Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Тынч митингдер: укук жана тосмо


19-апрелге баш калаада белгиленген Дача СУ жана бир катар жаңы конуш тургундарынын митинги өтпөй калды. Күч органдары митингди утурлай активдүү лидерлерди үймө-үй кыдырып, коркутуп жатканын уюштуруучулар айтып чыгышты.

Маселе парламентте да козголуп, оппозициялык депутаттар бийлик жарандардын эркин митингге чыгуу укугун чектеп жатканын сындашты. Ошол эле маалда коомчулук митингдерден тажап, шаар тургундары нааразылык акцияларын каалабай калганын айткандар да болууда.

18-апрелде Дача СУ айылында күч органдарынын өкүлдөрү жай тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кээ бир адамдарды автоунаага салып кетип жаткан видео интернет айдыңын аралап кетти.

Жергиликтүү тургун Мирлан Садыров милиция кызматкерлери митингдерге катышкан активисттерди издеп, айылдан төрт адамды кармап кетип, кийинчерээк экөөнү бошотконун “Азаттыкка” айтты:

- Биз айылдыктардан 11 киши турган комиссия түзүп, бийликтен Дача СУга жашаса болобу же болбойбу деген суроого эле жооп алалы деп жүрөбүз. “Жашаса болот” десе, анда айыл статусун берсин, “болбойт” десе айылдыктарды башка жерге көчүрсүн дегенден башка талабыбыз жок. Бирок биздин талапка жооп болбой, тескерисинче милициядан келип, коркутуулар жүрүп жатат. 18-апрелде да милиция келип, төрт адамды кармап кеткен. Кийин экөөнү бошотуп, экөө камакта отурат.

"Талапка коркутуу менен жооп берилүүдө"

Каргашалуу учак кырсыгынан жапа чеккен Дача СУ айылынын тургундарын тынч акцияларга чыгып, өз көйгөйлөрүн бийликке билдирүүсүнө көмөктөшүп жүргөн “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү "милиция айылдыктарды митингге чыгарбоо үчүн жергиликтүү тургундарга басым жасап жатат" дешет. 19-апрелге белгиленген митингге Дача СУдан башка, Түндүк дача жана Учкун 2 конушунун тургундары да кошулмак.

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

Дача айылынын келечеги бүдөмүк

16-январда түрк учагы кулаган Дача СУ айылында калдыктарды чогултуу, тазалоо иштери дагы деле жүрүп жатат. Окуядан соң айыл калкы психологиялык жактан жабыр тарткандыктан, дарыгерлер жеринде үймө-үй жардам көрсөтүп жүрүшөт.

Бул маселе парламентте да козголуп, депутат Аида Салянова милициянын иш-аракетин сынга алды:

- Үч айдан бери Дача СУ айылынын тургундарына жер, компенсация жана элден чогулган акча бөлүштүрүлүп бериле элек. Эл нааразылыкка чыкса, бүгүн чекесинен камап жатат. Биз бул маселени эки жума мурда фракцияда карап, чечимди жетекчиликке жөнөткөнбүз. Ушул маалга чейин маселе карала элек. Урматтуу депутаттар, маселени чатакка жеткирбей эртерээк карайлы.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов камоолордун митингге тиешеси жок деп жооп берди.

- Дача СУ боюнча алардын жашоочуларын кармаган жерибиз жок. Биз тургундарды алдаган эки адамды кармадык. Алар жергиликтүү тургундардын жер, суу, электр энергиясы өңдүү социалдык маселелерин чечип берем деп алдаган. Кармалган эки адамга “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, учурда алар абакта жатат жана тергөө амалдары жүрүүдө.

Деңгээли түшкөн митингдер

Баш калаада байма-бай өтчү ар кандай митингдерге тыюу салынып жатканын колдогондор да жок эмес. Саясий эксперт Бакыт Бакетаев коомдо митинг өткөрүү маданияты жоголгонун жана нааразылык акцияларында чогулгандар милицияга кол көтөрө баштаганын кооптонуу менен белгиледи:

- Акыркы митингдерди карасаңар, оппозицияда жүрөбүз, көйгөйдү көтөрүп жатабыз дегендердин сүйлөгөн сөзүнө элдин кыжыры келип жатат. Митингде эч кандай чындык айтылбай калды. Эмне деген пас сөздөр сүйлөнүп жатат. Ал жакта дааратканадагы сөздөр жазыла баштады, анан ошондойлорду ким ээрчийт? Ошол эле митингдерде милицияны айтпаган сөз менен шылдыңдашып, керек болсо кол көтөргөнгө чейин барып жатышпайбы.

Баш мыйзамдын 34-беренесине ылайык Кыргызстанда жарандар тынч чогулуш өткөрүүгө, ээн-эркин чогулууга укуктуу. Бирөөнү жыйынга мажбурлоого жол берилбейт.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков соңку кезде бийлик жарандардын фундаменталдык укуктарын бөгөп, соттор аркылуу митингдерге тыюу салып, коркутуп жатат деди:

- Менин үйүмдү күндүр-түндүр эки машина аңдып турат. Буга чейин Дача СУнун тургундарына жолукканы барганда автоунаанын эки дөңгөлөгүн тешип кетишкен. Митингге чыкчуларды телефон аркылуу коркутуп жатышат. Бул маалыматтар коомчулукка чыкпай калууда. Себеби, бардыгын органдар көзөмөлгө алып калды.

18-мартта Бишкекте сөз эркиндигин коргогон марштын катышуучуларына Свердлов райондук соту жөө жүрүштү жол жээгинде гана өткөрүүгө уруксат берген. Жол эрежесин бузганы үчүн анда беш активист беш күнгө камалган.

24-мартта элдик революция күнүн эскерүү иш-чараларын борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат берилген эмес. 29-мартта активисттердин КТРК алдына митинг өткөрүүсүн Ленин райондук соту токтоткон.

Укук коргоочулар соңку кезде демократия боюнча Кыргызстандын эл аралык көрсөткүчү начарлап кеткенин белгилеп, жарандардын конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып, коңгуроо кагышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG