Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

Ош: cтуденттерди жумшаган жетекчи


Айыл чарба техникуму
Айыл чарба техникуму

Оштогу айыл чарба техникумунун жетекчиси студенттерди үй жумуштарына пайдаланары ачыкка чыкты.

Андан сырткары техникум студенттери күн сайын беш-алтыдан нөөмөттөшүп, сабак учурунда окуу жайдын дарбазасын кайтарышары шардана болду. Кесипкананын жетекчиси мыйзам чегинде иш алып барганын ырастоодо.

Атын жашыруун калтыруу шарты менен "Азаттыкка" маек курган студент өзү окуп жаткан Ош айыл чарба техникумунун жетекчисинин кылыктарынан кеп салды.

- Бизди практикага чыгасыңар десе, кайсы бир электр подстанциясына барат экенбиз деп ойлогонбуз. Анткени биз энергетикпиз да. Жок, анын ордуна Кара-Суудагы бир айылга алып барып отун аралатты. Андан кийин Кара-Суудагы пахта заводдун ичин тазаладык. Андан кийинки практикада ошол пахта заводго кайрадан алып барып, кампанын бетонун, сейсмо тумбаларын, колонналарын куйдук, чатырын жаптык. Ал жерде тамак берилбейт. Өзүбүз тамак алып барып, таңкы сегизден кечки алтыга чейин иштедик. Ал ишке окуу жайдагы ар бир группанын балдары он күндөн иштешти.

Оштогу студент.
Оштогу студент.

Студенттин айтуусунда, Сейитбек
Аматов техникумда өзүнүн бийлигин орнотуп алган. Студенттерди каалаган жумушуна пайдалануу кадимки көрүнүш катары саналат.

- Ушул күнгө чейин өз кесибибиз боюнча бир да жолу практикага чыга элекпиз. Мисалы, энергетик катары биз электр монтажын жасай албайбыз. Сабакка толук катышууга да мүмкүнчүлүк жок. Мисалы, ар бир тайпадагы студенттерди алтыдан бөлүп, сабак учурунда дарбазага сакчы кылып койгон. Ар бир студентке эки айда бир күн толук, түштөнүүгө да чыкпай төрт жарым, бешке чейин кароолдо турганга туура келет. Негизи окуу жайдын кароолу бар. Андан сырткары студенттерди да кароолго коет. Анын эмне зарылчылыгы бар экени бизге түшүнүксүз.

Окуу жайга баш бакканда журналисттерди директор Сейитбек Аматовдун бир тууган иниси, Ош облустук администрация башчысынын орун басары Байыш Юсуповдун айдоочусу тосуп алды.

Техникумду 25 жылдан бери жетектеп келаткан Сейитбек Аматов билим берүү ордуна студенттерди өзүнө караштуу чарбаларга пайдаланууну, окуу жайда өз бийлиги орноп турганын ашкере көргөзүүнү мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айландырган. Бирок техникум директору мунун баарын мыйзамдуу деп эсептейт.

- Мэриядан жана биздин министрликтен окуу жайдагы коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын көрсөтмө бар. Биз ошол буйрукту аткарышыбыз керек. Негизи биздин окуу жай шаардын борборунда тургандыктан коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурганга аргасызбыз. Бул мыйзамдуу. Анткени студентти бир жылда эки жолу нөөмөтчү катары колдонууга мыйзам жол берет. Ошонун негизинде ар бир студент бир жылда болгону эки жолу гана кароолго турат.

Сейитбек Акматов.
Сейитбек Акматов.

Деген менен шаар тургундары Ош айыл чарба техникумунун директору өз студенттерин андан башка иштерге да кеңири пайдаланган мисалдар көп дешет. Маселен, кытай консулдугуна ижарага берилген имараттын курулушуна да студенттердин күчү жумшалганын айтышат.

Укук коргоочулар Ош айыл чарба техникумунда директор өз жумуштарына студенттерди пайдаланып жүргөнүн кескин сынга алышты. Адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борборунун уюштуруучусу Рахат Шакирова Билим берүү министрлиги жана укук коргоо органдары директордун аракетине укуктук баа бериши керек деди:

- Бул жаштардын укугун одоно бузгандык болот. Бул нерсе эч качан студенттердин ыктыярдуу аракети катары бааланбашы керек. Анткени студенттер директорунун буйругуна баш ийбесе, аларга карата кандайдыр бир жазалар колдонулат. Же зачет коюлбайт, же такыр окуудан айдалат. Менин оюмча, студенттер коллективдүү түрдө арыз жазышы керек. Билим берүү министрлиги да окуу жай жетекчисинин иштерин тыкыр текшерүүгө алышы зарыл.

61 жаштагы Сейитбек Аматов Ош айыл чарба техникумун 1991-жылдан бери жетектеп жүрөт. Бул арада 2500 студенти бар окуу жайга кызыккандардын саны кыскарып отуруп, азыр 220дай гана студент калган.

Аматовдун бир тууган иниси Байыш Юсупов мурда Кара-Суу районун башкарган. Азыр Ош облустук администрация башчысынын социалдык тармак боюнча орун басары болуп иштейт. Юсуповдордун үй-бүлөсүнүн дагы бир мүчөсү Замирбек Юсупов Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар бөлүмүн жетектейт.

Юсуповдор Кара-Суудагы ири пахта заводдорунун бирине ээлик кылат. Шаар тургундарынын айтышынча, Юсуповдор анча ачыкка чыкпаганы менен акчасынын көптүгүнөн улам Оштогу таасирлүү адамдардын катарына кирет.

XS
SM
MD
LG