2017-жылдын ноябрь айында Кара-Суу райондук милициясы “Оомат” базарында атайын рейд өткөрүп, соодагерлердин паспортторун текшерген.
Рейд учурунда кытай улутундагы төрт киши милицияга кыргыз паспортун көрсөткөн. Күмөндүү бул документтерди иликтеген учурда кытайлыктарга Кыргызстандын тургундарынын атынан мыйзамсыз жасалган паспорт берилгени аныкталган.
Ош облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаевдин айтымында, учурда жасалма паспорт көтөргөн бир кытай жараны кармалып, үчөөнө издөө жарыяланды.
Кармалган кытай жараны сурак маалында Кыргызстандын жасалма паспортун алуу үчүн 2 миң АКШ долларын төлөгөнүн билдирген.
- Текшерүү учурунда кытайлык киши Кыргызстандын 43 жаштагы тургунунун паспортун көрсөткөн. Шектүү паспорт боюнча иликтей келгенде кытай жарандарына кыргыз паспортун берген дагы үч факты аныкталды. Андан сырткары өзүбүздүн кыргыз жаранына да жасалма паспорт берилген бир факт ашкере болду.
Жеңиш Ашырбаев окуяга байланыштуу бир нече кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун билдирди:
- Ноокат районунун Жаңы-Базар айыл аймагынын паспорт виза мекемесинин 57 жаштагы кызматкерине жана жасалма документтерди даярдоого көмөктөшкөн Өзгөн районунун тургуну, 39 жаштагы аялга кылмыш иши козголуп, иш сотко өттү. Булар Кыргызстандын реалдуу адамдарынын документтеринин негизинде кытай жарандарына кыргыз паспортун алууга көмөктөшкөн. Паспортторду метрикасынан бери ырастап бергенине өзүнчө, өлгөн адамдын атынан паспорт бергени үчүн өзүнчө акы сурашкан. Учурда буга окшогон дагы 10 факты аныкталып, иликтөө жүрүп жатат.
Бейрасмий маалыматтарга караганда Кара-Суу базарында 7 миңге чукул кытай жараны туруктуу иштейт.
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Паспорт мафиясын ким калкалайт?
Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Ал эми Кара-Суу райондук паспорт виза бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Рапия Турганбаева кыргыз жарандыгын алуу боюнча бир дагы чет өлкөлүк аларга кайрылбаганын кабарлады:
- Кара-Суу районунда кытай жарандарына паспорт берилген бир дагы факты жок. Бир дагы кытай жараны паспорт алуу боюнча кайрыла элек.
Ал арада бейөкмөт уюм өкүлдөрү кыргыз кыздарына үйлөнгөн чет элдиктерге жарандык берүү шарттарын татаалдаштыртуу керек деп коңгуроо кагышууда.
Оштогу “Ак-жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, 2017-жылы кытай жарандарына турмушка чыккан алты келин күйөөсүнүн үстүнөн даттанып келишкен.
Укук коргоочунун пикиринде, Кытайдан келген айрым эркектер кыргыз жарандыгын алуу үчүн гана жергиликтүү кыз-келиндерге үйлөнүп жатышат.
- Кыргызстанда никенин негизинде чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын берүү шартын татаалдатуу керек. Антпесе кеч болуп калат. Кытайдан келген айрым эркектер кыргызстандык кыз-келиндерди сүйүп-күйбөй эле жарандык алуу максатында үйлөнүп жаткан фактылар бар.
Кыргызстанда чет өлкө жарандарынан кыргыз паспорту табылган окуялар буга чейин да катталган. Оңго-солго сатылып жаткан кыргыз паспорттору тууралуу маселелер буга чейин Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн.
Буга байланыштуу 2017-жылы “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев паспорт берүү Мамлекеттик каттоо кызматынан Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилиши керек деп да айтып чыккан.
- Жасалма паспорттор бир катар мамлекеттерден, кримтөбөлдөрдөн, олигархтардан табылган. Кыскасы кимдин акчасы болсо ошолордун баары эле сатып ала берген учурлар болгон. Мен Мамлекеттик каттоо кызматын эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп билем. Бул орган боюнча маселени кайра дагы бир жолу карап, көтөрө турган учур болуп жатат. Анткени жетиштүү чаралар көрүлгөн жок, коррупциялык айла-амалдар дагы деле жоюлбай, токтобой жатат. Мен парламентте комитеттин төрагасы болуп турганда муну өкмөт карасын деп комитет чечимин, Жогорку Кеңештин токтомун дагы чыгарганбыз. Паспорт берүүнү кайра ИИМге берүү керек. Алар погон менен жүрөт. Бул чынында эле өтө көйгөйлүү маселе.
Жасалма кыргыз паспорттору боюнча коомчулукту дүңгүрөткөн окуя 2016-жылы май айында катталган эле. Түркиянын Стамбул шаарында аэропортто 98 уйгур тектүү кытай жарандары кармалган. Алар кыргыз паспорттору менен Сауд Арабияга учканы жатканы белгилүү болгон. Бул чуулгандуу окуяга төрт кыргыз жаранынын тиешеси бардыгы айтылган. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгону менен анын аягы эмне менен бүткөнү азыркыга чейин белгисиз.
Андан мурдагы жылдары Грузиянын кримтөбөлдөрү кыргыз паспорттору менен кармалган. Бозгунда жүргөн казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязов башка бир адамдын атынан кыргыз паспортун жасатып алганы белгилүү болгон.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.