“Ата-Мекен” партиясы кезексиз жыйын өткөрөт
Бүгүн “Ата-Мекен” партиясы кезексиз жыйын өткөрүү үчүн партиялаштарын чукул чогултуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” партия мүчөсү Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтуусунда фракция лидеринин УКМК тарабынан кармалышы боюнча позицияны билдирүү жана элди митингге үндөө тууралуу маселелер күн тартибине коюлат.
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын Каныбек Иманалиев, Аида Салянова жана Наталья Никитенко баштаган депутаттары кийинки кадамдарын талкуулоо үчүн чукул жыйынга кетишти. Иманалиев оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге коюлуп жаткан айыптарды негизсиз деп атап, “бийлик корккону үчүн бул кадамга барганын” “Азаттыктын” кабарчысына айтты. Башкы прокуратура Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкеринен 1 миллион доллар пара алган деп айыптап, кылмыш ишин ачкан.