“Эмки жаңы жылды өлкөнүн түштүгүндөгү бардык шаарлар өз газыбыз менен тосушат”,- деди президент.
Президенттин айтымында, мурдараак түндүк-түштүк газ куурун куруу пландалган. Анын чыгымы 1,3 – 1,5 миллиард доллар деп эсептелген.
- Бирок жыйынтыгында Баткенде өлкө түштүгүн беш-он жыл газ менен камсыз кыла алган газ кени табылды. “Газпром” менен сүйлөштүк, ал жерден Ош менен Жалал-Абадга газ ташыган түтүк салып беришет. Өзбекстан газды кайрадан берген күндө деле көз карандысыз газ менен камсыздоо системасын курушубуз керек, - деп кошумчалады Атамбаев.
Бул иш эмки жылдын күзүнө чейин аткарыларын айтып, буга удаа эле Кызыл-Кыяда көмүрдөн газ чыгарып ала турган завод куруларын белгиледи.