Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24
Журтташтар
Мургаб ыргактары: Жарык берчи, Рахмон аке!
27-Март, 2013
Жайы аптап, кышы кайыктырган суук сары-колдук памир кыргыздарына Кыргызстандагы бийлик да, жарандык коом да далысын салып келет. Мургабда чет өлкөлүк гуманитардык уюмдар көп жылдардан бери иштеп келатышат. Жаңыл Жусупжандын сүрөт баяны.
1
Сүрөттө: Франциялык АКТЕД гумжардам уюмунун башкы штабы жайгашкан Мургаб үйүнүн босогосу. Мургаб үйү кыргыздар менен памири элдеринин салттарын көңүлгө алуу менен салынган: сырты боз үйгө окшош, дубалдары оймолонгон жыгач менен кооздолуп, түркүктөр орнотулган.
2
Сүрөттө: Франциялык АКТЕД уюумунун Мургабдагы координатору Сүйүнтбек Тажидинов (оңдо) "Вулкан" мешин көрсөтүп жатат. Аз отун жагылып, табы көпкө сакталган бул меш арзан болгондо, отун-суу тартыш аймакта элдин ажаатын ачмак.
3
Сүрөттө: Мургабдын тургуну саман кирпичтен үй салып жатат, солдо үлгүлүү Мургаб үйү. Мургаб үйүндөгү АКТЕД уюму жаңы технология менен жасалган жылуу терезе алып келет, бирок ага жергиликтүү элдин көпчүлүгүнүн чөнтөгү түтпөйт.
4
Сүрөттө: Мургабдагы борбордук мечиттин көрүнүшү. Мургабда жаңы түшкөн имараттар саналуу гана бар: "Манас" атындагы орто мектеп, Мургаб үйү жана Кытайга бараткан жол боюндагы ушул чоң мечит.
5
Сүрөттө: Мургабдын борбордук көчөсүндө советтик системанын негиздөөчүсү Лениндин эстелиги, артындагы имаратта президент Эмомали Рахмондун сүрөтү. Мургаб советтик доордо Кытай менен чек арадагы көзөмөл турагы катары салынып, чоң жол аркылуу Ош, Хорог, Дүйшөмбү менен бириктирилген.
6
Сүрөттө: Мургабдык келин топоз саап жатат. Аймакта жылкы, төөнүн тукуму көчмөндөрдү күчкө салып отурукташтыруунун мезгилинде тукум курут болгон. Азыр тоого чыдамдуу деп топоз багылат. Топоздун эти катуурак келип, көптө бышат. Жайлоодо ошондой эле кой, айыл-кыштактарда эчки кармашат.
7
Сүрөттө: Советтик доордо курулган битум заводунун азыркы көрүнүшү. СССР кыйрагандан кийин бул ишкана токтоп калган. Аймакта башка өндүрүш жок.
8
Сүрөттө: Кытайдан келаткан жүк ташыган машина жарык кылган түнкү Мургаб. Бул жерде электр жарыгы үзүл-кезил берилет, анын да күчү өтө начар болгондуктан, түнкүсүн шаар караңгылыктын чүмбөтүнө чулганат.
9
Сүрөттө: Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Мургабда курула турган ГЭСтин келечек дубалына салттуу капсул салып жатат. Мамлекет башчы келип кеткенден бери 2-3 жыл өтсө да, көздөн учкан ГЭСтин курулушу ошол бойдон баштала элек.
10
Сүрөттө: Токтомуш айлында кудуктан суу алып жаткан кыз. Мургабда район боюнча болгону алты-жети айыл болсо, көбүндө суу жок. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен кудуктар салынууда. Кыргызстандык гумжардам уюмдары биринчи кезекте элди суу менен камсыз кылууда инженердик жардам көрсөтө алмак.
11
Сүрөттө: Мургабда кечке маал көчөдө ойногон балдар. Райондо элдин көбү жумушсуз, тартип коргоочу жана башка айлык алып иштеген мамлекеттик кызматтагылардын арасында кыргыздар жокко эсе. "Сары-Кол" базарындагы бирин-экин тамактануу жайын эске албаганда, 7000 киши жашаган шаарда бир да ресторан, кафе-бар жок. Мургаб районундагы 14 мектептин жарымы ушул шаарда, бирок кинотеатр, театр, ийримдер, эс алуучу маданий жайлар жок.
12
Сүрөттө: Чаңдуу бороондо мургабдык аял төшөк күбүп жатат. Мургабдын жери какырап чөл, анда-мында өскөн терскенди үй жылытып, тамак бышырганга казып кетишет. Анын кесепетинен жер кыртышы бошоп, бул сыяктуу чаңдуу бороон кадыресе көрүнүшкө айланган. Экологдордун айтымында, бороондо учкан чаң мөңгүнү каптап, анын тез эришине алып келүүдө.
13
Сүрөттө: Мургаб шаарынын түштүгүндөгү тоонун боорунда Ага Ханга арналып, "Кош келипсиз, улуу урматтуу имам" деп таш менен англисче жазылып турат. Памирде отурукташкан памири элинин көбү шийит исмаилиттер. Исмаилиттердин таянган тоосу, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири саналган Ага Хандын кору Тоолуу-Бадахшанга, анын ичинде Мургабга гуманитардык жардам көрсөткөн саналуу уюмдардын бири.
14
Сүрөттө: Мургабдык аксакал небереси, чет элдик саякатчы менен. Мургабга негизинен Кыргызстанга жана Кытай, Пакистан, Индияга каттаган чет элдик туристтер келет. Аларга жергиликтүү тургундар арзан жатак үйлөрүн жана сауна сунуш этишет. Башка туристтик инфраструктура жокко эсе: мейманкана, ресторан, кафе куруу аракеттери акыбети кайтпагандыктан токтоп калган.
15
Сүрөттө: Мургаб үйүндөгү компьютердик кабинет. Мургабда тажик армиясынын жана Кытайдын инфраструктурасы турганы менен, интернет байланышы жокко эсе, болсо дагы өтө жай. Интернет байланышы жакшырса, Маданий, агартуучулук, социалдык сайттары аркылуу Мургаб менен Кыргызстандын алакасы өркүндөмөк.
16
Сүрөттө: Мургабдыктар Кыргызстандан келген экспедициянын катышуучулары менен, 2003-жыл. Советтик доордо Мургабга Кыргызстандан мугалимдер, жазуучулар ат тезегин кургатпай каттап турган. Пост-советтик доордо мындай программалар токтоп, ортодо байланыштар дээрлик үзүлүп калды.
17
Сүрөттө: Мургабга конгон биринчи учак. Алгачкы учак 1987-жылы Оштон Дүйшөмбү калаасына баратып конгон. Бүгүн Мургабга жеке менчик унаалар гана каттайт. Жол, көпүрөнүн көбүн суу алып кетип, оңдолбой жаткандыктан жана жолдун алыстыгынан баш калаа Дүйшөмбүгө автобус каттамы жок. Мургаб үчүн "өмүр жолу" бул Ошко баруучу 420 чакырым келген жол болуп саналат.
Мургаб ыргактары: Жарык берчи, Рахмон аке!
Сунуш кылынган арга.
Пакистанда согушкерлер Ооганстан менен чек ара аймагында ондон ашуун аскерди өлтүрүп кетишти
XS
SM
MD
LG