Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Шайлоо-2017: Кыргызстан - чөлкөмүбүздөгү демократиялык салттын баштоочусу


2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоонун эртеңине карата айрым камылга ойлор.

Алатоолуктар 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоо тууралуу бүйүр кызыткан талкууларга жандуу катышып же сырттан байкоо салышууда.

Дал ушул кымгуут учурда "тойдун эртеси да болот" дегендей ылакап кепти эске салуу менен, айрым ойлорумду ортого сала кетким келди.

АКШда Ал Гор жана Хиллари Клинтон президенттик шайлоодо утулуп калганын түшүнгөн алгачкы мүнөттөрүндө эле уткан талапкерди куттуктоого ашыгышкандыгы али эсте.

Демократиялык өлкөдө эркин, калыс, добуш бурмалоосуз шайлоодо утулуп калган талапкер өзүнүн жеңген атаандашын мүмкүн болушунча эртерээк куттуктоо үчүн ашыгат.

Америкалыктарда эле эмес, франсуз, немис, чех, түштүк корейлерде ж.б. улуттарда да ушундай көрүнүш байкалат. Улуу Британия, Канада, Шведия (Швеция) жана Жапонияда дагы парламенттик шайлоо өткөн соң ушундай куттуктоолорду учуратабыз. Бул - жакшы салт.

Ал эми демократиялык коомдо шайлоодо уткан талапкер иш-аракетин өзүнө атаандаш болуп күрөшкөн айымдар менен мырзаларга аламан байгеге чыгып бергендиги үчүн ак дилден ыраазычылык билдирүүдөн баштайт. Бул дагы - жакшы салт.

Дегиңкиси, бир гана аргымакты чуркатып койсок, анда бул аргымак - дүйнөдө жок буудан болсо деле, эч кандай аламан байге болбой калат эмеспи.

2011 жана 2017-жылдары Кыргызстандагы бийликтеги президенттер Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу бийликте калуу далалатын эч жасабастан, шайлоо жолу аркылуу жаңыдан келчү президенттерге кызматтык орунду бошотуп берип жатканы да Борбордук Азия үчүн жаңы салт.

Шайлоодо уткан талапкер утулуп кала турган бардык талапкерлердин мыкты идеяларын жана сунуштарын жалпы коомубуздун кызыкчылыгы үчүн өз долбооруна кошууга тийиш. Атаандаштыктын жакшы мөмөсү - дал ушул.

Эч бир атаандаш талапкер ута турган талапкерге шайлоо өнөктүгүндө атаандаш болгондугу үчүн гана болочокто жазыксыз жерден ар кандай куугунтукка кабылбашы керек. Ал түгүл, айрым тың президенттикке талапкерлерди кесипкөйлүк дареметине ылайык болочокку өкмөттүк башкаруу иштерине тартуу ылайык.

Мунун бардыгын орто мектептин окуучулары деле тарых сабагы, көркөм адабият, көркөм жана даректүү тасмалар, интернеттин коомдук тармактары жана ар кыл басылмалар аркылуу мыкты билишет. Тек гана оюмду угуза айтып алдым көрүнөт...

Атажуртубуздун биримдиги Манас кан, Барсбек каган бабаларыбыз эңсегендей түбөлүк болсун, улуттук мамлекетибиз гүлдөп-өссүн, ойлорубуз Кан-Теңирдей бийик болсун, өлкөбүздөгү демократиялык жүрүм 2010-жылдагы Апрел (Чын куран) баатырлары көксөгөндөй тездеп илгерилесин, дилибиз Ыйык Көлдөй таза болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG