Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Парламент эмгек мигранттарын эстеди


Казакстанда кулчулукка кабылган кыргыз жарандары көбүнчө тамеки талааларында иштөөгө мажбур болушат. ("Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Казакстанда кулчулукка кабылган кыргыз жарандары көбүнчө тамеки талааларында иштөөгө мажбур болушат. ("Азаттыктын" архивиндеги бул сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Жогорку Кеңеш Казакстанда кулчулукка кабылган кыргызстандык эмгек мигранттары тууралуу маселени талкуулады.

Сегиз жылдан бери Казакстанда кулчулукта кармалган алайлык Гүлнара Токтобаева жакында Кыргызстанга качып келип, ал жакта 3 уулу калганын айтып чыкты. Казакстандагы эмгек мигранттарынын оор абалын чагылдырган видеотасманы жана атайын кайрылууну кыргыз парламенти 26-сентябрда жабык талкууга алды. Муну депутаттар эки мамлекет ортосундагы мамилеге залакасын тийгизбөө маселеси менен байланыштырды.

Казак талаасында кулчулукка кабылгандар

21-сентябрда сегиз жылдан бери Казакстандын Алматы облусундагы тамеки талааларында кулчулукта жүргөн Гүлнара Токтобаева Кыргызстанга качып келди. Ал 2004-жылы Казакстанга үй-бүлөсү менен акча тапканы барып, ошол боюнча ал жакта оор шартта, акысыз иштегенге аргасыз болгон. Токтобаева Казакстандын тамеки талааларында жана мал чарба аймактарында эрксизден кулчулукта жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары ондоп саналаарын билдирген.

Ал кулчулукка кабылган кыргыз мигранттарына көмөктөшүүнү сурап, Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбековага кайрылган:

- Бул эже 2004-жылы Казакстанга иштегени барганда эле документтерин алып, өздөрүн жер төлөдө жашап, иштегенге мажбурлашкан экен. Ошентип аны үч баласы жана күйөө баласы менен сегиз жыл бою эмгек акысын бербей иштетип жүрө беришиптир. Уулдары ошол жакта калыптыр. Биз эженин уулдарын жана ал жакта бейдарек жүргөн башка жарандарыбызды мекенине кайтаруунун чараларын көрүүнү укук коргоо органдарына тапшырабыз, - деди депутат айым.

Парламент депутаттары Казакстанда кулчулукка кабылган кыргыз жарандарынын тагдырына Кыргызстандын бийлик органдары кызыкпаганын да сынга алышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов буга чейин кулчулукка кабылган кыргыз жарандары боюнча конкреттүү фактылар жетпей келгендигин белгиледи:

- Биздин жарандардын кулчулукка кабылганы боюнча фактылар бар. Биз алар боюнча өз учурунда иштегенбиз. Бирок кечээ жакында Кыргызстанга кайтып келген аял бизге буга чейин расмий түрдө кайрылган эмес. Мына ушундай фактылар бар дешет. Бирок конкреттүү түрдө маалыматтар, же кайрылуулар болбосо ага карата кандайча чара көрүүгө болот?

Эстен чыккан эмгек мигранттары

Казакстандын базарларында, айыл чарба жумуштарында иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын тагдырына байланышкан видеотасманы 26-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш жабык талкуулады. Аталган видеотасмада кыргызстандык эмгек мигранттарына карата казакстандык укук коргоо органдарынын ыдык көрсөткөн учурлары жана одоно мамилеси тууралуу баяндалат.
Кыргызстандын тышкы миграция боюнча департаменттинин маалыматы боюнча, Казакстанда 60 миңге чукул кыргызстандык эмгек мигранттары жүрөт. Алардын жарымына жакыны базарларда соода кылат.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова маселени “өз ара эркин катташуу тууралуу” эки тараптуу макулдашууну Казакстандын Мажилиси бекитпей жатканы менен байланыштырды:

- 2009-жылы эки тараптуу макулдашуунун долбоору келип, аны Кыргызстандын парламенти бекитип берген экен. Бирок мына ошол макулдашууну Казакстандын Мажилиси бекиткен эмес. Анан биз мына ушул көйгөйлөрдүн баарын жөнгө салуу үчүн Казакстандын мамлекет башчысы Назарбаевге жана Мажилис төрагасына кайрылуу жөнөтүү керек деген маселени көтөрдүк. Анткени жакында эле Назарбаев Кыргызстанга келгенде жакшы сөздөрдү айткан эле.

Казакстан тарап аталган макулдашуу бекитилбей калганын 2010-жылы Орусия жана Беларус менен биргеликте кирген Бажы биримдигинин талаптары менен байланыштырган. Андыктан маселе Кыргызстандын аталган союзга кириши менен гана чечилиши мүмкүн деп белгиледи тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов.

XS
SM
MD
LG