Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

07:51 26.2.2017

Урумканова: “Сентябрь” каналын өчүрүү аракети болду

Үзгүлтүккө учураган санариптик берүүдөгү экинчи мультиплекс төрт сааттан кийин кайра жанданды. Бул тууралуу “Сентябрь” каналынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн таңкы саат үчтөн баштап экинчи мультиплекске кирген 21 каналдын бардыгы эфирден чыкпай калды. Урумканова муну бийликтин “Сентябрь” каналын токтотуу аракети катары баалап жатат:

- Таңкы үчтө Өмүрбек Текебаевди кармоо операциясы башталгандан тарта “Сентябрь” каналынын сигналы дагы чыкпай калды. Бирок “Сентябрь” экинчи мультиплекске киргендиктен биздин канал менен чогуу 21 канал эфирден чыкпай калды. Санарипте “Сентябрды” жалгыз өчүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан башка каналдар дагы эфирден чыкпай калгандан кийин эртең мененки саат жетиден кийин бийлик айла жок кайра сигналды туташтырды деп ойлоп жатам.

Бул боюнча расмий органдардын жана тиешелүү тараптардын пикири белгилүү боло элек. 25-февралда Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш ишин козгогон. Аны Венадан ЕККУнун жыйынынан Бишкекке учуп келгенде өткөн түнү УКМК кармаган эле. Учурда ал Коопсуздук органынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камакка алынды.

07:57 26.2.2017

УКМК: Текебаев боюнча тергөө аракеттери жүрүүдө

Бүгүн «Манас» аэропортунда кармалган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев боюнча УКМК тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган органдын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, тергөө аракеттери жүрүп жаткан учурда Текебаев аталган органда кармалат.

Бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетти. Мындан соӊ УКМКнын имаратына алып келинген. Текебаевдин адвокаты саясатчынын 48 саатка камакка алынганын билдирген эле.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. "Ата Мекен" партиясынын депутаттары бул айыптарды "саясий куугунтук" деп мүнөздөшүүдө.

Текебаевдин тарапкерлери аэропортто кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

08:40 26.2.2017

08:44 26.2.2017

Карамушкина: топтолгон фактылар Текебаевдин күнөөсүн далилдейт

Камакка алынган «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча топтолгон фактылар анын күнөөсүн далилдейт. Бул тууралуу бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Азаттыкка» билдирди.

Анын оюнча, Текебаевдин бул коррупциялык иштерге катышы тууралуу маалыматтар буга чейин эле айтылып жүргөн. Акыркы күндөрдөгү көрсөтмөлөр аны тастыктап жатат.

Карамушкина Текебаев күнөөсүз экенин сотто далилдеши зарыл деген пикирин кошумчалады.

Бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кеткен жана ал 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG