Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Сапар Исаков президенттикке ат салышпайт


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков бийликтин талапкери катары шайлоого катышпай тургандыгын жарыялады.

Исаков бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаеванын сынына жооп берип жатып билдирди. Отунбаева бийлик сунуштаган "Таза коом" долбоору бийлик талапкеринин шайлоо программасына айланышы мүмкүн деп чочулап, эл аралык донорлорго кайрылган эле.

Сапар Исаковдун президенттик шайлоого катышпай турганы жана "Таза коом" долбоору боюнча экс-президент Роза Отунбаевага жообу камтылган билдирүү 15-майда өлкөдөгү маалымат агенттиктеринин бирине жарыяланды.

Аталган билдирүүдө "Таза коом" долбоору эң алгач Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталганын жана аны президенттик шайлоо менен байланыштыруу орунсуз экени айтылат.

"Таза коом" долбоору биздин өлкөнү алга сүрөйт. Бул Кыргызстандын келечегинин долбоору. Бул идеяга каршы чыгып, Роза Исаковна өлкөнүн өнүгүшүнө каршы чыгууда",-деп белгиленген Исаковдун жообунда.

Ошондой эле билдирүүдө Сапар Исаков алдыдагы президенттик шайлоого катышпай турганын, ошондуктан долбоорду шайлоо алдындагы программа катары кабыл алуу туура эмес экенин баяндаган.

"Мен саптар арасында калган маанини окуп, Роза Исаковна эл аралык донорлорду "Таза коом" долбоорун колдобоого чакырып жатат деген жыйынтыкка келдим. Экс-президенттин мындай позициясы абдан таң калтырды. Аталган долбоорду алдыдагы өлкө башчысынын шайлоосу жана мени менен байланыштырууну орунсуз деп эсептейм, анткени менин өлкө президенттигине ат салышуу ниетим жок”,-деп айтылат Сапар Исаковдун билдирүүсүндө.

Ошондой эле комментарийде экс-президенттин "учурдагы бийликке Акаевдин-Бакиевдин кадрлары жуурулушту" деген сөзүн четке кагып, президент Атамбаевдин командасында кесипкөйлүккө маани берилери белгиленген.

Президенттик аппараттан чынында эле маалымат агенттиктерине жарыяланган билдирүү Сапар Исаковдун бул маселе боюнча позициясы экенин ырасташты.

Сапар Исаковдун бул билдирүүсү экс-президент Роза Отунбаеванын өткөн аптада шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө арналган жарандык форумдагы сөзүнө жооп катары таратылды.

Форумдун жүрүшүндө Роза Отунбаева өлкөдөгү акыркы абал боюнча кеңири баяндама жасаган.

Анда Отунбаева "Таза коом" долбоору бийликчил партиядан президенттикке талапкер үчүн шайлоо алдындагы платформага айланбашы керек деп белгилеген эле:

- Биз эл аралык коомчулукка өлкө үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык программаны даярдоого керектүү каржылык, эксперттик жардам бергени үчүн ыраазыбыз. Бирок кызыкчылыктар кагылышынан качыш үчүн шайлоо өнөктүгүнө киришип жаткан чакта бул документти колдонуу жана максатына тактык киргизүү үчүн донорлор коомчулугуна кайрылгым келет. Бул документ бийликчил партиянын талапкеринин шайлоо алдындагы платформасы болбошу керек. Бул келечекте Кыргызстандын эли, өкмөт, парламент жана президент аткарышы керек болгон жалпы улуттук документке айланышы зарыл.

Ошондой эле Роза Отунбаева аталган документ шайлоого чейин элге жарыяланып, президент болууну каалаган ар бир талапкерге багыт бериши керектигин кошумчалаган эле.

40 жаштагы Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген адамдарынын бири. Муну Атамбаев да бир нече айткан жайы бар.

Исаков быйыл март айында аппарат жетекчилигине дайындалган соң өлкөнү Туруктуу өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясы иштелип чыгары жарыяланып, анын бир бөлүгү катары "Таза коом" улуттук долбоору айтылган. Долбоорду өлкөдөгү маанилүү тармактарда инновациялык программалар аркылуу ишке ашыруу каралган эле. Бул долбоорду иштеп чыгууга Сапар Исаков жооптуу болуп, бир нече эл аралык уюмдар менен жолугушууларды өткөргөн.

Бийлик партиясы Социал-демократтардан алдыдагы президенттик шайлоого ким ат салышары ачык айтылбагандыктан, ыктымал талапкерлердин сап башында Сапар Исаковдун аты аталып келе жаткан. Эксперттер Исаков президенттик шайлоого катышпасын ачык айтышы "Таза коом" долбоорун шайлоо менен түздөн-түз байланыштырууну четке кагарын айтышууда.

Маселен, эксперт Эмил Жураев Отунбаеванын баяндамасы бул жаатта ачыктыкка салым кошту деген пикирде:

- Бул баары бир ачыкка чыкмак. Бүгүн болбосо эртең ачыкка чыкмак. Бирок Роза Отунбаеванын айткан сөзү Сапар Исаков болобу же башка талапкер болобу, Социал-демократтар партиясы үчүн инструментке айланып кетпесин деген эскертүү болду.

Ал эми президентке караштуу Башкаруу академиясынын мурдагы ректору Алмазбек Акматалиев өлкөнүн багытын аныктачу стратегиялык долбоорлорду ашкере саясатташтыруу туура эмес экенин айтууда:

- Бир чети саясий өнөктүк, саясий атаандашуу жагынан караганда талкуунун чыгышы туура. Экинчи жагынан донордук жардам алыш үчүн алардын башын бириктирип, долбоор иштеп чыгуунун мөөнөтү деле жок. Колдон келсе, Кыргызстан, анын келечеги үчүн кайсы учур болбосун программаларды иштеп чыгып, кеңеш бериш керек. Ошондуктан мындай стратегияларды саясатташтыруунун кереги жок. Эки тарап тең саясатташтырып жатат.

Учурда Кыргызстанда президенттик шайлоонүн мөөнөтү аныктала элек болсо да, мамлекет башчылык үчүн ат салышууга ниеттенген бир нече саясатчы жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушууда. Бул жагынан акыркы кездери "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов, "Ак шумкар" саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев саясий ишмердигин жандантты.

Ал эми бийликчил Социал-демократтардан кимдин талапкер чыгары ачык айтыла элек. Партиянын мүчөлөрү бул маселе жакын арада өтчү курултайда аныкталарын жана тийиштүү чечим кабыл алынарын айтып келишет. Буга чейин ыктымал талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун аты да аталып келген.

Ал эми Жогорку Кеңештин спикери, КСДПнын лидерлеринин бири Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкерлиги коюлушу мүмкүн экенин четке каккан жок. Бул тууралуу ал 16-майда "Спутник-Кыргызстан" радиосунун түз эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып:

- Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм, - деген Турсунбеков журналисттин "балким ошолордун бири сиз?" деген суроосуна "балким" деп жооп кайтарды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG