Өзгөчө кырдаалдар министри келтирилген материалдык зыян алдын ала эсептелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, кыйраган үйлөрдү, транспортту жана чарбалык объектилерди кошкондо чыгым 186 миллиондон ашуун сомду түзгөн.
Ал эми авиакырсыктан каза тапкандарга жана жараат алгандарга төлөнчү кенемте камсыздандыруучу компаниянын эсебинен төлөнө турганы белгиленди.
Президентти күткөн эл
16-январь күнү таңга жуук жүк ташуучу “Боинг-747” учагы кулаган Дача конушунун калкы тез арада коопсуз жайга көчүрүү талабы менен өкмөткө кайрылган.
Учак кулап түшүп, 39 адам каза тапкан окуядан кийин жергиликтүү тургундар жакын аралыктагы аба майданынан учактардын учуп-конушунан коркуп жашап жатышканын айтышкан.
Дача конушунун тургуну Адылбек Турдумбетов алар президент менен жолугууну күтүп жатканын айтты:
- Бул жакты ушундай оор кырсык болуп, бир айылдан 39 адам өлүп жатат. Бир үйдөн беш адам каза таап, бүтүндөй үй-бүлө түп орду менен жок болгон учур болду. Ушундай учурда журт атасы, президент Алмазбек Атамбаев эмнеге бул жакка келип кабар алып, ал жай сурап кетпейт? Башка жакта кандайдыр бир иш-чара болсо, тез эле учуп барып жатканын көрүп жатабыз. Аэропорт аркылуу канча өлкөгө учуп жатат. Ошол жакка буту жеткен жаны бул жакка бир кайрылып кетсе болбойбу? Биздин деле президент болгондон кийин бул жакка келип, жабыркаган эл менен жолугуп, биздин көйгөйлөрүбүздү өз оозубуздан угуп кетсе болот эле го. Биз президент Алмазбек Атамбаев колунан келсе, убактысы болсо, аэропортко келе жатканча эле бизге бир кайрылып, үнүбүздү угуп кетсе деп кайрылат элек.
Чыгымдын алдын ала эсеби
Буга чейин социалдык тармактарда “авиакырсыктан жакындарын жоготкондордон жана жараат алган адамдардан кабар албады” деп президенттин дарегине сын айткандар болгон эле.
Президент аза күтүү күнүн жарыялап, кагаз жүзүндө көңүл айтканы менен өзү телеканалдар кайрылуу жасаган эмес. Бул арада өкмөттө президенттин тапшырмасы менен авиакырсыктын кесепеттерин жоюу иштери өз нугу менен баратканы белгиленди.
Кыйраган учактагы жүктүн сыры
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учурда келтирилген материалдык чыгымдын алдын ала эсеби чыгарылганын билдирди:
- Алдын ала маалымат боюнча чыгымдын өлчөмү 186 миллион 562 миң 290 сомду түздү. Бирок бул көрсөткүч кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен башка мамлекеттик чыгымдарды кошкондо мындан дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул жерде кыйраган үйлөрдүн баасы эле эмес, аларды кайрадан жаңыдан курууга кете турган чыгымдар кошо эсептелди. Учак такыр түп орду менен сүрүп салган 19 үй жабыркоонун 6-деңгээлине киргизилди. Бул үйлөр орду түбү менен жок. Андан кийин жети үй 4-деңгээлде. Бул үйлөр да жашоого жараксыз абалга келтирилген. Үчүнчү деңгээлге жарым-жартылай бузулган 12 үй кирди. Мындан сырткары башка чарбалык курулуштар, мал-жан зыянга учурап, үйлөрдүн астында токтоп турган автоунаалар кыйраган. Ошондой эле конуштагы энергетика сектору жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлктөрүнө дагы зыян келтирилген. Ошол авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жумшалган чыгымдар бар. Буга кошумча азыр эми урандыларды тазалоого жана учак кулаган аймактын топурагын булгануудан тазалоого кеткен чыгымдар дагы эсептелүүдө.
Эреже боюнча келтирилген материалдык чыгымды жана жабыркаган адамдарга төлөнчү акчалай компенсация авиакырсыкка себепчи болгон тарап төлөп берет. Бул окуя боюнча эгерде авиакырсыктарды иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын тыянагында кыйраган учактын ээси түркиялык My Cargo компаниясы күнөөлүү деп табылса, анда анын камсыздандыруу жоопкерчилигин алган компания келтирилген чыгымды төлөөгө тийиш.
