1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. Учурда Кыргызстанда 630 миңден ашуун улгайган адам жашайт. Арасында 80-90 жашка чыкса да, эмгектенип келген байбичелер, карыялар бар. Алардын айрымдары "Азаттыктын" сүрөт баянында.
Эмгекчил карылар

1
1-октябрь Медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук хирургиялык борбордун директору Мамбет Мамакеевдин туулган күнү. Дарыгер 91 жашка чыгып, туулган күнүн жумушта тосту.

2
Мамбет Мамакеев шакирти Эрнис Алыбаев менен. Медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнис Алыбаев учурда 62 жашта.

3
Мамбет Мамакеев 60 жылдан ашык медицина тармагында эмгектенип, 30 миңден ашуун операция жасаган. Азыр да ал күчтөн тайбай турганын айтты.

4
Акын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев учурда 76 жашта. 45 жылдык өмүрүн балдарды окутууга арнаган.

5
Жети баланын апасы Асыл Багышева баатыр эне. 40 жылдан ашык мугалим болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда. Шабданбек Кулуевдин жубайы.

6
Бүт өмүрүн ырга, китепке арнаган акын Гүлсайра Момунова быйыл 80 жашта. Ыр жазуу үстүндө.

7
60 жыл бирге түтүн булаткан журналист, маданияттын мыкты кызматкери Шаймерден Керимбаев менен Шакен Ниязалиева.

8
Небере жытына тойбогон эне.

9
Үй кожойкеси Тажиниса Турдубаева ден соолугуна кам көрүп, сергек жашоого жакын. Эч бош отурбайт. Дайыма ыр жазып, мелдештерге катышып турат.

10
Ден соолугуна кам көргөн апалар.

11

12
Кыргыз-тажик чек арасында жашаган Гүлбүбү Исаева. Билгендер Гүлбүбү апаны чек арачы деп коюшат. Ал күйөөсү дүйнөдөн кайтса да, башкалардай үй-жайын сатып баш калаага көчүп келбей, чек арадагы жерин кайтарып жашайт.

13
Небересине жети атасын үйрөтүп жаткан апа.