Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Полковник Асановдун кызмат мөөнөтү талкууда


Памирбек Асанов.
Памирбек Асанов.

Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асановдун кызматта турушу талаш жаратты. «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, жетекчилик кызматта полковник чининдеги кызматкер 55 жашка чейинки куракта эле иштей алат.

Дайындалганына эки-үч ай болгон ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматтан кетиши керек деген талкуу алгач социалдык тармактарда башталган.

Маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен алектенген ​factcheck.kg сайты ички иштер министринин орун басары эмнеге кетиши керек экенин түшүндүрүп жазды.

Factcheck.kg сайты «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга таянып, жетекчилик орунда иштеген, орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошошу керек деп жазды. Ошондой эле өз каалоосу менен 50 жашында отставкага кетсе болот. Ал эми Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Памирбек Асанов 16-октябрда 55 жашка толду жана анын милициянын полковниги чини бар. Эми жогорудагы мыйзам боюнча Памирбек Асанов кызматтан кетиши керек же генерал чинин алышы керек.

Кызыгы, «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдын кыргызча вариантында кызматкерлердин ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги беш жылга узартылышы мүмкүн деп жазылып турат. Бирок эмненин негизинде узартылышы мүмкүн экени так түшүндүрүлгөн эмес.

Азырынча Ички иштер министрлиги милициянын жетекчилик кызматкеринин жаш курагы боюнча мыйзамды түшүндүрүп, Памирбек Асанов боюнча комментарий бере элек. Мыйзамдын жол-жобосу жөнүндө ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Өмүрбек Эгембердиев буларды айтты:

- 55 жаштан кийин пенсияга кетиши керек. Бирок министр буйругу менен бир жылга узартып койгонго укугу бар. Эгерде бул кадр ушул тармакка керек болсо, министр атайын буйругу менен калтырып коёт.

Памирбек Асановдун кызмат мөөнөтүнүн узартылышы боюнча буйрук чыкканбы же жокпу азыркыга чейин так маалымат айтыла элек.

Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп ушул жылдын 13-августунда дайындалган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына байланышкан жагдайлардан улам чуу менен кызматтан кеткен Курсан Асановдун ордуна келген. Памирбек Асанов кызматка келиши менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен туугандык байланышы талкууга түшүп, сынга кабылган. Памирбек Асановдун уулу экс-бажычынын эжеси Фарида Матраимованын кызына үйлөнгөн.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин байкоосунда, Памирбек Асановдун кызматка дайындалганынан баштап сын-пикирлер арбын айтылды. Алтымышев Асановдун дарегине айтылган сын-пикирлер жана жаш курагына байланыштуу маселелерде өкмөттүн үн катпай жатканы ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда дейт.

- 55 жашка чейин генералдыкты ала албаган полковник, министрдин орун басары эртең туулган күнүм деген күнү өз каалоосу менен арыз жазчу экен. Өкмөт башчы, министр да «бул жобонун негизинде узартып жатабыз» деп түшүндүрмө бербей жатат. Көз көрүнөө мыйзам бузууну карап отурабыз.

Памирбек Асанов укук коргоо тармагында 30 жылга жакын убакыттан бери иштеп келет. Ал буга чейин Ош жана Бишкек шаардык милициясынын жетекчи орун басары болуп эмгектенген. Асанов буга чейин коомчулукта анча белгилүү эмес болчу.

Жамин Акималиев
Жамин Акималиев

Соңку мезгилде өкмөттүн кадр дайындоосу көпчүлүк учурда кескин сын-пикирлер менен коштолуп жатат. Айрым байкоочулар мунун себебин кызмат орундарына кесипкөйлүгүнө эмес, тааныш-билиштиги менен келип жатканында дешет. Легендарлуу парламенттин мүчөсү Жамин Акималиев буларды айтты.

- Система жок. Кадрды өстүрүш керек. Аны жаш кезинен тарбиялап, бардык тепкичтен өткөрүп келип койсо элдин сыны болбойт. Азыр министр, орун басарлар асмандан эле түшүп калууда. Кадрдын жаш-карысы болбойт. Эң башкысы анын иш билги адистигине караш керек.

Акималиев азыр коомчулук өкмөттүн кадрларына ачык баа берип жатышын жакшы көрүнүш катары баалайт. Бул бийликтен кадр тандоодо элдин элегин да эске алууга аргасыз кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG