Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Москвадагы киши өлтүрүү: кылмыштуу топтордун карааны


Искендер Жолборсов жана Муратбек Маматалиев.
Искендер Жолборсов жана Муратбек Маматалиев.

Москвада сөөгү табылган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Бул факты боюнча Москва облусунун тергөө комитети кылмыш ишин козгогону кабарланды.

Айзада Молдокулова - маркумдардын бири Муратбек Мамбеталиевдин балдызы. Анын айтымында, жездеси Бишкекте батирлерди оңдоп-түзөө менен алек болчу. Москвага баласына операцияга акча топтош үчүн иштегени кеткен.

- Жездем бир ай мурда иштегени кеткен. Үч баласы бар, экөө эркек, кызы 9 айлык. Эжем болсо иштебейт. Экинчи баласы Амандын тубаса оорусу бар болчу. Кыргызстанда ага операция жасашкан. Эки жыл мурда ага Германияда операция жасалган. Февралда дагы бир жолу Германияда операция жасалмак. Ошого каражат топтогону Орусияга кетиптир. Эжеме акыркы жолу 29-декабрда чалган экен. Анда айлык алып, акчаны Жаңы жылга карата 30-декабрда салаарын кабарлаган экен.

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москвада өз алдынча жарандык никеде жашап алып, бирок, үй-бүлөдө чыккан турмуштук келишпестиктерден улам ойго келбес жоруктарга баргандар кездешет.

Москванын Жуковский аймагынан канга боёлгон эки адамдын өлүгү табылганы тууралуу маалымат сүрөттөрү менен кошо 8-январда тараган. Алардын бири - Айзаданын жездеси, Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну Муратбек Маматалиев, экинчиси - аны менен Москвада чогуу жашаган Искендер Жолборсов болуп чыкты. Маркумдардын туугандары аларды 29-декабрдан бери издеп, Орусиядагы мекендештердин “Боордоштор” кайрымдуулук тобуна кайрылганын топтун негиздөөчүсү Жылдыз Осмонова айтты.

28-декабрда Искендер Муратбек Маматалиевден кайсы бир балдар менен жолугушууга шерик болуп барууну өтүнгөн. Алар Люблино метросундагы "Алмаз" деген кафеге барып, түнкү саат үчкө чейин отурушкан. Андан кийин белгисиз жигиттер келип, экөөнү тең күч менен машинеге салып кеткен.

“Боордоштор” кайрымдуулук тобу маркумдардын бири Муратбек Маматалиевдин сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жана анын операция боло турган жети жаштагы уулуна жардам иретинде акча топтоп жатат. Ушул тапта 160 миң сом чогулган.

Ал ортодо айрым маалымат каражаттары маркум Искендер Жолборсовдун “Сакал” аттуу каймана аты бар Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунда мүчө болгонун жазып чыгышты. Ички иштер министрлиги маалыматты тастыктап, Орусиянын Москва шаарында киши колдуу болуп өлгөндөрдүн бири, 37 жаштагы Искендер Жолборсов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2015-жылдан берип каттоодо турганын кабарлады. Өлтүрүлгөндөрдүн экинчиси, 37 жаштагы Муратбек Маматалиев уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок.

КМШ мамлекеттеринин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү координациялоо бюросунун жетекчи орун басары Аскат Алиев окуя боюнча кыскача эле маалымат берди.

Аскат Алиев.
Аскат Алиев.

- "Москвадагы уюшкан кылмыштуу топтордун тирешинен кылмыш келип чыккан" деген версия бар. Окуя боюнча Москва облустук тергөө комитети "Киши өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү болгон Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөлөрүнөн тышкары Улан Токтосунов (лакап аты "Сакал") жана Эрнис Мурзахметов (лакап аты "Чач") аттуу жарандардын кылмыштуу топтору жөнүндө айтылып жүрөт.

Байкоочулар Орусияга иштегени баргандардын арасында кылмыштуу топторго аралашкан кыргызстандык жарандар кыйла көп экенин айтып келатышат.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда абакта отурган кыргызстандык жарандар 2000ге жакындаган. Антсе да Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов бул көрсөткүч туруктуу эмес экенин эске салды.

Бири бошонуп Кыргызстанга кетсе, бири соттолуп, абакка камалат дегендей, бул туруктуу көрсөткүч эмес.

- Орусияда сот өкүмү боюнча жаза тартып жаткандар эки миңдин тегерегинде. Бири бошонуп Кыргызстанга кетсе, бири соттолуп, абакка камалат дегендей, бул туруктуу көрсөткүч эмес. Уурулук, тоноо, мыйзамсыз документ жасоо, чек арадан мыйзамсыз өтүү, зордуктоо жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча катталгандар көп.

Буга карабай Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөгөнүн билдирүүдө.

Расмий түрдө Орусияда 550 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG