Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Хабиб-Конор: шоу башталды


Эки мушкердин 21-сентябрдагы маалымат жыйыны.
Эки мушкердин 21-сентябрдагы маалымат жыйыны.

Ооба, достор 6-октябрга чейин саналуу күндөр калды. Эрежесиз мушташка кызыкпагандар да мындан ары бул спортко тартыла беришет. Себеби эки мыкты мушкер 6-октябрга чейин ар кандай шоу уюштуруп жүрө бермекчи. Ал эми шоу кимге гана жакпасын, туурабы?

Бул да болсо күйөрмандарды тартуунун, мушташты кызытуунун бирден бир ыкмасы. Ошондуктан 60 жаштагы апаңар, эзели мушташты көрбөгөн курбуңар да Конор менен Хабиб жөнүндө кеп кылса таң калбагыла. Анткени шоу өз ишин кылууда.

Хабиб Нурмагамедовду баарыбыз жакшы тааныйбыз. Быйыл январда Бишкекке келгенде, дагестандык мушкер менен жолугуу үчүн баргандар шаар четиндеги соода борборуна батпай калбады беле.

Эстедиңерби? Дал ошол Хабиб эми жашоодогу чоң мушташынын бирин өткөргөнү турат.

Хабиб Нурмагамедов (Бишкек, 23-январь).
Хабиб Нурмагамедов (Бишкек, 23-январь).

Бирок Хабибдин күйөрмандары Кыргызстанда көп экен деп ойлобогула. Эгерде Конор Макгрегор да Бишкекке келсе, Хабибдей эле күйөрман топтомок деп ишеничтүү айта алам. Анткени Конор мыкты шоумен. Ал жүргөн жерге жөн гана күйөрмандар эмес, Европадагы ак сөөктөр да кызыгуу менен байкоо салат. Ошондуктан Кыргызстанда Конордун күйөрмандары жок дегенге болбойт.

Кимиси мыкты?

Эки мушкердин кимиси мыкты экенин 6-октябрда октагон аныктап бермекчи. Ошентсе да бир сыйра экөөнүн тең артыкчылыктарына токтолуп өтөлү.

Дагестандык спортчулар дегенде эле кулактары бырышкан, күрөш балбандары эске түшөт эмеспи. Туура. Хабиб да кудум ошолордун эле бири.

Бийик тоо коюнунда чоңойгондуктан Хабибдин каймана аты “бүркүт”. Анын мушташтагы ыкмасы да бүркүттүкүнө окшош. Кармаган атаандашына чап жабышып, кое бербестен көтөрүп чабат. Анан учтуу тырмагы менен мыкчып алгандай эле атаандашы эси ооп, багынмайынча такыр кое бербейт.

Мына ушундай күрөш стилиндеги мушташы менен Хабиб бир да жолу жеңилген жок. Ал 26 жолу ар кандай атаандаш менен мушташып, баарынын таш-талканын чыгарып келе жатат.​

Флойд Мейвезер кичүүсү менен Конор Макгрегор.
Флойд Мейвезер кичүүсү менен Конор Макгрегор.

Конор Макгрегор болсо Дублиндин жөнөкөй көчөлөрүндө чоңойгон тентек бала.

Бала чагында куу турмуштун айынан түндө өтчү эрежесиз мушташтарга чыга калып, бир-эки атаандашын томолото чаап жүрүп такшалган.

Конор азыр дүйнөлүк деңгээлдеги мушкер. Анын сүйлөгөн сөзү, жаргондору түшүнбөгөндөр үчүн жийиркеничтүү угулса, түшүнгөндөргө - терең маанини камтып турганы айтылып келет. Ошондуктан Конордун сөзүн угуш үчүн эле канчалаган адамдар аны менен жолугушууга убактысын аяшпайт.

Ирландиялык мушкердин стили Хабибдикине такыр окшобойт. Ал күрөштү билбейт, мушташканды жакшы көрөт. Сол колу барскандай оор. Анын соккусун жеген мушкер эсине келбей жыгылат. Ошондуктан бул эрөөлдү бир эле таамай тийген муштум жыйынтыктап коюшу мүмкүн.

Мушташ кандай болот?

Эки спортчу бири-бири менен мушташка жаздан бери эле даярданып келет. Албетте, Хабиб Конордун соккуларына туруштук бергенге көбүрөөк даярданса, Макгрегор күрөштү өздөштүрүүгө аргасыз болду.

Ошентсе да букмекерлер бул кармашты Дагестандын мушкери утат деп божомолдоп жатышат. Бирок ошол эле тотализаторго ишенсек, 1-2-раундду Конор утарын айтып койду.

Кыскасы, Конор алгачкы мүнөттө эле таамай муштоо менен нокаутту көздөйт. Хабиб ал соккуга туруштук берип же буйтап өтүп ирландиялыкты кармап алса, Конор упай жоготот дешет спорт ышкыбоздору. Себеби, азыркы учурда дүйнөдө Хабиб менен теңтайлашкан мушкер чыга элек.

Азырынча ирландиялык алдыда

Эмесе, 6-октябрга чейин эки мушкер маалымат жыйын өткөрүп, шоу уюштура беришмекчи.

Маселен, 21-сентябрдагы эки мушкердин тиктешүүсү эле социалдык түйүндү Конор – Хабиб кылып эки жаатка бөлүп койду.

Ал эми маалымат жыйында Конор кызыл тилге салып дагестандык спортчунун айласын кетирди. Ошол маалымат жыйында ал Хабибди баш кылып, анын атасы Абдулманапты төш кылып, андан ары чечен лидери Рамзан Кадыровго, орус президенти Владимир Путинге чейин асылды.

Айтор, эки мушкер чечен айтыш боюнча жарышканда Конор алдына киши салдырмак эмес.

Бирок азырынча Конор алдыга кеткенин Хабиб жакшы түшүнүп турат, ал ичи күйүп турганы менен сыртынан шек алдырган жок. “Бүркүт” өзүнүн мыктылыгын сөз менен эмес, иш менен далилдегиси келгендей. Мына ушунусу менен эки мыктынын мушташы дүйнөнү кызыктырып турат.

6-октябрда Лас-Вегас кайрадан көңүл чордондо болуп, эки башка стиль, маданият, дин, мүнөздүн кармашы күтүлүүдө. Ал эми сиз экөөнүн кимиси мыкты деп ойлойсуз?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG