Сот аткаруу департаменти сот аныктамасына байланыштуу каналдын мүлкү каттоого алынып жатканын жана ал жооптуу кароого гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн экенин билдирди. Бирок телеканалдын юристи ушул иш-чаранын өзү телекомпаниянын жумушун токтотушу мүмкүн экенин белгиледи. Телеканалдын өкүлдөрү НТС аны 2008-жылы тартып алган Максим Бакиевге таандык "Grexton capital LTD" компаниясынын дооматына дуушар болуп жатканын да билдирип жатышат.
Ылдам чыккан сот аныктамасы
Сот аткаруу департаментинин кызматкерлери НТС телеканалынын мүлкүн эсептеп, ага бөгөт койгону 20-декабрь күнү дагы келишти. Анткени Бишкек район аралык сотунун 19-декабрдагы аныктамасында "Grexton capital LTD" деген компания "Аянт" жана "Трастмеди" деген ишканаларга доомат коюп, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап катары көрсөтүлгөн. Бирок анда ошол эки мекемеден мурун НТС телеканалынын мүлкүнө жана техникасына бөгөт коюу боюнча чечим чыккан. Анткен менен аныктамада "Grexton capital LTD" компаниясынын НТС телеканалына койгон дооматы эмнеге байланыштуу экени көрсөтүлгөн эмес.
НТС телеканалынын башкы редактору Миржан Балыбаев соттук аныктаманын өзү түшүнүксүз болуп жатканын айтты:
Эмнеге башка жагдайларын териштирбей туруп эле, биздин телеканалдын жетекчилиги чакырылбаган соттун чечими менен анын мүлкү камакка алынышы керек?
- Сот космостук ылдамдык менен аны карап чыгып, аныктама чыгарып, ошол эле күнү кечинде саат бештер чамасында телеканалга сот аткаруучулар кирип келишкени бизде чоң шек туудурду. Анан дагы бул сот ишинде НТС жоопкер эмес, үчүнчү тарап катары өтүп жатат. "Анда эмнеге башка жагдайларын териштирбей туруп эле, биздин телеканалдын жетекчилиги чакырылбаган соттун чечими менен анын мүлкү камакка алынышы керек?" деген суроо турат.
НТСтин мүлкүнө доомат арткан "Grexton capital LTD" компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович телеканалды басып алуу максаты жок экенин айтып, маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, доогер "Grexton capital LTD" компаниясы НТСке бир учурда тиешеси болгон "Аянт" жана "Трастмеди" мекемелерине салган 2 миллион 357 миң доллардан ашуун инвестициясын кайтарууну көздөйт. Елена Дзимидович ал каражат НТСти өнүктүрүүгө жумшалган деп эсептейт. Бирок ал "Grexton capital LTD" компаниясынын кожоюндары катары айтылып жүргөн Максим Бакиев менен Сергей Костыринди тааныбай турганын билдирди.
Елена Дзимидович тескерисинче, 2010-жылы телеканал басып алынган деп эсептейт.
- Баштапкы компания - "Аянт" жоопкерчилиги чектелген коому - негизги кредитор болгон. Бирок, баарыңыздар билгендей, 2010-жылы апрель айында өлкөдө массалык башаламандык болду. Буга байланыштуу андан айрым адамдар пайдаланып калышкан. Анын ичинде Өмүрбек Бабанов дагы бар.
Максимдин карааны
Бирок НТС телеканалына карата ишти аны тартып алуу аракети катары баалаган, быйыл Бабановдун шайлоо штабында кеңешчилик кылган медиа-эксперт Мирсулжан Намазалиев доогер компания Максим Бакиевге караштуу компаниялардын тобуна кирерин айтты.
Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания буга чейин дагы рейдерлик аракеттер менен алектенген.
- "Grexton capital LTD" компаниясынын директору Сергей Костырин болгон. Ал Максим Бакиевге таандык компаниялар тобуна кирчү. Ошол эле Сергей Костырин "25 кадр" ЖАКнун да жетекчиси болгон. Бул топ "Пирамида", анан "КООРТ" телеканалдарын, кийин 2008-жылы НТС телеканалын басып алуунун башында турган. Костырин Максим Бакиевдин ишенимдүү кишиси болгон. Бул сыяктуу бир топ рейдерлик басып алуунун артында Сергей Костырин менен Максим Бакиев турган. 2010-жылдагы окуядан кийин гана ошол топтон кутулган элек. Эми ал топ кайра пайда болуп, Бишкекке келип, НТС телеканалын сот аркылуу доого жыгып жатканы кызык. Алар менен Минскиге барып ким сүйлөштү? Бул кимдин кызыкчылыгындагы иш болду? Ушул жагы азыр белгисиз болуп турат. Бирок акыры бир күнү ачылат.
Анткен менен "Grexton capital LTD" компаниясынын кызыкчылыгын коргош үчүн Елена Дзимидовичке берилген ишеним катка бул компаниянын башкы директору катары Минск шаарында жашап жатканы көрсөтүлгөн мурдагы эле Сергей Костыриндин колу коюлган документтин көчүрмөсү Интернетке жайылды.
Талаштуу жагдай
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар экенин айтып, бирок НТСке байланыштуу талаш маселе бар экенине токтолду:
- Сотко доо арыз берген компаниянын Максим Бакиевге тиешелүү болгону, ишеним катка Минскиде кол коюлганы бул экөө өз учурунда кызматтык же коммерциялык алакада болгонун ырастап турат. Азыр эми бул жагдайда кимдердин кызыкчылыгы ойноп жатканы да ачыкка чыгат. Бирок НТС телеканалына байланыштуу башында эле талаштуу маселе бар эле. Ал башында ВОССТ деп аталчу, убагында Хон деген ишкерге таандык болгон. Кийин Бабановго өтүп, андан соң 2008-жылдары Максим Бакиевдин карамагында болду. Анан ал 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин эмне үчүн улутташтырылбай калган деген да маселе бар.
Сот департаментинин маалымат кызматы НТС телеканалы боюнча түшүндүрмө берди. Анда соттун аныктамасын аткарыш үчүн телеканалдын мүлкү гана каттоого алынып жатканы жана ал басып алуу эмес экени көрсөтүлгөн. НТСтин жетекчилиги менен жолугуп, документтерди текшере баштаган сот аткаруучулар жагдайдын мыйзамдуулугу боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Ысымын атагысы келбеген сот аткаруучу мындай деди:
- Биз бул жумушту бүтүргөндөн кийин расмий түрдө комментарий берели. Азыр тиешелүү жол-жоболорду аткарып жатабыз. Жасалган иштин жыйынтыгы боюнча гана расмий түрдө маалымат бере алабыз.
Каналды жабуу аракети
Анткен менен НТС телеканалынын юристи Амантур Абдрахманов мүлктү каттоого алуу жана ага бөгөт коюунун башталышы телеканалдын ишин чектөөгө алып келерин билдирди. Юрист сот аткаруу баракчасындагы талаптарды чечмелеп берди:
- Сот аткаруучулар бул имаратта кандай жабдуу бар болсо, ошонун баарын каттап киришти. Алар азыркы учурда кандай аталышта кандай мүлк бар экенин тактап жатышат. Ошондон кийин сот аткаруучулар бул мүлктү каттап бүтүп, аны башка бирөөгө жооптуу кароого өткөрүп берсе, анда биздин телеканал аны пайдалана албай калат. Ошондуктан телерадиокомпания жабылып калышы да мүмкүн.
Буга чейин өкмөттүк түзүмдөр НТС телерадиокомпаниясына караштуу "Санжыра" радиосунун тиешелүү жыштыкта иштөө мөөнөтүн узартуудан да баш тартышкан болчу. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет мындай чечим НТСтин айланасындагы кырдаалга байланыштуу эмес экенин жарыялаган. Комитет баш тартуунун себебин жыштыкка ээлик кылуу укугун узартуу боюнча арыздын кеч берилгени менен түшүндүргөн.
Ошентип, азыр НТС телеканалынын айланасындагы жагдай арасат бойдон турат. Анткени телеканалдын имаратына жана анын мүлкүнө ушу тапта бир нече кожоюн ээлик кылгандыктан, укуктук жактан аларга бөгөт коюуга мүмкүн эмес экенин парламент депутаты Алтынай Өмүрбекова дагы сот аткаруучуларга эскертип кетти.