Күн сайын автотоктотмо жайларга акы төлөгөн жарандар чогулган акча кайда кетип жатканынан кабарсыз калышууда.
- Бул жерде 10 сом деп турат го. Силер эмне үчүн 20 сом аласыңар? Силер он сомго салык төлөйсүңөр да, туурабы? Жетекчиңер ким? Ким сиздерге уруксат берди 20 сомдон алганга?
- Базар жакта баары эле 20 сомдон алышат го, эмнеге ошолорго айтпайсыңар? Биз алсак болбойт бекен? Жетекчибиздин аты Талант. Ошого бар.
Мына ушинтип жол боюнда туруп алып, улам токтогон машинеден акча алган көрүнүш азыр Ош шаарында күч алган чак. Айдоочулар менен айтышкан аялдар эртеден кечке жакшы эле акча чогултчудай көрүнүшөт. Бирок күн сайын 100 миңден ашык машинени батырган шаардын авто токтотмолорунан топтолгон акчанын көлөмү көңүл жылытпайт.
Ош шаарынын тургуну Замирбек Заитов айдоочулардан чогулган акчанын ондон бир бөлүгү гана казынага түшүп, калганы "сол чөнтөктөргө" кетип жатат деп эсептейт.
- Мен билгенден Ош шаарында күн сайын 150 миңге жакын машине жүрөт. Ошончо машиненин ичинен бери дегенде эле беш миңи акы алынуучу жайларга токтошот. Алардын ар бири он сомдон төлөгөндө шаар казынасына бир жылда 13 миллиондон ашык акча түшүшү керек эле. Азыр андай болбой жатат. Бир миллион план койсо, 900 миң, 1.5 миллион план койсо 1 миллион 400 миң сом план аткарат. Калган акча шаар мэрине, алардын жакындарына, ошол стоянкаларда иштегендерге гана кетип жатат деп ойлойм. Мэр баш болуп шаар казынасын көбөйтүш керек дешет, мына ошол каражаттарды казынага бурсун. Толот ошондо казына.
Ош шаарында айдоочулардын нааразылыгын жараткан токтотмолордон акы алууну шаардык автотоктотмолор дирекциясы менен мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы ишке ашырат.
Шаар бийлиги болсо автотоктотмолорду уюштуруу максатын да эки ача түшүндүрүп жүрүшөт. Кээлери автотоктотмолор жол тыгынын чечүү максатында уюштурулган дешсе, айрымдары шаар казынасын байытуу үчүн жасалган деп түшүндүрөт.
Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдракман уулу шаардагы автотоктотмолордон акы алуу тартибинде башаламандык көп экенин моюндайт.
- Шаардагы автотоктотмолордон былтыр шаар казынасына 1 миллион 650 миң сом түшкөн. Чындыгында шаарыбыздын бардык жолдору токтотмо болуп кеткенин жакшы билебиз. Азыр башаламан болуп жатат. Муну биз иретке келтирүүнүн жолдорун ойлоп жатабыз. Бул үчүн токтотмолорду жеке ишкерлерге аукцион аркылуу таратып берүү сунушу түшүп жатат. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу эле баарын иретке келтирүүнү ойлоп турабыз. Азыр расмий иштеп жаткан 12 автотоктотмо шаардагы 531 чакырым жолдун 2-3% гана түзөт.
Учурда Ош шаардык автотоктотмолор дирекциясы шаар көчөлөрүнүн 12 жеринен жол боюна токтогон автоунаалардан он сомдон акы алууга укуктуу. Бирок көп жайларда 10 сомдун ордуна 20 сом талап кылынат. Бул дирекциянын дарегине айтылган сындардын көптүгүнө карабай алар шаардын башка көчөлөрүн да акы алынуучу жайга айландырууга уруксат сурап турушат. Шаардык автотоктотмолор дирекция жетекчиси Талантбек Сатаров буларды айтты:
- Былтыр биздин карамагыбызда 27 автотоктотмо бар болчу. Көпүрө курулганына байланыштуу алар кыскарып отуруп азыр 12 гана жайды иштетип жатабыз. Дирекциянын жалпы жамааты 15 адамдан турат. Казынага каражатты көбүрөөк түшүрүү үчүн дагы башка жайлардан да акы алуу боюнча мэрияга сунуш берип атабыз. Эгер ал оң чечилип калса, шаардын башка көчөлөрүнүн бойлору да акы төлөнүүчү жайга айланат.
Ош шаарындагы автотоктотмолордун бири да ишкерлерге ачык аукцион менен берилген эмес. Мындан улам шаар тургундарында автотоктотмолорду шаар башчынын жек-жааттары ээлеп алган деген пикир бар. Быйыл болсо автотоктотмолор дирекциясына бир жарым миллион сом казынага акча төгүү милдеттендирилген.
Жол боюна токтогон автоунаалардан акы алуу адаты мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун тушунда калыптанган. Башка өлкөлөрдө автотоктотмолор шаар казынасына ири киреше алып келүүчү тармак деп саналат.