25-июнда “Ала-Арча” резиденциясында Коомдук байкоочу кеңештердин мамлекеттик органдар менен кызматташуусун арттырууга арналган окуунун ачылышына катышкан президент Роза Отунбаева айрым мамлекеттик мекемелердин ачык-айкын эместигин сындады.
Президент мындай жагдайлар элдин бийликке болгон ишенимин жоготот деп эсептейт. Ал Байкоочу кеңешти эл менен бийлик ортосуна көпүрө болууга чакырууда.
- Көптөгөн министрликтерде министрлер өздөрү талаштуу, орчундуу маселелерди чечүүдө байкоочу кеңешти колдонуп атышат. Менимче, бул өтө маанилүү. Байкоочу кеңеште коомчулкка белгилүү, акыркы он жылда бул системадагы ачыктык үчүн күрөшкөн адистер, илимпоздор, эксперттер кирген. Тилекке каршы, министрликтер бардык маселелерди толук кандуу жана сапаттуу чече албай калат. Азыр мамлекет мага эмне кылды дегендей абал болуп атат. А сен эмне кылдың мамлекет үчүн? Сындаганга бардыгыбыз устабыз. Мамлекет үчүн да бир салым кошуш керек. Келгиле, азырынча акысыз бир нерсе жасайлы. Байкоочу кеңеш интеллектуалдык потенциялын салып атат. Бул өтө маанилүү.
Кырктан ашуун мамлекеттик органдардын ичинен Энергетика министрлигинде гана министр Аскарбек Шадиев өзү байкоочу кеңештин тең төрагасы экен. Шадиев жыйында ийгиликтүү иштеп жатканын айтып бүткөнчө эле жыйын катышуучулары анын Байкоочу кеңештин теңтөрагалыгын өткөрүп берүүнү суранып чыгышты.
Коомчулук арасында айрым байкоочу кеңештердин мүчөлөрү болуп ошол тармакта мурда-кийин иштеген, кандайдыр бир деңгээлде ошол органга көз каранды жана профессионал эмес адамдардын келип калганы деле айтылып жүрөт. Айрымдар тааныш, тууганчылдык, куда-сөөк, жердешчилик жана кландык, жамааттык система өөрчүп-өнүгүп турган шартта Байкоочу кеңештерден жакшы натыйжа чыкпайт дешет.
“Укук жана демократия борборунун” жетекчиси Идирис Кубатбеков мамлекеттик органдарды көзөмөлдөөчү орган болгону жакшы деп эсептейт. Бирок ал мүчөлөрүнүн компетенттүү болуп, аларды атайын окуулардан өткөрүүну сунуштоодо.
- “Туулганына эмес, турганына сүйүн” дегендей Байкоочу кеңештердин курамы менен таанышып чыктым. Бардык эле министрлик, комитет, жергиликтүү органдарга компетенттүү же өзүнүн позициясы бар, нейтралдуу иштеп келген адамдар келген эмес. Алардын айрымдары мурда ошол тармакта иштеп кеткен, пенсия курагындагы, мамлекеттик органдараг көп жыл кызмат кылган жана ошол кызматка кандайдыр бир көз каранды болгон жагдайы бар адамдар кирип калган учурлар кездешет. Экинчиден, Байкоочу кеңеш тууралуу атайын жарлык чыгып, жоболор кабыл алынган. Бирок ошол боюнча иштеп жатканын көргөн жокмун.
Бешинчи дөңгөлөкпү?
Тышкы иштер министрлигинин Байкоочу кеңешинин жыйынына барып калдым. Байкоочу кеңеш Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен өкүлчүлүгү, эшик каккылап кезекте турган кыргызстандыктар туурасында “Азаттыкта” жарыяланган макаланы жана окурмандардын элчиликтерге карата айткан сын-пикирлерин талкууламак. Анда көз салып турган адам катары байкоочу кеңештин айрым өкүлдөрү макалада жарыяланган элчиликтин ишмердүүлүгүн эмес, ошол материалдын жазылышын талкуулап, министрликке жан тарткандай түр калтырды.
Ал эми журналист Жаныбек Жанызак бардык мамлекеттик мекемелер эч кандай көзөмөлү жок деле ачык-айкын иштегенге милдеттүү деп эсептейт.
- Министрлик эч кандай камчылоосуз, шапалактоосуз эле өздөрү мыйзам чегинде ачык, так иштеш керек. Анан алардын үстүнөн Байкоочу кеңеш уюштуруп, кийинчерек ал байкоочу кеңештин үстүнөн дагы көзөмөлдөөчү орган түзүп, анан биринчиси биз көп иштеп койдук деп өзүнчө бир түзүмгө айланып калбайбы дегендей да. Андан көрө ар бир министрликтин өзүнчө жеке иштеген кишиси болуп турушу керек. Ал ачык телефонду байма-бай ММКлардан жарыялап туруш керек. Басма сөздөн өткөн Байкоочу да болушу мүмкүн эмес. “Кол ийрисине тартат” болот да, ошол министрлик өзүнүн ичинде чайкоочулук кылат. Премьер-министр деле отурбайбы, ал эмне иш кылат министрлерин карабай. Бул эми унаанын бешинчи дөңгөлөгүндөй болуп атат.
Мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган байкоочу кеңештер прездент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өткөн жылдын ноябрь айынан тарта түзүлө баштаган. Бул кеңештер мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү, каражаттардын туура сарпталып жатышына коомдук көзөмөлдү орнотуу максатында бардык министрликтерде түзүлгөн. Мындай байкоочу кеңештер, көзөмөлдөөчү органдар башка өнүккөн өлкөлөрдө да бар.
Байкоочу кеңешке кимдер келген?
Президент мындай жагдайлар элдин бийликке болгон ишенимин жоготот деп эсептейт. Ал Байкоочу кеңешти эл менен бийлик ортосуна көпүрө болууга чакырууда. - Көптөгөн министрликтерде министрлер өздөрү талаштуу, орчундуу маселелерди чечүүдө байкоочу кеңешти колдонуп атышат. Менимче, бул өтө маанилүү. Байкоочу кеңеште коомчулкка белгилүү, акыркы он жылда бул системадагы ачыктык үчүн күрөшкөн адистер, илимпоздор, эксперттер кирген. Тилекке каршы, министрликтер бардык маселелерди толук кандуу жана сапаттуу чече албай калат. Азыр мамлекет мага эмне кылды дегендей абал болуп атат. А сен эмне кылдың мамлекет үчүн? Сындаганга бардыгыбыз устабыз. Мамлекет үчүн да бир салым кошуш керек. Келгиле, азырынча акысыз бир нерсе жасайлы. Байкоочу кеңеш интеллектуалдык потенциялын салып атат. Бул өтө маанилүү.