Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Дүнүйө тыйындан куралат


Иллюстрация
Иллюстрация

Жыл сайын 27-марттан тарта 2-апрелге чейин бир апта бою глобалдык акча жумалыгы белгиленет. Буга байланыштуу “Азаттыктын” кабарчылары кыргыз коомчулугу акчаны кантип таап жана аны кандай максаттарга жумшап жатканын иликтеп көрүштү.

Баткенде негизги киреше же накталай каражат тапкандардын дээрлиги миграцияда жүргөндөр десек болот. Соңку кезде Баткенде келечек үчүн капитал салгандар көбөйдү. Ош, Бишкектен батир сатып алып, кыймылсыз мүлккө жумшагандар арбын. Баткенден кабарчыбыз Жеӊиш Айдаровдун репортажы.

Колдогу акчаны коротпой сактоо же тескерисинче аны көбөйтүү үчүн тапканына мал алып, пайда табуу аракети айыл жеринде жаңылык деле эмес. Убакыттын өтүшү менен бул ыкманын оңой жолун тандагандар да көбөйүүдө. Маселен, жазда акча берип койгондор, келерки күздө убарасыз эле малга ээ болуп калат. Теманы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат:

Кыргыз коомчулугу “дарты ашынып кеткенде ооруканага баруу” түшүнүгү жоюла баштаганын дарыгерлер да, жарандар өздөрү да айтууда. Караколдогу кабарчыбыз Асеин Маданбеков жай тургундар саламаттыгын сактоого канча каражат короторуна кызыгып көрдү.

Бул ишкер азыр төрт адамды иш менен камсыз кылган чакан бизнестин ээси. Убагында бул ишканасын мүлкүн сатып, карызга батканына карабай ачкан. Эми ал ишканасын кеңейтүүнү көздөп турат. Бирок ага ири суммада акча керек. Оштон кабарчыбыз Ыдырыс Исаков чакан ишкананы нөлдөн баштап бутуна тургузуп келаткан жаш ишкер менен маектешкен.

Айлыктан айлыкка жашап, бирок каражатты баарына жеткиргендер айрыкча, мамлекеттик кызматты аркалагандар арасында арбын. Мугалимдин жупуну айлыгы менен канааттандырарлык жашап жаткан үй-бүлөнүн бүйрөлүгүнө Таластагы кабарчыбыз Альбина Сулайманова күбө болуп кайтты.

Эми апта темасын адистин пикири менен улантсак. “Бизнес даават” деген аталыштагы акча колдонуу жана бизнес баштоо сабактарын өтүп жүргөн экономист Азамат Аттокуровго кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов суроо узатты.

Урматтуу угарман акчаны кайда, кантип сарптайсыз? “Азаттыктын” кабарчылары дал ушул суроону Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырып, шаардыктарга жана конокторго да берип көрдү.

Акчаны эмнеге сарптайсыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG