Нарын районундагы Кара-Кужур айылы райондун борборунан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул айыл мурда кыштоо болгондуктан үйлөр бир жерде орун алган эмес. Айылга киргенде тоонун боорундагы 5-6 үйдү байкоого болот. Алыстан келген адамдар чар жайыт салынган тамдарды көрүп айыл деп деле ойлобойт. Жалпысынан Кара-Кужур айылында 50дөн ашык үйдө 400гө чукул киши жашайт. Айылда 300 шайлоочу бар. Мурдагы шайлоодо айылга атайын жеңил машине келип, ошол жерден добуш бере алышкан. Эми алар добуш берүү үчүн 120 чакырым алыста жайгашкан шайлоо участкасына барып, урна ташыган машине келсин деп арыз жазыш керек. Айрымдар добуш берүүнү жарандык милдети деп эсептесе, көпчүлүгү жолдун алыстыгынан шайлоого катышпай калышы ыктымал.