Нааразылык билдирип чыккандардын бири Семиз-Бел айылындагы орто мектептин директорунун орун басары Атыркүл Осмонованын айтымында, 2016-жылы райондук билим берүү башкармалыгы бул айылдын мугалимдеринин айлыкка кошулуучу акчасын токтоткон.
Мугалимдер андан бери бир нече жолу билим берүү өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок маселе ушул күнгө чейин чечилбей келет.
- Мугалимдер арыз жазганы менен мектептин администрациясы "балдар күнөөлүү эмес, окуу жылы аяктагыча кетпей тургула" деп кармап жүрөт. Мугалимдер болсо алардын тилин алып кете албай жатат. Жылыш болуп оң жагына чечилип кетээр деген үмүт бар. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү келип кеткен. Ошондо "документтериңерди даярдап койдук, маселеңер чечиле турган болду" деп былтыр май айында убада беришти эле. Күтүп эле келатабыз. Биздин маселебиз ушунча убакытка созулуп кетти, өкмөт деле абалыбызды туура түшүнүшү керек, - деди Атыркүл Осмонова.
Осмонова мугалимдер 1-майга чейин күтөрүн, эгер коюлган талап аткарылбаса, башка мектептерге барып иштөөгө мажбур болушарын билдирди. Ошентсе да алар "бийлик үнүбүздү угуп калаар" деп үмүт кылышат.
- Биздин маселебизди өкмөт чечип бербесе, анда ким чечет? Башка жактан киши келбейт да, туурабы?
Айлыктын азайышынын айынан бул мектептен кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазгандар да бар. Алардын бири - Семиз-Бел айылынын тургуну, математика мугалими Темирбек Эсеналиев. Ал азыр өз айылынан 45 чакырым алыс, маянасына бийик тоолуу коэффициент кошулган Сары-Булак айылына барып-келип иштейт:
- Күнүгө 45 чакырым алыс айылга барып-келип иштеп жатам. Азыркы айлыгым жакшы. Жолдун алыстыгына деле көнүп калдым. Эки саат мурда чыгып жол тосом. Кышкысын жерге жарык кире электе жолго чыгам. Өзүбүздүн мектептеги 20 пайыз коэффициентибизди албаганда минтип кыйналбайт элем да. Семиз-Белдин мектебинде аялым да иштечү. Айлык кыскарганда экөөбүздүкү биригип он миң сомго чейин азайып кетти. Насыябызды төлөй албай, элге карыз боло баштаганда ойлонуп, алыс болсо да айлыгы жакшы төлөнгөн айылга мугалим болуп иштөөнү туура көрдүм. Бул эми айла жоктун аргасы да.
Тасмада: Түп районунун Долон кыштагында жашаган карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков.
Буга чейин айрым маалымат сайттары Семиз-Бел айылындагы орто мектепте иштеген 27 мугалимдин баары жумуштан кетүүгө арыз бергенин жазган.
Бирок Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Улан Өзүбеков эки гана мугалимден арыз түшкөнүн айтууда. Ал эгер мектептин жамааты толугу менен иш таштаса, алардын ордун алмаштыра турган кадрлар көп экенин билдирип, окуу процесси үзгүлтүккө учурабасын айтты:
- Биздин милдет - балдарды окутуу. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы керек. Экинчиден, Семиз-Бел айылы райондун борборуна жакын, жети чакырым. Такси менен он сомго жетсе болот. Эгер мугалимдердин баары кетүүгө арыз жазса, кадр маселеси жаралбайт. Райондун борборунда жумуш таппай жүргөн жаштар толтура. Бирок мен азыр мектептин директору менен сүйлөштүм. Мугалимдин баары арыз жазбаптыр. Эки гана мугалимден арыз түшкөн экен.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан айылда жашаган жана иштеген жарандардын айлыгына мамлекеттен акча кошулат. Бул акчаны Семиз-Бел айылдык мектебинин мугалимдери да алып келген. Бирок 1790 метр бийиктикте жайгашкан бул айылдын мугалимдеринин айлыгы "мындай кошумча акы аларга мыйзамсыз төлөнүп жатат, себеби тиешелүү критерийге 10 метр жетпейт" деген негизде 2016-жылдын ноябрында азайтылган.
Маселен, 14 миң сом алып жүргөндөрдүн айлыгы 7900 сомго түшкөн. 10 метр жетпесе да башка коңшу айылдардыкындай эле катаал шартта иштеп жатканын айткан отуздан ашуун мугалим өткөн жылы иш таштоого чейин барган.
Өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева бул мугалимдердин маселесин чечүү үчүн азыр да бир катар аракеттер болуп жатат деп ишендирди:
- Жергиликтүү бийлик ошол маселе чыккандан бери тиешелүү министрликтерге кайрылып эле келет. Мындай маселе Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан тышкары Арсы, Кара-Тоо айылдарында да бар. Биз ушул үч айылды карап бергиле деп кайрылганбыз. Социалдык өнүктүрүү министрлиги өзгөртүү үчүн токтом даярдалып жатат деген макулдашуу барагын жиберген. Бирок бюджеттин тартыштыгы менен бул маселе чечилбей турганын айтууда.
Билим берүү жана илим министрлиги бийик тоолуу жана алыскы айылдардын тизмеси өкмөттүн 1997-жылдагы токтомунун негизинде бекитилгенин, анда Семиз-Бел айылы жок экенин билдирүүдө. Мугалимдердин талабы эске алынып, тизмеге кошумча киргизүү жөнүндө сунуш тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөнү кабарланды.