Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Мигрант кыз-келиндерди шыктандырган Каныкей


 Каныкей
Каныкей

Кыргызстандык Каныкей Батырова Москвада мода үйүнүн негиздөөчүсү. Ал Орусиядагы мигрант кыз-келиндерге тикмечилик өнөрүн үйрөтүүнү чечкен. ​

Каныкей Батырова алты жыл мурун Москвага өз алдынча иш ачууга акча топтоо үчүн келген.

Андан бери ар кыл тармакта жеке ишкердик менен алектенген мекендеш эми мода үйүн ачып, кыз-келиндерди тикмечиликкке үйрөтүүгө бел байлоодо:

- Кесибим боюнча бухгалтермин, Кыргызстандагы Улуттук университетти аяктагам. Тикмечилик менен бош убактымда алектенип жүрүп үйрөнүп алдым. Кичинемде эле өзүмө каалаганымдай кийим тигип алууну жакшы көрчү элем. Кийин Бишкекте жана Москвада бир топ кийим тигүү курстарында окудум. Дүкөндөн дайыма эле өзүңө жаккан нерсени таба албайсың да. Бирок эч качан тикмечилик менен акча табууну ойлогон эмесмин, болгону бош убактымда кийим тигип шыктануу алчумун. Акыркы убакта өзүм тиккен көйнөк менен бир жакка барсам, кийимдериме кызыккан кыз-келиндер көбөйгөнүн байкадым. Андыктан, эмне үчүн өзүмдүн мода үйүмдү ачууга болбосун деген ой келди.

Каныкей Батырова.
Каныкей Батырова.

​«Каныкей Батырова» мода үйүндөгү кийимдер кең этектүү, узун жеңдүү, кыймылды кыстабаган кенен көйнөктөрдү сүйүүчүлөргө арналган. Кийимдер ачык түсү, көчөгө жана ишке кийүүгө ылайыкталган стилде тигилген:

- Мен кыз-келиндерибизди ачык түстүү жана стилдүү, ошол эле маалда ыймандуу кийинтүүнү каалайм. Ошондой эле биздин көп кыздарыбыз оор кара жумуштарда иштешет. Эгерде тикмечиликти үйрөнүп алышса, каражат табуунун жолун өздөштүрүп, үйдө отуруп деле бир иш менен алек болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кийим-кече сатып алса деле, аны өздөрүнө ылайыктап оңдоп алышат. Мода үйүн дагы ушул идеялар менен ачтым. Бул жерде тикмечилик курстары болот. Иштеген кыз-келиндерге ылайыкталып сабактар эртең менен, түштө жана кечке маал өтүлөт. Устат катары тажрыйбалуу тикмечилерди, модельерлерди чакырып жатабыз. Андан тышкары биздин мода үйүндө кыз-келиндер өздөрүнө жарашкан кийим тиктирип, даяр кийимдерди сатып алса болот.

Тажрыйба алмашуу
Тажрыйба алмашуу

Москванын жашоо шартына көнүп, жеке ишкердиктин ыгын таап калган Каныкей бир эле убакта бир нече ишти жоопкерчиликтүү алып кетүүдөн качпайт. «Бардык ийгиликтин ачкычы ак эмгек» дейт ал:

- Лейлекте мектепте окуп жүргөндө эле жеке ишкердикке кызыкчумун, атайын китептерди окуп, өзүмдүн билимимди бул жаатта өнүктүрүүгө ашыкчумун. Москвага дагы ушул кыялым менен келгем. Кыргызстанда бир иш ачууга керектүү акча топтоп, кайра кайтам дечү элем. Албетте, башында Москвада жалданып иштедим. Бирок эч качан менде «айлык алып бирөөнүн ишин жасап жатам, бул меники эмес, боло берет» деген ойлор болгон эмес. Кайсы жерде иштесем да ак дилим менен ак эмгек өтөдүм. Акырындык менен менин ишке мамилемди, адамдык сапаттарымды көрүп, чогуу иш ачууну сунуштагандар болду. Ошону менен акырындап тамак-аш, соода жана жүк ташуу тармагында жеке иштерди ачтым. Азыр Орусияда мекендештерибиз үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Бир гана кыз-келиндерге эмес, бардыгына айтаарым, коркпош керек. Бир жерден жаңылсаң, бир жерден утасың. Өзү кызыккан, өзү жакшы билген тармакты алып, өз алдынчылыкка өтүүгө аракеттенүү керек. Анан бир-эки кыйынчылыктан кийин эле таштап салбастан, өжөрлүк менен жакшы жыйынтыкка жетишүү керек. Мындай эмгектин үзүрү сөзсүз болот!

Москвада талыкпаган ак эмгеги, аракетчилдиги жана уз-чеберчилиги менен ийгиликтерди жараткан Каныкей Батырова кыргызстандык кыз-келиндерди дагы жеке ишкердикке, өз алдынча жумуш жасоого шыктандырып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG