Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Кыргызстанга кимдер кыянатчылык кылууда?


Июнь коогалаңы маалында элдин колуна өтүп кеткен куралдардын бир бөлүгү. 24-июнь, 2010-жыл
Июнь коогалаңы маалында элдин колуна өтүп кеткен куралдардын бир бөлүгү. 24-июнь, 2010-жыл

Өткөн жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан соң ички жана тышкы күчтөрдүн шыкагы менен Кыргызстанды бөлүп-жаруу аракеттери орун алган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун “Мен издеген чындык” деген аталыштагы жакында жарык көргөн китебинде учкай фактылар айтылган.

Өткөн жылы 7-апрелден кийин эки жолу президенттин Ош шаарындагы резиденциясынын дарегине жана Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовдун атына Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасын түзүү сунушу менен Орусиядагы Краснодар шаарынан белгисиз адамдардан телеграмма келген.

Бул маалыматты бир жылдан соң өзүнүн китеби аркылуу жарыялаган М. Мырзакматов мына ошол сунуш менен чыккан көмүскө күчтөр кимдер экенин ачыктаган эмес.

Аталган китептин жооптуу редактору, журналист жана тарыхчы Арслан Капай уулу буга ички жана тышкы олуттуу күчтөр аралашкандыктан китептин автору бул туурасында учурунда коомчулукка ачык жарыялай албаганын белгиледи:

- Бул жерде ички жана тышкы күчтөрдүн биргелешкен аракети жүзөгө ашып кете жаздаган. Ош шаарынын мэрине жүздөгөн миллион сом сунуштап, "Түштүк Кыргызстан Республикасын жарыялап кой, анан четке чыга бер" деген күчтөрдүн өзү өлкөдө болушу мүмкүн эмес. Анча акчаны эч ким бере дагы албайт. Андыктан буга башка бир сырткы күчтөрдүн катышы бар экендиги көрүнүп турат.

Ал эми бийликти алуу үчүн өздөрүнүн тар кызыкчылыктары бар адамдар мына ошол көмүскө коңулдагы күчтөрдүн куралы болуп берүүгө даяр болушкан. Бирок алардын таасиринин жоктугу буга жол берген эмес. Мына ошол ички-тышкы күчтөр деген тергеме аты бар тараптар ким болгонун тергөөдө аныктап чыкса болот.


Кимдеп кыянатчылык кылды экен?

Былтыр апрель айынын ортолорунда Ошто жогорудагыдай чакырыкты ичине камтыган баракчалар таратылганы маалым. Бирок ага кимдер буйрутма бергени аныкталбай калган. Ал эми Кыргызстанды бөлүп-жарууну көздөгөн аталган телеграмма туурасында башка жергиликтүү бийлик башчылары да кабардар болушкан.

Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков буга бийлигин кандай жол менен болбосун кайра кайтарып алууну көздөгөн бакиевчил реваншисттердин шыкагы себеп болгон деген ойдо:

- Андай мазмундагы телеграмма түшкөнү чын. Бул маалымат учурунда УКМКга берилген. Бирок алар чынын айтыш керек - жыйынтык чыгара алышкан жок. Мунун артында кимдер турганы убакыт өткөн сайын билине баштайт. Мындан ары мына ошондой өтө коркунучтуу от менен ойногондорго дагы бир жолу жол берип койсок, анда чыныгы кызыкдар сырткы күчтөр бул жолу кырдаалдан пайдалануудан жаңылбашы мүмкүн. Ошондуктан бизге жалпы ынтымакты сактоо менен бирге, чагымды алдын-алуу үчүн өтө сергектик жана этияттык керек. Былтыркы күчтөр быйыл токтоп калып, карап отурушпай турганын ар бир жараныбыз түшүнүш керек.

Ош, 24-июнь, 2010-жыл
Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүүгө жасалган мындай аракеттерди учурунда Улуттук коопсуздук кызматы иликтөөгө алган. Бирок ушул күнгө чейин баракчалар жана жогорудагы мазмундагы телеграмма боюнча иликтөө иштери жыйынтык берген эмес. Муну коопсуздук органдары ошол учурдагы капсалаң абал менен байланыштырышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов аталган жагдайлар азыр деле иликтенип жатканына токтолду:

- Мына ошол апрель-июнь окуялары жана ага чейинки жагдайлар боюнча улуттук , депутаттык жана эл аралык комиссиялар иликтөө жүргүзүшүп, тыянактарын чыгарышпадыбы. Бул ошол учурдагы кырдаалдын туруксуздугунан улам жыйынтыктуу иштер жүрбөй калган болсо керек. Мен ал учурда бул кызматка келе элек болчум. Бирок азыр деле мына ошол иштерди кимдер уюмштуруп, кимдер аткарганы боюнча иликтөөлөр токтой элек.

Кимдин кулагы көрүнөт?

Өткөн жылкы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандын алсырап турган учурунан пайдалангысы келген тараптар ал учурда өздөрүнүн көптөн бери даярдап келе жаткан долбоорлорун ишке ашырууну көздөшкөн. Мындай ойлорун ортого салган айрым талдоочулар мында айрым чет элдик атайын кызматтардын колу болушу мүмкүн деп жоромолдошот.

Коопсуздук маселеси боюнча эксперт Орозбек Молдалиев Кыргызстанды бөлүп-жаруу Мелис Мырзакматовдон башка саясатчыларга да сунушталганын белгиледи:

- Ошол учурда бир эле М.Мырзакматов эмес, башка аттуу-баштуу адамдарга да айтылган сунуш. Мисалы, Жалал-Абад облусунун жетекчилигине жана ал жактагы таасирдүү деп эсептелген адамдарга учурунда ушундай сунуштар түшкөнү маалым.

Аларга эч жактан телеграмма келбей эле, кээ бир орто деңгээлдеги чет элдик расмий адамдар жана алардын жардамчылары түздөн-түз барып, “ушундай кылгыла” деп көрсөтмө бергенге чейин барышканы белгилүү. Бул эми көптөн бери келе жаткан Орусиянын сценарийи. Ага ылайык Кыргызстан экиге бөлүнүш керек болчу. Эң коркунучтуусу аталган долбоордун авторлору азыр деле ошол ниеттеринен кайтыша элек деген маалымат бар.


Ошол эле учурда бир катар эксперттер мындай түкшүмөлдөрдү четке кагышат. Алар кайсы бир чет элдик атайын кызматтардын Кыргызстанды бөлүп-жарууга кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген суроону кабыргасынан койушту. Мына ошондуктан бул багыттагы эксперттер бул ишке башка эле бир көмүскө күчтөрдүн катышы болушу мүмкүн деген жоромолго токтолушат.

Коопсуздук органдарынын генерал-майору Артур Медетбеков Кыргызстандын атайын кызматтарынын бул иштин бетин ачуудагы жөндөмсүздүгү саясий экстремизмге сугарылган жергиликтүү фанаттар менен мафиялык түзүлүштөрдүн чырагына май тамызды деп эсептейт:
Былтыркы күчтөр быйыл токтоп калып, карап отурушпай турганын ар бир жараныбыз түшүнүш керек.

- Бул маалымат боюнча ыкчам иш аракеттерди өз учурунда жүргүзгөндө балким ал иштердин артында кимдер турганы боюнча чындык чыгып калмак. Биздин күч түзүмдөрүбүздүн аракеттеринин начардыгынан улам мына ушуга окшогон экстремисттик аракеттерге, ар кандай чакырыктарга жол берген тараптарга учурунда чара көрүлбөй калып кетип жатат.

Бул жерде жөнөкөй эле бийлигин жоготуп алып, өч алгысы келген же бийликти өтө эңсеген саясатчылар кайсы бир караөзгөй көмүскө күчтөрдүн жетегине кирип алышып, ушундай иштерге барып жатканы байкалат. Мунун бардыгын учурунда ооздуктап койушса болот болчу.


Шайлоо улутту бөлөбү же бириктиреби?

Ошол эле учурда талдоочулар президенттик шайлоонун алдында бул маселени курчутуу аракеттери орун алышы мүмкүн деп болжолдошот. Анткени саясий күрөштө кандай гана жолдор болбосун колдонууга кызыкдар күчтөр өздөрүнүн атаандаштарын эсебин берүү үчүн "регионалдык картаны" ойношу мүмкүн экендигин өткөн парламенттик шайлоонун сабактары көрсөткөн.

Арслан Капай уулу мындай оюндар күчөп кетсе, аны курчутууга кызыкдар сырткы күчтөр дагы бир ирээт шыкакташ ыктымалдыгын жокко чыгарбайт:

- Алдыда дагы бир өтө чоң сыноо – бул президенттик шайлоодо кыргыз коомчулугуна мүнөздүү курч көйгөйлөр дагы бир жолу ачылышы мүмкүн.

Бул ошол эле көбүрөөк добуш алуу максатта түндүк-түштүк маселесин көтөрө чуркамай, адамдардын жердешчилик сезимине ойномой, утулуп калса, элди удургутуп бөлүп-жармай өнөкөттөр кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Эгерде ошондой оюндар курчуп кетсе, анда мындан пайдалангысы келген сырткы күчтөр аны болушунча күчөтүп, ырбатып, кырдаалды татаалдаштырууга аракет кылышы ыктымал.


2005-жылы март ыңкылабынан кийин Орусиянын "Биринчи каналы" “Времена” берүүсүнөн Кыргызстандагы кырдаалды талкуулоо учурунда кремлчил саясий эксперттердин Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстанга жана түндүгүн Казакстанга бөлүп салуу керек деген пикирин койо берген. Бул боюнча расмий Бишкек кийин деле эч кандай реакция жасаган эмес.

Анткен менен Кыргызстандын Баш мыйзамында "аймактык жана мамлекеттик бүтүндүгү кол тийгис" деп жазылган. Бирок Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, бөлүп-жарууга аракеттенген чакырыктар катталганы менен, бир дагы жолу андай көрүнүштөргө укуктук баа берилбей келет.
XS
SM
MD
LG