Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:55

Онлайн окуу: телефонго байланган окуучулар

Максат Осмоналиевдин фотобаянын сунуш кылабыз. Ал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну автордун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун көз карашын билдирбейт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери мектептер сабакты түрдүү интернет-платформалар аркылуу өткөрүп жатышат. Бирок ата-энелер тийиштүү техникалык каражаты жоктор үчүн бул ыкма кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда.

Балдардын онлайн окууга толук тартылбай жатканына айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү телефон менен телевизордун жетишсиздиги, кээ бир аймактарда Интернеттин жоктугу да себеп болууда.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейреги да көпчүлүк мектептерде 1-класстан башка класстар үчүн аралыктан башталган.

XS
SM
MD
LG