Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) быйыл кышта болгон кырсыкты жана аны оңдоого Кытайдан алынган 386 миллион долларлык насыянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын 7-майдагы жыйыны жабык өттү. Анда депутаттар иликтөө корутундусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулашкан. Буга чейин "даяр болду" деген корутундуну кайра кароого депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн нааразылыгы себеп болду.
Депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примовдун айтымында, бүгүнкү жыйында буга чейин иликтөө корутундусуна кол койбогон депутаттардын сунушун тыянакка киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды:
- Буга чейин "иликтөө корутундусу даяр болду" деп айтканбыз. Бүгүн деле корутунду даяр. Бирок биздин депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү "биздин да сунушубуз бар" дегени үчүн аларды талкуулап, сунуштарын корутундуга киргизе турган болдук. Муну менен биз коомдо, маалымат каражаттарында "депутаттык комиссия экиге бөлүнүп кетти" деген сөздөрдү четке кагып, пикирибиз, сунуштарыбыз бир экенин айткыбыз келет.
Буга чейин депутаттык комиссиянын эки мүчөсү, депутаттар Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан эле. Алар "корутундуда ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкер жетекчилердин аты-жөнү киргизилбей калды" деп нааразы болушкан. Ошондой эле депутат Аида Касымалиеванын да кол койбогону белгилүү болгон.
Соңку жыйындан кийин депутат Акылбек Жамангулов өз позициясын өзгөртпөгөнүн, корутундуга киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып туруп, пикирин айтарын билдирди:
- Позициямды өзгөрткөн жокмун. Азыр корутундуга өзгөртүүлөр киргизилгени турат. Мына ушулар менен таанышып туруп, чечим кабыл алабыз. Мен азырынча кол коё элекмин.
Ошол эле кезде жыйындын жүрүшүндө мурда корутундуга кол коюуга макулдугун билдирген КСДП фракциясынын мүчөсү Аалы Карашев өз пикирин өзгөрткөнү белгилүү болду.
Эми депутаттык комиссиянын корутундусунда эмнелерге көңүл бурулаары кызыгуу жаратууда. Азырынча корутунду ачык жарыялана элек. Бирок парламенттик комиссиянын мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча документтерге кол койгон бардык жетекчилерге саясий баа берүү сунуш кылынат. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалиевдин өкмөтүндөгү бир нече министр жана ошол кездеги президенттик аппараттын бөлүм башчысы Сапар Исаков да бар:
- Биз өткөндө айыптуулардын катарында эки-үч адамдын аттарын айтып жатканбыз. Бирок бүгүн чечим кабыл алып, кагазды даярдаган кишиден баштап, кол койгон, катышкан кишилердин баарынын аты-жөнүн киргизе турган болдук. Баары кагаз менен тастыкталат. Алардын бирөө кол койгон, бирөө сунуш киргизген - ошолордун баары кошулат. Сапар Исаков боюнча Эсеп палатасына бир жерде жазылган каты бар экен, анда аты жазылган экен, ал да кирет. Биз аларды түз айыптуу деп айтпайбыз, бирок аларга саясий баа берүү жагын коёбуз. Калган "ким айыптуу, айыптуу эмес" деген маселеге күч кызматтары тактап, чекит коет.
ЖЭБ: депкомиссиянын талаштуу тыянагы
ЖЭБ: депкомиссиянын талаштуу тыянагы
Нышанов буга чейин аттары кошулган эки адам мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экенин билдирген. Эми корутундуга ошол учурдагы финансы министри Ольга Лаврованы, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовду, экономика министри Темир Сариевди жана азыркы мезгилге чейин иштеп келаткан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди да киргизүү сунуш кылынганы кабарланды.
Мунун алдында башка бир депутат, комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сооронбай Жээнбеков өңдүү мамлекеттик жетекчилердин жоопкерчилигин да караш керек экенин айтып чыккан эле.
Быйыл кыш чилдеде Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган. Окуя жарым жыл мурда борборду оңдоого карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, төрт ай иш алып барды.
Байкоочулар бул комиссиянын корутундусуна жараша парламенттин жана депутаттардын кадыр-баркына баа берилерин айтышат. Мындай пикирди кармангандардын бири - саясий илимдердин кандитаты Орозбек Молдалиев:
- Депутаттык комиссиянын ишинин натыйжасында биринчи кезекте өздөрүнө баа беришет. "Депутаттардын өздөрүн көрүп жатабыз, кимге тартып жатат" деген сөздөр болуп жатат. Мындай сөздөрдү жокко чыгарыш үчүн принципиалдуу жыйынтык чыгарышы керек. Ошол эле маалда ушул сыяктуу иштерде кайсы депутат кандай позицияны ээледигени коомчулукка көрүнүп жатат. Бул кийинки шайлоого, башка нерсеге деле таасирин тийгизет.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча учурунда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Анын алкагында "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жетекчи камакка алынды.