка жылдырганга караганда директорлор кеңеши кызматтан кеткенден кийинки жылуу орунду камсыздоо жайына айланып бараткандай. Анткени жаңы курамга кирүүгө белсенгендердин көпчүлүгү мурда мамлекеттик үлүшү бар ири компанияларды жетектеп кеткендер же пенсиядагы саясатчылар.
“Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев бул боюнча мына буларга токтолду:
- Мына тизмедегилердин арасынан Султамуратов деген “Түндүк электрде” коммерциялык директор болуп көп иштеген. Ошол учурда электр энергиясын жоготуу элүү пайызга чейин жеткен. Анан эми мына ошого окшогон мурдагы жетекчилер директорлор кеңешине келүүгө моралдык укугу жок да. Анан дагы Кайдуев деген “Түндүк электр” ишканасынын башкы директору болгон. Ошол адам үч жарым миллион карыз менен чыгып кетип, эми кайра директорлор кеңешине кирем деп турат. Биз мына ушуга окшогон маселелерди көтөргөн үчүн үнүбүздү өчүрүп, өздөрүнүн көмүскө иштерин жашыруу үчүн булар кайрадан келүүгө кызыкдар. Саясатчылардан Нур уулу Досбол “Бишкек жылуулук берүү” ишканасынын директорлор кеңешине келген. Ал адам тармакты өзгөртүү боюнча ушуга чейин бир алгылыктуу сунуш айтканын көрө элекмин. Анан директорлор кеңешине ыңкылапчыбыз дегендер да кирип алышкан. Мен аларга “силер Максим Бакиевден ашып түшүп мамлекетти тоноп жатасыңар, биз ушул үчүн күрөштүк белек” деп айтсам, унчугушпайт...
Сынчылардын сыңар өтүгү майрыкпы?
Мамлекеттик үлүшү бар ири компаниялардын директорлор кеңеши мыйзам боюнча андагы кирешени бөлүштүрүп, башкарууну көзөмөлдөйт. Менеджментти дайындап, кадр саясатын аныктайт. Мына ушундай ыйгарым укуктарга ээ болгондуктан директорлор кеңешине өз адамдарын түрткөн саясий күчтөр көп. Ошондой эле буга чейин маалымат каражаттарында директорлор кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнө олчойгон маяна менен сыйлык акы чегерип алган фактылар жарыяланган болчу. Мыйзам боюнча ишкананын кирешесине карата гана маяна менен сыйлык акы чегерилүүгө тийиш.
Энергетика боюнча адис Бийназар Бердикеев тармактагы директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн өздөрүнүн ишмердиги күмөн жаратат дейт:
- Анан эми мына ошол ыңкылаптын арты менен ал жакка барып отуруп калган Жамансариев менен Сапар Аргынбаев өздөрү бирөөнү сындамыш болгону менен кылгандары башка. Директорлор кеңеши деген институт бизде базарга айланып калган. Анын мүчөлөрү өздөрүнө 45 миң сомдон жогору маяна коюп алышкан. Ага кошумча ай сайын сыйлык акы жаздырып алып турушат. Андагы директорлорду болсо, куурчакка айлантып алышып, өздөрүнүн кадрларын ар жакка коюу менен гана алек болгондор толтура.
Директорлор кеңешинин жаңы курамын иргеп алууда бул жолу Сапар Аргынбаев менен Осунбек Жамансариевдин талапкерлиги өтпөй калды. Бирок “Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев анын дарегине айтылган дооматка макул эмес. Анын себебин ал мындайча түшүндүрдү:
- Мени олчойгон айлык алат деп сындагандар бул жанагы ортомчу электр компаниялардын адамдары. Алардын артында өкмөттөгү чоң кишилер турат. Анан мен мына эки жылдан бери алардын жөн эле жерден миллиарддаган сом мамлекет эсебинен пайда көрүп жатканын айтып чыксам, мага каршы каралоо өнөктүгүн башташты. Ооба, мен иштеген ишиме жараша жакшы айлык алам. Бирок анын өлчөмү биздеги башкы эсепчинин бир жылдык маянасы.
Мамлекеттик үлүшү бар ири ишканалардын директорлор кеңешине мүчөлүккө резервдик талапкерлерди иргеп алуу мурдагыга караганда ачык өттү дегендер да бар. Талапкерлерди тандоодо быйыл биринчи жолу тестирлөө жана аңгемелешүү боюнча сынактар болду. Сынактарга жалпысынан алты жүздөн ашуун адам катышып, анын ичинен 68 талапкер иргелип алынган. Эми мына ошол резервдик тизмедеги талапкерлер директорлор кеңешиндеги бошогон орундарга барып иштөөгө укук алат.