Өкмөттүк комиссиянын төрага орун басары, транспорт министри Жамшитбек Калилов Түркия тарап келтирилген чыгымды кыска убакытта төлөп берүүгө убада бергенин айтты:
- Буга чейин биз авиакомпаниянын камсыздандыруучулары менен сүйлөшкөнбүз. Кечээ болсо мага Түркиянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү келип жолукту. Алар “биз бир тууган элбиз, акчалай компенсацияны төлөп берүүдө биз тараптан эч кандай маселе болбойт” деп айтышты. Учак, учактын экипажы жана кырсыктан жабыркаган үчүнчү тараптын кенемте чыгымдары камсыздандуу компаниясынын эсебинен төлөнө турганы белгиленди. Биз тараптан алар канча адам каза болду, канча адам жараат алды жана жалпысынан канча адам үйсүз калды деген сыяктуу маалыматтарды эртелеп иликтеп берип, тапшырууну суранышты. Алар эки түрдүү компенсация чыгымдарын төлөөнү карайбыз дешти. Биринчиси - кырсыктын айынан үй-жайсыз, кийим-кечесиз калгандарга материалдык жардам. Экинчиси - каза тапкандарга жана жарадарларга акчалай кенемте.
Компенсацияны камсыздандыруу шарттары
Эл аралык тажрыйбада авиакырсыктын жабырлануучуларына кенемте төлөө шарты Монреаль жана Варшава конвенцияларына ылайык камсыздандыруу жоопкерчилиги боюнча аныкталат.
Кыргызстан башка КМШ өлкөлөрү сыяктуу эле Варшава конвенциясына кол койгон. Түркия болсо камсыздандыруу жоопкерчилигин караган Монреаль келишимин кабыл алган. Бул конвенция боюнча авиакырсыктан каза тапкандардын ар биринин үй-бүлөсүнө 170 миң АКШ доллардан кем эмес өлчөмдө компенсация төлөнөт.
Варшава конвенциясы боюнча анын өлчөмү бир топ аз бааланып келгени маалым. Учактарды камсыздандырган компаниялар компенсацияны төлөөнү авиакырсыктын себебине жараша аныктайт. Мына ошондуктан парламент депутаты Алманбет Шыкмаматов эгерде кыйраган учак аткезчилик жүк ташып баратканы аныкталса, анда камсыздандыруу компаниясы ал компенсация чыгымын төлөп берүүдөн баш тартышы мүмкүн экенин белгилеген.
Авиация тармагы боюнча эксперт, мурдагы учкуч Таалайбек Окенов окуя болгон өлкө кол койгон конвенцияга ылайык, камсыздандыруу шарты аныктала турганын айтты:
- Кандай гана авиакомпания болбосун, ал кырсыктардан камсыздандырылат. Антпесе алардын учактары учурулбайт. Мына ошонун алкагында учактын өзү, учкучтар, тейлөөчүлөр жана жүргүнчүлөр бардыгы камсыздандырылат. Мындан сырткары учак кыйроосунан жабыркаган абадагы же жердеги үчүнчү тарап дагы ошол камсыздандырууга кирет. Камсыздандыруу компаниясы каза болгондорго жана жараат алгандарга компенсация чыгымдарын төлөп берет. Авиакомпания кырсыктын себебин аныктаган комиссиянын тыянагын камсыздандыруучу тарапке берет. Ал бул жакка келип, камсыздандыруу иликтөөсүн жүргүзөт. Анын негизинде гана компенсация чыгымдары төлөнөт. Бул окуя Кыргызстанда болуп жатат. Ошол үчүн камсыздандыруу жоопкерчилигин аныктоо Кыргызстан кол койгон конвенциянын негизинде жүргүзүлөт. Монреаль конвенциясы бул жакта иштебейт.
Төгүлгөн керосинден жабыркагандар
Мындан сырткары учурда “Боинг-747” жүк ташуучу учагы кулаган калктуу конуштун аймагына көп өлчөмдө авиакеросин төгүлгөнү катталган. Мына ошол керосин андагы абага жана сууга таасир этип, анда жашаган калктын саламаттыгына дагы коркунуч жаратышы мүмкүн экени белгиленди.
Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын бөлүм башчысы Арсен Ибраев керосинден ууланган алдын ала диагноз менен окуя болгон конуштун бир топ өспүрүмдөрү жаткырылганына токтолду:
- Ооруканага түшкөн балдарды текшерип, аларга “керосинден ууланган” деген алдын ала диагноз коюлду. Кечээ бул балдарды караганда, алар баштары ооруп, тамакка табити тартпай жатканын айтышып, ошол окуядан кийин эле алардын саламаттыгы кескин начарлап жатканына даттанышкан.
16-январда түркиялык My Cargo компаниясынын жүк ташуучу «Боинг-747» учагы Чүй облусунун аймагындагы “Манас” аба майданына жакын Дача конушуна кулап, андан 38 киши, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Аталган кырсыкта болгон өрттөн катуу жабыр тарткан адам 22-январда каза тапты. Аны менен учак кыйрашынан каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти.
Мындан сырткары кулаган учак 23 үйдү түп орду менен кыйратып, 18 үйдү жарым-жартылай бузуп токтогон. Учактан чыгып, жайылган өрттүн кесепетинен ондон ашуун адам жараат алып ооруканага жаткырылган.