Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

“Сахнаны Баткенден эле багындырам”


Баткендик Исабек Максутов жергиликтүү ырчылардын арасынан аймакта алгачкы жолу концерт койгон чыгармачыл жигит.

Ырчы элет жеринде шоу-бизнести өнүктүрүүгө ынтызар. 21 жаштагы Исабек жакында легендарлуу "Максат-Баткен" тобуна солист катары кабыл алынды.

Майкл Жексон жана Актан Исабаевдин өнөрүнө суктанып чоңойгон Исабек чыгармачылыгы жөнүндө “Азаттыкка” кеп салып берди.

“... ырдаганды билем да”

- Биздин үйдө чыгармачылык менен алектенген киши жок. Атам жөнөкөй эле такси айдоочусу. Апам балдар бакчасында тарбиячы.

Менин ырчы болушума алар аябай каршылык билдиришкен. Азыр деле туугандарымдын арасында “ырдабай эле кой” дегендери бар. Музыка дүйнөсүн аябай жакшы көргөнүм үчүн ырчылыкты таштап коё албайм.

Ооба, музыкалык билимим жок, комуз же башка аспаптарда ойногонду билбейм. Бирок ырдаганды билем да... “Булбул куш”, “Жалгызым” сыяктуу ырларым республикада болбосо да, өзүбүздүн аймактагы жаштар арасында популярдуу.

Музыканы интернеттен уурдачу

- Мен ырчылыкка 17 жашымдан тарта баш-отум менен кириштим.

2007-2008-жылдары Баткенде интернетти пайдалануу өнүгүп келаткан мезгил эле. Компьютерден чет өлкөлүк ырлардын музыкаларын таап, ага кыргызча сөз кошуп, диктофонго эле ыр жазып салчумун. Ошентип отуруп, интернеттен “уурдап”, ондон ашуун ыр жараткам.



Баткендеги “Салам” радиосуна алып баруучу болуп жумушка орношкондон кийин гана профессионалдуулук менен ыр жаздырууга кириштим...

Алгачкы ырым “Жалгызым” деп аталат. Аны Алмаз Нарынов деген бала экөөбүз жаратканбыз. Бул ыр кезинде аябай популярдуу болгону менен көпчүлүк биле элек бир сыры бар. 2007-жылдары “Министрдин кызынын махабаты” аттуу тасма чыкпады беле? Ошол фильмге саундтрек катары пайдаланылган музыканы алып эле, сөзүн жазып, ырдап койгонбуз. Албетте андай кылбашым керек болчу, жаш экенмин, автордук укук дегенди да билбептирмин. Бул “кылыгым” үчүн кинонун режиссеру Рустам Аташовдон кечирим сурайм. Ал киши туура эле кабыл алат деп ишенем.

Аншлаг концерт

- Балким, муну айтсам мактангандай болуп калаармын, бирок айткым келип турат. Баткендеги жергиликтүү ырчылардын арасында алгачкы жолу аншлаг менен концерт бергем. Ал концертим 2009-жылдын 2-февралында шаардык маданият үйүндө өткөн.

Концерт коюуну досторума сунуштаганда баары чочулашкан. Себеби Баткенге концерт койгону барган бишкектик ырчыларга да адам аз келген учурлар көп болчу.

Негедир концерт бергим келе берчү. Ошентип даярдана баштадым. Концерттин шылтоосунда атайын студияга барып, ыр жаздыргам. Афишаларды чыгарып, билет баасын 50-60 сомдон койдум. Чындыгында, ошол учурларда борбордон барган ырчылардын кечесине да ошол суммада билет сатылчу. Теңтайлашкым келген окшойт да...



Ошентип концерт койчу күн келди. Адам келеби-жокпу деп, 500 эле билет чыгарган элем. Бир маалда маданият үйүнөн чалып калышты, “билет калган жок, дагы алып кел” дешти.

Концерт күнү эшиктин оозунда туруп, билет менен келгендерди киргизип, билетин алып, башка адамдарга сатканбыз. 400 орундуу залга бир жарым миң киши келген. Эртеси күнү Маданият үйүнөн мага чалышып, уршушкан, “залыбызды жарып жиберейин дедиңер, адам көп келип, таштандыга толуп кетти” дешти. Мен аймактык ырчылар деле аншлаг менен концерт койсо болоорун далилдеп бере алгам деп ойлойм.

“Борборго барбайм”

Азыр Баткен мамлекеттик университетинин филология факультетинде сырттан окуйм. Ошто “Ынтымак” телерадиосу ачылган, азыр ошол жерде да алып баруучулук менен алектенүүдөмүн. Баткенге да тез-тез барып, досторум менен жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатабыз.

Легендарлуу “Максат-Баткен” тобу бар эмеспи. Былтыр жайында мени ошол топко солист катары чакырышты. Бул топ көптөн бери чыкпай калды эле. Азыр алардын эски ырларын жаңылап, жаздырып жатабыз. “Биздин заман”, “Көпөлөк” аттуу ырларды ошол топтун солисти катары ырдап чыктым.

Башкалардай болуп атымды таанытыш үчүн Бишкекке барып, иштегим келбейт. Таанылгысы жана ийгиликке жеткиси келген адам аймакта туруп эле көп иш жасаса болот. Албетте кыйынчылык көп, бирок мен кыйналганымды эмес, ийгилигимди элге айткым келет. Кыскасы, Баткенден туруп кыргыз шоу-бизнесин багындырсам дейм.
XS
SM
MD
LG