Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Касиев: Коога маалында Ассамблея четте турган


Коомдук ишмер, мурунку мамлекеттик катчы Накен Касиев Кыргызстан калкы ассамблеясынын курултайын утурлап “Азаттыкка” кеп салды.

“Азаттык”: 17-июнда Кыргызстан Эл ассамблеясы кезексиз курултайга чогулганы жатат. Кыргызстанда курултайлардын көптүгүнөн бул жыйындын баркы кетип жаткан жокпу?

Накен Касиев: Тез-тез жана ар кандай күчтөр өткөргөн курултайлардын айынан илгертеден ата-бабабыз өткөрүп келген чоң курултайлардын мааниси кемип жатат. Менимче, биригип кошула албай жатканыбыздын да бир себеби ушул болсо керек. Ошондуктан Кыргызстанда элдердин ассамблеясынын алдында курултай өткөрүлүп турса жакшы эле болмок. Кыргызстанда кыргыздардан башка 80ге жакын улут бар. Ошол улуттардын башын кошкон кыргыз журтчулугун, кыргыз элин бириктире турган курултай өткөрүлүп анан эң жакшы ой менен түзүлгөн ассамблеянын кадыр-баркын калыбына келтирип алсак жакшы болот эле.

“Азаттык”: Бул ассамблея өзүнүн озуйпасын аткарып жатат деп ойлосузбу?

Накен Касиев: Бул уюм башында озуйпасын абдан жакшы аткарган. Министр, андан кийин мамлекеттик катчы катарында мен буга катышканмын. Оюбуз башкача эле. Кыргызстанда айрыкча улуттар аралык маселени чече турган курал катарында, ошону жакшы алып кете турган уюм катары түзүлгөн. Биринчи Сопубек Бегалиев төрага болуп иштеп турганда уюм өзүнүн вазийпасын абдан жакшы аткарган. Тилекке каршы муну да бийликтегилер шайлоолордун алдында колдонулуучу куралга айландырып, президенттин аппаратынын жетекчиси башчы болуп алышы эле ассамблеянын кадыр-баркын дагы түшүрүп башка нукка буруп жиберди.

“Азаттык”: Ассамблеяны андагы айрым диаспоралардын өкүлдөрү калканыч катары гана пайдаланышат. Артында туруп алып бийлик менен соодалашат, алтүгүл мыйзамсыз иштер менен да алектенишет дешет. Бул сөздөр канчалык жүйөлүү?

Накен Касиев: Бул абдан туура. Диаспоралардын башчыларын тандаганда, шайлаганда бул уюмдун маанисин, келечекте аткара турган иштерди түшүндүрүп, улуттар аралык иштерди жакшы жүргүзсөк, башына таза жакшы адамдар келсе ассамблеяны иши жакшы жолго коюлат эле. Кээде бизнес менен алектенген, кээде кокусунан эле келип калгандар болуп шайлоолордун алдында муну “кызыл кулактык” кылып, ишин башка нукка буруп жиберген учурлар айрыкча акыркы жылдары абдан көбөйдү.

Ассамблея жаңы уюшканда түзүлгөн уставды кайра карап чыгып, ошону калыбына келтирип, кадрлар маселесин талдоо керек. Уюмдун түпкү максаты улуттар арасындагы тынччылыкты сактоо эле.

“Азаттык”: Кыргызстанда былтыр улуттар аралык ири жаңжал орун алды. Ушул абалды жөнгөрүүгө ассамблеянын салымы болдубу?

Накен Касиев: Салым кошмок тургай, дайыны да чыккан жок. Себеби акыркы жылдары мен жана айткандай өзүнүн жүзүн да, ишин да токтоткон. Себеби анын башына кокусунан келген адамдар турган. Айрыкча президент Бакиевдин убагында бийликтин гана буйругун аткарып, уюмдун аброюун түштү. Салым кошмок тургай эч кандай иш кылган жок. Мурун мен айткан убактарда ассамблеяда пландык иштер болчу. Ошондой чыр-чатакка жеткирбеш үчүн көп нерселер жасалган, элдин алдында, президенттин алдында отчет беришкен. Коогада тилекке каршы уюм байкоочу катарында гана туруп берди.

“Азаттык”: Ассамблея эртеңки курултайында эмнелерди эске алышы керек?

Накен Касиев: Алгач уюшканда жасалган жакшы иштерди эске алышы керек. Ал иштерди калыбына келтириш керек. Эртеңки күндү жакшылап ойлонуп туруп ассамблеяны түз жолго шыдыр алып кетишибиз керек. Анан аны президенттин администрациясынын алдынан алып чыгышыбыз керек. Себеби уюм администрациянын бир бөлүмү эмес да. Ассамблея деген андан да жогору, бийигирээк турушу керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG