Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:26

Кара-Суу: акимди шайлоо коркутуу менен коштолду


Райондун 100дөй тургуну шайлоонун акыйкатсыз өтүп жатканын айтып, акимчилик алдына нааразылыкка чыкты. 6-февраль, 2012.
Райондун 100дөй тургуну шайлоонун акыйкатсыз өтүп жатканын айтып, акимчилик алдына нааразылыкка чыкты. 6-февраль, 2012.

Кара-Суу районунда аким шайлоодо депутаттар коркутууларга дуушар болгонун айтып чыгышты.

Шайлоого катышуудан баш тарткан 9 депутат жаңы келген аким Тилек Матраимов депутаттардын добушун кысым көрсөтүү жана сатып алуу аркылуу алгандыгын ачыктоодо. Ал эми райондун жаңы жетекчиси мындай маалыматтарды четке кагууда.


Аким шайлоонун азап-тозогу

Коркконуман 2-3 күндөн бери жакшыраак уйку да жок, бир жерде олтура да албай жатам. Ушу кезге чейин мындай кордукту көргөн эмесмин.


Кара-Суу райондук кеңешинин депутаты Тынара Артыкова аларга коркутуулар акимдик орунга сунушталгандардын бири Тилек Матраимов тарабынан болгондугун ачыктады:

- Килейген-килейген балдарын артыбыздан салып койду. Ишке да, үйгө да барышат. Жумушта турганыбызда эшигибизди тепкилеп кирип келишип, сөгүнүп сагынып, коркутушкан. Ал эмес үйгө чейин барып алышыптыр. Коркконуман 2-3 күндөн бери жакшыраак уйку да жок, бир жерде олтура да албай жатам. Мен депутат эле эмес, 10 баланын энесимин. Ушу кезге чейин мындай кордукту көргөн эмесмин. Биздин 3-4 депутат балдарды тепкилеп жибершити ал эмес. Ошолорду тепкилеп жатканын көрүп, мен эне катары жүрөгүм чыдабады.

Артыкованын белгилешинче, коркутуп-үркүтүүлөрдүн айынан бир нече депутат кызматтан кетип, 15тей депутат жашаган жерлерин убактылуу которууга аргасыз болгон:

- Булар бийлик үчүн бардык нерседен кайра тартпаган немелер экен. Атамбаев деле, Бабанов деле «шайлоо таза өтсүн, бийлик өкүлдөрү аралашпасын» деп айтканы менен иш жүзүндө шайлоо башкача. Бул шайлоодо Матраимовдун Ош облусттук бажыканасынын башчысы болуп иштеген, Түштүк аймак боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп иштеген бир тууган агалары киришип алышты. Башкалар муну ачык айтыштан коркуп турушат. Бирок мен байлыгым да жок, кызматым да жок, эч нерседен коркпойм. Балдарымдын алдында абийирим таза болсун деп ушунун баарын кулактандырып атам.
Матраимов бизге күч колдонуу же, сатып алуу аракетин көрсөткөндүктөн биз шайлоого катышпадык...

Буга чейин маалым болгондой, 3-февралга белгиленген шайлоо 6-февралга жылып кеткен. Депутаттар мунун себебин да анын жыйынтыгын бурмалоого болгон аракет катары мүнөздөшөт.

Акимчилик район акимин шайлоо учурда милиция менен курчалып турду.
Акимчилик район акимин шайлоо учурда милиция менен курчалып турду.
Каршылык билдирип, шайлоого катышпаган депутаттардын бири Шүкүр Арстанбеков буларга токтолду:

- Акимди шайлоого биз 9 депутат атайы каршылык билдирип катышкан жокпуз. Анткени Матраимов бизге күч колдонуу же, сатып алуу аракетин көрсөткөндүктөн биз ушундай жолго бардык. 24 депутат чогулган жыйында 2 депутат «бизге Тилек Матраимов 5 миң доллардан берди, албасаңар каалабаган нерселерди кылабыз» деп коркутту деп айтышты. Кудай акы, буга ошол жердеги депутаттардын баары күбө. Ал тургай, балаңды иштен кетирем, бир туугандарыңды кызматтан алам деп үркүткөнгө чейин барышты.


...Аким болуш бир паста


Бирок ошого карабай Тилек Матраимов шайлоого катышкан 21 депутаттын 20сынын добушун алып, аким болуп бекиди. Шайлоо журналисттердин катышуусунда ачык эле өткөн менен, милиция кызматкерлери акимиатты тегеректеп турду. Райондун 100дөй тургуну шайлоонун акыйкатсыз өтүп жатканын айтып, имараттын алдында нааразылыкка чыгышты.


Алардын бири Минавар Саитова “Азаттыкка” мындай деди:

- Эгер бийликке акча чачып келип жаткан болсо, ал кайра сөзсүз ошол акчаны жыйнап алат. Ал кайдан алмак эле, мамлекеттик казынадан алат да. Бул жиндиге деле белгилүү нерсе. Демек көп акча менен келген киши ал коррупцияны гүлдөтө гана албаса, аны өмүрү да токтото албайт. Тескерисинче, бирөөнү ишке алса да, акча менен алып келет. Так ушундай көрүнүштөрдүн айынан биздин балдарда да 2 эле түшүнүк болуп калды: «Байлгны бар адам бийликке олтурат, бийлиги бар адам бай болот» деген. Биз мына ушуга каршы болуп атабыз.
Далили жок эле сүйлөп атышат алар. Мен эч кимисине бир сом да берген жокмун. Депутаттардын өз укук-милдеттери бар...


Ал эми жаңы шайланган аким Тилек Матраимов өзүнө карата айтылып жаткан айыптоолорду четке кагууда. Анын айтымында, депутаттар ага жөн гана жалаа жаап жатышат. «Ошого карабай аймакта өз ишимди ынтымакты чыңдоодон баштайм» деп ачыктады жаңы аким:


- Эми бул-кеп сөздүн бардыгы жалган. Далили жок эле сүйлөп атышат алар. Мен эч кимисине бир сом да берген жокмун. Депутаттардын өз укук-милдеттери бар. Аларга эч ким кирише албайт. Анан алар өз укуктарынан пайдаланып, акимдикке мени шайлап алышты. Демек, мага ишеништи. Так ушул ишенимди акташ үчүн эми мен да жакшы иштешим керек. Биз ишти алгач эле райондун экономикасын көтөрүүдөн баштайбыз. Анан сөзсүз түрдө эл арасында бейпилдик, ынтымак орнотобуз.

Тилек Матраимовдон башка Кара-Суунун жетекчи оруну үчүн райондук кеңештин төрагасы Бакыт Каратаев, аким орун басары Каныбек Кимсановдор сунушталган. Жаңы дайындалган аким буга чейин ушул эле райондун Жоош айыл округун жетектеп турган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG