Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

06:51 26.2.2017

Дүйшөнкул Чотонов кармалды

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду УКМК кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ата Мекен» партиясынын активисттери кабарлашты. Маалыматка караганда, Чотоновду саат 6.30дарда үйүнөн кармап кетишкен.

06:52 26.2.2017
Текебаевдин тарапкерлери УКМКнын алдына чогулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

06:58 26.2.2017

07:01 26.2.2017

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди:

- Текебаевди камоо тууралуу чечим менин катышуумсуз кабыл алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесине ылайык, камоо тууралуу протокол адвокаттын коштоосунда түзүлүшү керек болчу.

Жакупбекова кошумчалагандай, Өмүрбек Текебаев чарчаганын жана тийиштүү документтер керектигин айтып көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бүгүн саат ондо тергөөчүгө көрсөтмө берүү уланат.

Бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетти. Текебаевди кармоого каршы чыккан 11 адамды жана окуяны чагылдыруу үчүн барган 4 журналистти Сокулук милициясы кармаган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон. Текебаев өзүнө карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалаган. Окуядан улам, бүгүн Текебаевдин тарапкерлери акцияга чыгышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG