“Азаттык”: Алдыңкы айда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт деп айтылууда. Мындай кептерге эмне себеп болууда?
Жумакадыр Акенеев: Бирден бир себеби эки-үч күндөн бери Орусияда күйүүчү-майлоочу майлардын баалары кескин өйдөлөгөнү жана экинчиден тартыштыгы болуп жатат. Кечээ күнү Орусиянын өкмөтү чогулуш өткөрүп, май айында болгон күйүүчү-майлоочу майлардын бардыгын, Орусиянын ичинде колдонсун деген буйрук чыкты деген маалымат бизге келди. Себеби азыр Орусиянын жыйырма регионунда азыр тартыштык болуп жатат. Алтай крайы болсо үч күндөн бери күйүүчү майы жок бош отурат. Эч кимге бир литр май бербей.
Буга акыркы апрель-май аларында жанагы дүйнөлүк баалар көтөрүлгөнү себеп болууда. Аникени бир баррель 124 доллар болуп кетиптир. Ошого карата нефть чыгаруучу ишканалар 67 пайыз нефтини чет жакка чыгара баштаптыр. Бул болсо, былтыркы жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге көп. Анан Орусия мамлекетинин өзүнүн ички аймагы күйүүчү-майлоочу майсыз калып жатат. Баалар да кескин көтөрүлдү. Бүгүн орто эсеп менен Орусиядагы орто баа Кыргызстандагы баадан беш алты сом өйдө болуп жатат да.
“Азаттык”: Мына Орусиядагы майдын тартыштыгы Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Натыйжада Кыргызстанда күйүүчү май канча сомго чейин кымбаттайт?
Жумакадыр Акенеев: Биз болсо азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Себеби бизге күйүүчү май жөнөтчү заводдордун милдеттенмеси бар. Азырынча алар эч теке деп айта элек. Бирок дүйнөлүк баага карата анча-мынча өзгөрүшү мүмкүн деп айтылып жатат. Мен ойлойм, биздин баалар Орусиянын бааларына жакындашы мүмкүн. Мындайча айтканда азыркы Орусиядагы бааларды алып көрсөк, беш-алты сомго көтөрүлүшү мүмкүн.
Бул бир жуманын ичинде болбойт. Себеби, алынган май, келе жаткан май мурунку мурунку баа менен сатылган. Негизи майдын башынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн. Анан баягы көлөмү боюнча азыр анча-мынча күмөн болуп жатат. Мурунку сүйлөшүлгөн көлөмдү ала алабызбы, ала албайбызбы? Бирок азырынча эч кандай бербейбиз деген маалымат жок. Баягы эле деңгээлде турат. Анан жанагы жазуу жүзүндө өкмөттүн буйругу же тапшырмалары келсе, ошого карата биз жасайбыз. Толук ачык эмки жуманын башталышында буйрук чыгабы, чыкпайбы, ошондо так жооп берүүгө даяр болобуз.
“Азаттык”: Май айында күйүүчү май кымбаттайт деп жатасыз. Кымбаттоо канча убакытка чейин созулушу мүмкүн?
Жумакадыр Акенеев: Бул баанын бардыгы Орусияга көз каранды болот. Себеби 92 пайыз күйүүчү-майлоочу майды биз Орусиядан алып келебиз. Алар да бааны ылдыйлатуу боюнча чара көрүп жатат. Ал жыйынтыгын берип, баалар ылдыйласа, биздин да рыногубузда баа ылдыйлайт. Эгерде баалар ошол эле деңгээлде көтөрүлүп тура берсе, биз дагы ылдыйлата албайбыз.
“Азаттык”: Айыл -чарба министрлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык дыйкандар күйүүчү май менен 62 пайыздай гана камсыз болгон экен? Эми дыйкандар май менен камсыз болгонго үлгүрүшөбү?
Жумакадыр Акенеев: Бул жагынан биз өкмөттүн алдында алган милдеттенмелердин бардыгын жүз пайыз аткардык. Мындайча айтканда талаачылык иштер бүтүп жатат. Ысык-Көл менен Нарын калып жатат. Бардыгын күйүүчү май менен камсыздоо запасыбыз бар. Алар толугу менен бүтөт. Эч кандай тыртыштык болбойт.
“Азаттык”: Рахмат маегиңиз үчүн.

Кыргызстанга күйүүчү майдын 90%дан ашыгы Орусиядан келет