Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Жаңы өкмөт курамы кандай болот?


Жогорку Кеңеште парламенттик коалиция түзүлгөн соң өкмөттү куроо аракеттери башталды.

Жаңы альянс мүчөлөрү өкмөттүн негизги курамы өз ордунда калса да, айрым министрлер өзгөрөрүн айтышууда. Жаңы коалиция кандай шарт менен түзүлдү жана жаңы өкмөткө кимдер келет?

Социал-демократтар, «Кыргызстан» жана «Бир бол» фракциялары көпчүлүк коалицияны түзгөнү бейшембиде расмий жарыяланды. Аталган фракция лидерлери үч партиянын саясий көз караштары дал келгени үчүн бириктик деп түшүндүрүшүүдө.

Расмий аталышы аныкталбаган коалиция премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековду калтыруу чечимине келишкен.

Ал эми өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болорун Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» айтып берди:

- Коалициянын шарты боюнча өкмөттүн башчылыгына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин кайрадан сунуштоону чечтик. Эми болочок премьер-министр өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын сунушташы керек. Коалициянын конфигурациясы өзгөргөн соң министрлер кабинетинин курамына да таасири тиет. Өкмөттүн курамынын болжол менен үчтөн бири өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми талапкердин персоналдык курамы, өкмөт менен кеңешип, кийинки жуманын башында белгилүү болду.

Иса Өмүркулов жана Алмазбек Атамбаев
Иса Өмүркулов жана Алмазбек Атамбаев

Иса Өмүркулов өкмөт түзүмүндө кандай өзгөрүү болорун жана кайсы жетекчилер алмашарын ачык айткан жок. Бирок өкмөткө келиши ыктымал делген жаңы адамдардын ысымы атала баштады.

Маселен, азыр президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактардын кабарлашынча, өз арызы менен кызматтан кеткен билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын ордуна социалдык маселелер боюнча вице-премьер Гүлмира Кудайбердиеванын талапкерлиги каралууда.

Ошондой эле азыр бош турган социалдык өнүктүрүү министринин кызматына буга чейин «Кыргызстан» фракциясы депутат Таалайкүл Исакунованын талапкерлигин сунуштаган эле. Бул адамдар айтылып жаткан маалыматтар боюнча комментарий берише элек.

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады. Башкаруучу альянстын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Мындан сырткары коалициялык квотанын негизинде коалициядан оппозицияга өткөн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөлөрү ээлеп келген Айыл чарба министрлиги, Миграция кызматы сыяктуу органдардын жетекчилери алмашары күтүлүүдө.

Негизинен жаңы саясий альянстын курамындагы үч фракциядан Социал-демократтар жана «Кыргызстан» буга чейин коалицияда болгондуктан аларга бекитилген министрликтер бар.

Учурда оппозициядан жаңы өткөн «Бир бол» фракциясынын кадрлары кайсы кызматты ээлейт деген суроо кызыгуу туудурууда.

Аталган фракциянын мүчөсү, депутат Улукбек Ормонов бул маселе айланасында кеңешүүлөр баштала элек деп билдирди:

- Албетте, коалицияга кирүүдө партиянын шайлоонун алдындагы программада берген убадалар айланасында талкуу болду. Азырынча кызматтар жөнүндө сөз боло элек. Коалицияга кирүү боюнча гана чечим кабыл алдык. Ал эми калган маселелерди кийинки аптада талкуулайбыз.

Бирок «Бир бол» фракциясы өкмөттүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьерлик кызматына талапкерин даярдап жатканы боюнча маалыматтар айтылууда.

Ошол эле учурда жаңы коалициянын кандай негизде, кандай шарт менен түзүлгөнү жана өмүрү канчалык узун болот деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев «Бир бол» фракциясынын бир катар мүчөлөрүн сындап, мурунку бийликтин кадрлары катары сыпаттаган эле. Буга кошумча бул фракциянын мүчөлөрү Чолпон Жакупова менен Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөртүү маселесине ачык каршы чыгышкан.

«Бир бол» партиясынын аткаруу кеңешинин төрагасы Досалы Эсеналиев коалицияга кирүүдөгү негизги максат эмнелер болгонун төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биздин негизги шарт өкмөттүн активдүү иштешүүсү болду. Себеби, биздин партиянын абдан жакшы экономикалык программасы бар. Анын негизинде экономикалык жана социалдык багытта реформаларды жүргүзүүнүн чаралары камтылган. Албетте, мунун баарын бир учурда аткаруу кыйын болорун түшүнөбүз. Бирок аларды аткаралы деп коалицияга бириктик.

Коалициянын конфигурациясы өзгөргөн соң министрлер кабинетинин курамына да таасири тиет.
Иса Өмүркулов

Ал эми Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан «бирболчулар» Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев коалицияга кирбей турганы белгилүү болду. Ошол эле учурда бул коалиция канча мезгил өкүм сүрөт деген суроо актуалдуу бойдон калууда.

Саясий эксперт Марс Сариев саясий альянстын президенттик шайлоо жарышы башталганга чейин түзүлдү деген ойдо:

- Бул альянсты саясий кызыкчылык гана кармап турат. Жазында президенттик жарыш башталганда «Бир бол» бул коалицияда каларына көзүм жетпейт. Себеби, бул партиянын шайлоого карата өзүнүн стратегиясы бар.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Ата Мекен”, “Кыргызстан” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары кирген парламенттик коалиция 24-октябрда тараган. Анда Социал-демократчылар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” менен бир альянста болбой турганын айтып, коалициядан чыкканын жарыялаган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG